Сыноолорго дуушар болгондо ишенимде бекем тургула!
«Бурадарларым, силер качан гана ар түрдүү сыноолорго дуушар болгондо, жан-дилиңер менен кабыл алгыла» (ЖАКЫПТЫН 1:2).
1. Иегованын эли эмнелерге карабастан ага ишенимдүү жана ‘жүрөктүн кубанычында’ кызмат кылып жатат?
ИЕГОВАНЫН элин түзгөн адамдар Кудайдын күбөлөрү болуп ишенимдүү жана ‘жүрөктүн кубанычында’ кызмат кылып жатышат (5 Муса 28:47; Исаия 43:10). Мындай кызматты алар турмушта сыноолор көп болсо да аткарышууда. Алар кыйынчылыктарга дуушар болушат, