Сен акырына чейин чыдай аласың
«Чыдамкайлык менен алдыбызда дайындалган жарышты өткөрөлү» (ЕВРЕЙЛЕР 12:1).
1, 2. Чыдоо деген эмнени билдирет?
«СИЛЕРГЕ чыдамкайлык керек»,— деп жазган расул Павел Ыйсанын I кылымдагы еврей жолдоочуларына (Еврейлер 10:36). Бул сапаттын маанилүүлүгүн баса белгилеп, расул Пётр да Ыйсанын жолдоочуларын: «Ишенимиңерде... чыдамкайлыкты... көрсөткүлө»,— деп үндөгөн (2 Пётр 1:5, 6, «Инжил»). Бирок чыдамкайлык деген сөздүн так мааниси кандай?
2 Бир грекче-англисче сөздүктө «чыдоо» деп которулган грек тилиндеги этишке «качкандын ордуна өз жайында калуу... туруктуу болуу, туруштук берүү» деген аныктама берилген. Ал эми «чыдамкайлык» деп которулган грек тилиндеги зат атоочко карата бир маалымдамада мындай деп айтылат: «Чыдамкайлык — бул баарын көтөрө билгендик, моюн сунуу менен эле эмес, жалындуу үмүт менен... Чыдамкайлык шамалга каршы турган адамды бутунда кармап турган сапат. Ал өтө оор сыноодон даңкка жеткире алчу жакшы нерсе, анткени ал оордуктун артындагы максатты көрүп турат». Тагын айтканда, чыдамкайлык тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга карабастан, үмүт үзбөөгө жардам берет. Бул сапатка айрыкча ким муктаж?
3, 4. а) Чыдамкайлыкка ким муктаж? б) Эмне үчүн биз аягына чейин чыдашыбыз керек?
3 Ыйсанын бардык жолдоочулары чыдамкайлыкты талап кылган кыйыр маанидеги жарышка (чуркоого) катышат. Расул Павел б.з. 65-жылына жакын эмгектеши жана ишенимдүү сапарлашы Тимофейге: «Мен жакшы баатырдык көрсөттүм, жарышты бүтүрдүм, ишенимди сактадым»,— деп жазган (2 Тимофей 4:7, «Инжил»). «Жарышты бүтүрдүм» деп айтканы менен Павел Ыйсанын жолдоочусу катары өз жашоосун берилген багыт боюнча марага чейин чуркоого салыштырган. Ошол убакта Павел жарыштын аягындагы жеңишке жакындап калган болчу, ошондуктан ал сыйлыкка ээ болорун толук ишеним менен күткөн. Сөзүн: «Эми мага адилеттиктин таажысы даярдалып жатат,— деп улайт Павел,— аны Теңир, адилет Сот, ошол күндө мага берет жана бир эле мага эмес, бирок Анын келишин күткөндөрдүн баарына да берет» (2 Тимофей 4:8). Павел акырына чейин чыдагандыктан, сыйлык аларына көзү жеткен. Биз жөнүндө эмне десе болот?
4 Жарышка түшкөндөрдү кайраттандыруу үчүн, Павел: «Чыдамкайлык менен алдыбызда дайындалган жарышты өткөрөлү»,— деп жазган (Еврейлер 12:1). Ыйсанын жолдоочулары катары биз чыдамкайлыкты талап кылган жарышка өзүбүздү Ыйса Машайык аркылуу Иегова Кудайга арнаганыбызда кирген болобуз. Ыйсанын окуучусу болуу сапарын жакшы баштоо маанилүү, бирок андан да маанилүүсү — марага жетүү. «Акырына чейин чыдаган гана куткарылат»,— деген Ыйса (Матфей 24:13). Жарыштын аягына ийгиликтүү чыккандарды күтүп турган сыйлык — түбөлүк өмүр! Демек, биз акырына чейин чыдоону алдыбызга максат кылып койсок болот. Ал максатка жетүүгө бизге эмне жардам берет?
Жакшы тамактануу зарыл
5, 6. а) Өмүр үчүн жарышта чыдамкайлык көрсөтүү үчүн, биз көңүлүбүздү эмнеге бурушубуз керек? б) Биз кандай рухий азыктан пайда алышыбыз керек жана эмнеге?
5 Грециядагы Коринф шаарынын жанында байыркы убактагы белгилүү Истмий оюндары өткөрүлүүчү жер болгон. Албетте, Павел коринфтик бир туугандардын ал жерде өтүүчү спорттук мелдештер жана башка оюндар менен тааныш экенин билген. Ошондуктан ал: «Жарыштан байге алуу үчүн баары чуркайт, бирок ошолордун бири гана жеңип, байге аларын билбейсиңерби? Ошондуктан, байге алуу үчүн чуркагыла»,— дегенде алар катышып жаткан өмүр үчүн жарышты айткан. Павел жарыштан чыгып кетпөөнүн жана марага жеткиче алга умтулуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Бирок аларга эмне жардам бермек? «Жарышка кирүүгө аракет кылган ар ким бардыгынан өзүн өзү тыят»,— деп кошумчалаган расул. Ооба, жеңишке жетүү үчүн, байыркы оюндарга катышкандар катуу машыгып, жеген-ичкенине абдан көз салып, ар бир кылган ишин көзөмөлгө алып турган (1 Коринфтиктер 9:24, 25).
6 Ал эми Ыйсанын жолдоочулары катышкан жарыш жөнүндө эмне айтууга болот? «Өмүр үчүн жарышта чыдамкай болуу үчүн, өзүңдүн рухий тамактанууңа көңүл бурушуң керек»,— дейт Иегованын Күбөлөрүнүн жыйналышындагы бир насаатчы ага. «Чыдамдуулуктун Кудайы» Иегова бизди кандай рухий азык менен камсыз кылып жатканын карап көрөлү (Римдиктер 15:5). Рухий тамактын негизги булагы — Кудайдын Сөзү, Ыйык Китеп. Анда Ыйык Китепти окуу графигине жакшылап карманбашыбыз керекпи? Ишенимдүү жана эстүү кул аркылуу Иегова өз маалында «Күзөтчү мунара», «Ойгонгула!» журналдары жана башка ыйык китептик адабияттар менен да камсыз кылууда (Матфей 24:45). Буларды дилгирлик менен изилдегенибиз бизге рухий күч-кубат берет. Ырас, биз жекече изилдөөгө убакыт бөлүүгө, «убакытты ута билүүгө», тийишпиз (Ефесалыктар 5:16, «Инжил»).
7. а) Эмнеликтен биз негизги «үйрөтүүнүн баштапкы сабактарын» билгенибизге эле алымсынып калбашыбыз керек? б) Биз канткенде «жеткилеңдикке шашып бара» алабыз?
7 Ыйсанын жолдоочулары жүргөн жолдон чыкпоо үчүн, биз негизги «үйрөтүүнүн баштапкы сабактары» менен чектелбестен, «жетилгендикке шашышыбыз» (БМК) зарыл (Еврейлер 6:1). Ошондуктан чындыктын «кеңдигине жана узундугуна, бийиктигине жана тереңдигине» кызыгуубузду өстүрүп, «жетилгендерге таандык» (БМК) болгон «катуу тамак» менен азыктанышыбыз керек (Ефесалыктар 3:18; Еврейлер 5:12—14). Мисалы, Ыйсанын жердеги жашоосу жөнүндөгү төрт ишенимдүү билдирүүнү — Матфей, Марк, Лука жана Иоанн жазган инжилдерди — кунт коюп изилдөө менен биз Ыйсанын кылган иштери жана кандай инсан болгондугу тууралуу эле билип койбостон, жасаган иштерине түрткү берип турган анын ой жүгүртүүсүн түшүнөбүз. Ошондо биз «Христостун оюна» ээ боло алабыз (1 Коринфтиктер 2:16).
8. Өмүр үчүн болгон жарышта акырына чейин чыдоого бизге жыйналыш жолугушуулары кандай жардам берет?
8 Павел ишенимдештерин мындайча үндөгөн: «Бири-бирибизге көңүл буруп, сүйүүгө жана жакшы иштерге кызыктыралы; кээ бирөөлөрдө салтка айлангандай, биз чогулуштарыбызды калтырбайлы; бирок, тигил Күндүн жакындап келе жатканын көрүп, бири-бирибизге дагы көп насыят айтып туралы» (Еврейлер 10:24, 25). Ыйсанын жолдоочуларынын жолугушуулары — күч-кубат алуунун кандай зор булагы! Ошондой эле бизге кызыгуусун көрсөткөн жана акырына чейин чыдоого жардам бергиси келген сүйүктүү бир туугандарыбыздын арасында болуу кандай гана сергитет! Биз Иегованын сүйүү менен көргөн камына жеңил ойлуу мамиле жасай албайбыз. Жекече изилдөөбүздө тырышчаак болуп жана жыйналыштын жолугушууларына дайыма катышып, келгиле, «акылыбыз менен баралга жетели» (1 Коринфтиктер 14:20).
Күйөрмандар сага дем берет
9, 10. а) Чыдамкайлыкты талап кылган жарышта күйөрмандар кандайча күч-кубаттын булагы боло алышат? б) Еврейлер 12:1де айтылган «тегерегибиздеги ушунча чоң булуттай көп күбөлөр» — кимдер?
9 Бирок жөө күлүк канчалык жакшы даярданбасын, жолдон ал алсырап калгыдай бир нерсе болуп кетиши мүмкүн. «Силер жакшы [чуркап] келе жаттыңар эле: ким силерди чындыкка багынбас үчүн токтотуп койду?» — деп сураган Павел (Галатиялыктар 5:7). Чамасы, Ыйсанын галатиялык жолдоочуларынын айрымдары жаман адамдар менен мамилелеш болгон окшойт, ошондуктан өмүр үчүн болгон жарыштан чыгып кетишкен. Бирок башкалар колдоп, күч-кубат берип турса, жарыштын аягына чыгуу жеңил болот. Бул болсо оюн учурунда күйөрмандар оюнчуларга дем бере алат дегендей эле кеп. Кумарга баткан калың топ адамдар мелдештин катышуучуларынын старттан марага чейин жетем деген сезимдерин ого бетер күчөтө алышат. Көбүнчөсү музыка жана кол чабуулар менен коштолгон көрүүчүлөрдүн кыйкырык-сүрөөндөрү марага жакындап келаткан жөө күлүктөргө кошумча дем болуп бере алат. Күйүп-бышкан күйөрмандар жарыштагыларга оң таасирин тийгизе алышарына шек жок.
10 Ыйсанын жолдоочулары катышып жаткан өмүр үчүн болгон жарышта кимдер күйөрмандар болуп саналат? Павел Еврейлерге жазган катынын 11-бабында Ыйсанын жолдоочуларына чейинки ишенимдүү Күбөлөрдү атап өткөн соң: «Ошондуктан биз дагы, тегерегибизде ушунча чоң булуттай көп күбөлөр болуп... чыдамкайлык менен алдыбызда дайындалган жарышты өткөрөлү»,— деп жазган (Еврейлер 12:1). Булут деген сөздү Павел каймана мааниде айткан, бирок ал белгилүү бир өлчөмдөгү жана формадагы түрмөк булутту сүрөттөөчү грек сөзүн колдонгон эмес. Тескерисинче, Павел сөз кылган булут, лексикограф У. Е. Вайндын айтуусу боюнча, «асманды чылк каптап турган формасыз, коюу булутту билдирет». Павелдин коюу булуттай болгон, ушунчалык көп, сансыз күбөлөр тууралуу айткысы келгени түшүнүктүү.
11, 12. а) Элестүү айтканда, Ыйсанын жолдоочуларына чейинки күбөлөр марага чуркап баратканыбызга кантип алакан чаап турушат? б) «Чоң булуттай көп күбөлөрдөн» биз кантип көп пайда ала алабыз?
11 Ыйсанын жолдоочуларына чейинки күбөлөр бүгүнкү күндө кадимкидей күйөрман боло алышабы? Албетте, жок. Алардын баары тирилүүнү күтүп, өлүк абалда уктап жатышат. Бирок тирүү кезинде алар жакшы жөө күлүктөр болушкан, а алардын үлгүлөрү Ыйык Китептин барактарында сакталып келүүдө. Жазманы изилдөө менен биз көз алдыбызга ошол ишенимдүү адамдардын жаркын элесин келтире алабыз жана элестүү айтканда, алар биздин марага чуркап баратканыбызга алакан чаап тура алышат (Римдиктер 15:4)a.
12 Маселен, дүйнө бизди мансап-дөөлөттөрү менен азгырып жатканда, түз жолдо калууга бизге Мусанын Египеттин бүт даңкын четке каккандыгын талкуулоо түрткү бербейби? Биз дуушар болгон сыноо оордой көрүнсө, уулу Исакты курмандыкка чалуу буйругун алган Ибрайымдын башынан чоң сыноону өткөргөнүн эстөө бизге ишенимибиздин сыналышында багынбоого кайрат берери шексиз. Ушундай күбөлөрдөн турган «чоң булуттун» бизге канчалык дем берери аларды рухий көзүбүз менен канчалык айкын көрүп жатканыбыздан көз каранды.
13. Өмүр үчүн жарышта бизге бүгүнкү Күбөлөр кандайча дем бере алышат?
13 Андан сырткары, бүгүнкү күндө бизди Иегованын көп сандаган Күбөлөрү курчап турат. Ыйсанын майланган жолдоочулары, ошондой эле «өтө көп адамдарды» түзгөн эркек-аялдар ишенимдин кандай зор үлгүсүн көрсөтүшүүдө! (Аян 7:9). Биз алардын өмүр баяндарын мезгил-мезгили менен ушул журналдан жана Күзөтчү Мунара Коомунун башка адабияттарынан окуй алабызb. Алардын ишеними тууралуу ой толгоо менен биз аягына чейин чыдоого күч-кайрат алабыз. Өздөрү Иеговага ишенимдүү кызмат кылып жаткан жакын достордун жана туугандардын колдоосу бар болсо, кандай сонун! Ооба, бизге өмүр үчүн болгон жарышта дем берчүлөр арбын.
Ылдамдыгыңды акылмандык менен жөнгө сал
14, 15. а) Ылдамдыгыбызды акылмандык менен жөнгө салганыбыз эмне себептен маанилүү? б) Алдыбызга максат коюуда эмне үчүн эстүү болушубуз керек?
14 Марафон жарышындагыдай алыс аралыкка чуркоодо жөө күлүк ылдамдыгын акылмандык менен жөнгө салууга тийиш. «Чү дегенде эле өтө катуу чуркап баштаганың сени ийгиликке жеткирбейт»,— деп айтылат бир журналда.— Антүүнүн болжолдуу натыйжасы — же акыркы бир нече километрде кыйналуу, же жарыштан чыгып кетүү» («New York Runner»). Бир марафончу мындайча ой бөлүшөт: «Мен мелдешке даярдык көрүү максатында бир лекцияга катышып келген элем, анда баяндамачы: „Тез чуркагандар менен куушпа. Өзүңдүн ылдамдыгың менен чурка. Болбосо акактап алдан тайып, сулап түшүшүң ыктымал“,— деп ачык-айкын эскерткен. Анын кеп-кеңешине кулак кагуу мага жарыштын аягына чыгууга жардам берди».
15 Өмүр үчүн жарышта Кудайдын кызматчылары жигердүү аракеттерди кылышы керек (Лука 13:24). Бирок шакирт Жакып: «Асмандан келген акылмандык... момун [«эстүү», ЖД]»,— деп жазган (Жакып 3:17). Башкалардын үлгүсү көбүрөөк иш кылууга дем берет, ал эми эстүүлүк өзүбүздүн жөндөмдүүлүктөрүбүзгө жана шарттарыбызга жараша ишке ашкыдай максаттарды коюуга жардам берет. Жазма бизге төмөнкүдөй эскертүү берет: «Ар ким өзүнүн ишин сынап көрсүн, ошондо ал бөлөктүн эмес, өзүнүн алдында гана мактана алат; анткени ар ким өз жүгүн көтөрөт» (Галатиялыктар 6:4, 5).
16. Ылдамдыгыбызды жөнгө салууга момундук бизге кандай жардам берет?
16 Михей 6:8де: «Теңир сенден эмне талап кылганы сага айтылган... өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен момун жүрүү»,— деп айтылат. Момундукка чектөөлөрүбүздү биле жүрүү кирет. Ден соолуктун начарлашы же улгайгандык Кудайдын ишинде колубуздан келгенин жасоого кандайдыр бир деңгээлде чектөөлөрдү коюудабы? Андай болсо, көңүлүбүздү чөктүрбөйлү. Иегова биздин аракеттерибизди жана курмандыктарыбызды «болбогон нерсебизге карата эмес, болгон нерсебизге карата» кабыл алат (2 Коринфтиктер 8:12, «Инжил»; салыштыргыла: Лука 21:1—4).
Көзүңдү сыйлыктан алба
17, 18. Ыйсага кыйноо мамысында чыдоого көз алдында эмнени сактоо жардам берген?
17 Ыйсанын коринфтик жолдоочуларына өмүр үчүн жарышта чыдамкайлык зарыл экенин көрсөтүү менен бирге Павел көңүл бурууга арзыган Истмий оюндарынын дагы башка жагын кеп кылган. Ал оюндардын катышуучулары жөнүндө Павел мындай деп жазган: «Жарышка кирүүгө аракет кылган ар ким бардыгынан өзүн өзү тыят: тигилер муну өтүп кете турган таажыга, биз өтүп кетпей турган таажыга жетиш үчүн кылабыз. Ошондуктан мен белгисиз нерсеге баскандай [умтулгандай] чуркабайм, абага ургандай эле күрөшпөйм» (1 Коринфтиктер 9:25, 26). Ошол байыркы оюндарда жеңүүчүгө сыйлык катары таажы, тагыраак айтканда, кызыл карагайдын же дагы башалардын бутактарынан, ал түгүл, кургатылган жапайы чыңсайдан (сельдерейден) өрүлгөн таажы берилчү. Чын эле, ал «өтүп кете турган таажы» да. Ал эми Ыйсанын акырына чейин чыдаган жолдоочуларын эмне күтүп турат?
18 Биз үчүн Үлгү болгон Ыйса тууралуу сөз кылып, расул Павел: «Ал, алдында турган кубанычтын урматына, маскара болгонуна карабай, айкаш жыгачка [«кыйноо мамысына», ЖД] чыдап, башынан өткөрдү, жана Кудайдын тактысынын оң жагынан орун алды»,— деп жазган (Еврейлер 12:2). Иегованын ысмынын ыйык болушуна салым кошууда, адамзатты өлүмдөн куткарууда жана тил алчаак адамдарга бейиш жериндеги чексиз өмүрдү кайрып берүү менен бирге Падыша жана Дин Башчы катары башкаруу жүргүзүүдө Ыйса кубанычка ээ, анткени ал кыйноо мамысынын артындагы сыйлыкты көрүү менен жердеги жашоосунун акырына чейин чыдаган (Матфей 6:9, 10; 20:28; Еврейлер 7:23—26).
19. Ыйсанын жолун жолдоп, Кудайдын жолунда жүрүүдө биз эмнени унутпашыбыз керек?
19 Ыйсанын жолун жолдоп, Кудайдын жолунда жүргөн бизди күтүп туран кубаныч тууралуу ойлонолу. Иегова бизге Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды таратуу жана башкалар менен Ыйык Китептеги өмүр берүүчү билимди бөлүшүү ишин берген, бул бизге зор канааттануу алып келет (Матфей 28:19, 20). Чыныгы Кудай тууралуу билүүгө кызыккан кимдир бирөөнү табуу жана ага өмүр үчүн жарышка түшүүгө жардам берүү кандай сонун! Ошондой эле, биз айтып жаткан кабарга адамдар кандай жооп кайтарышпасын, Иегованын ысмынын ыйык болушуна байланышкан ишке катышуу — биз үчүн артыкчылык. Биз кабар айтып жаткан аймагыбыздагы адамдардын кош көңүлдүгүнө же каршылык көрсөтүүсүнө карабастан чыдамдуу болсок, Иегованын жүрөгүн кубантып, өзүбүз да кубаныч табабыз (Аңгемелер 27:11). Кудайдын бизге убада кылган эбегейсиз зор сыйлыгы — түбөлүк өмүр. Ал кандай гана кубанычтуу болот! Биз бул баталарды унутпоо менен бирге жарышыбызды уланта беришибиз кажет.
Акыр жакындап калганда
20. Акыр жакындаган сайын, өмүр үчүн жарыштан чыгып кетпөө эмнеликтен кыйынга турушу мүмкүн?
20 Өмүр үчүн жарышта биз башкы душманыбыз Шайтан Ибилис менен күрөшүшүбүз керек. Акыр жакындаган сайын, Шайтан бизди токтотууга же ылдамдыгыбызды басаңдатууга ого бетер аракеттенип жатат (Аян 12:12, 17). Ошондой эле замандын акырынан кабар берип турган согуштарга, ачарчылыкка, эпидемияларга жана башка көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, Падышалыктын жарчылары катары ишенимдүү бойдон калуу оңой эмес (Даниил 12:4; Матфей 24:3—14; Лука 21:11; 2 Тимофей 3:1—5). Андан сырткары, акырдын келиши убакыт өткөн сайын биз күткөндөн да созулуп кеткендей көрүнүшү мүмкүн, айрыкча эгер биз жарышка ондогон жылдар мурун түшкөн болсок. Бирок Кудай Сөзү бизди акырдын келерине ынандырып турат. Ал кечикпейт дейт Иегова. Акырдын келишине аз калды (Аввакум 2:3; 2 Пётр 3:9, 10).
21. а) Өмүр үчүн жарышыбызды уланта берсек, бизге эмне күч-кайрат берет? б) Акыр жакындаган сайын, биз кандай чечкиндүүлүккө ээ болушубуз керек?
21 Өмүр үчүн жарышта ийгиликтүү болууну кааласак, Иегова сүйүүсү менен рухий азыктануубуз үчүн берип жаткандын баарынан күч-кубат алууга тийишпиз. Баарыбыз кайраттанууга муктажбыз, мындай күч-кайрат алууга биз менен бирге чуркап бараткан ишенимдештерибиз менен ар дайым пикирлешүү жардам бере алат. Чуркообузду каардуу куугунтук жана жолдогу күтүлбөгөн окуялар кыйындатып жатса да, биз акырына чейин чыдай алабыз, себеби Иегова «артык кудурет» берет (2 Коринфтиктер 4:7). Иегованын чуркоону жеңиштүү аякташыбызды кааларын билүү кандай гана жубатуу берет! Эмесе, чечкиндүү болуп, «чыдамкайлык менен алдыбызда дайындалган жарышты өткөрөлү» жана «эгер күчүбүз жетпей калбаса, убагы келгенде жыйнап аларыбызга» толук ишенели (Еврейлер 12:1; Галатиялыктар 6:9).
[Шилтемелер]
a Еврейлер 11:1—12:3-аяттар «Күзөтчү мунаранын» (ор.) 1987-жыл, 15-июндагы санында талкууланган, 12—22-беттер.
b Күч-кубат берүүчү мындай өмүр баяндардын айрымдары жакында эле «Күзөтчү мунаранын» (ор.) төмөнкү сандарында жарык көрдү: 1-июнь, 1998-жыл, 28—31-беттер; 1-сентябрь, 1998-жыл, 24—28-беттер; 1-февраль, 1999-жыл, 25—29-беттер.
Эсиңердеби?
◻ Эмне үчүн биз акырына чейин чыдашыбыз керек?
◻ Иегованын бизге көргөн кандай камын четке какпашыбыз зарыл?
◻ Ылдамдыгыбызды акылмандык менен жөнгө салуу эмне үчүн маанилүү?
◻ Чуркап бараткан бизди алдыбызда кандай кубаныч күтүп турат?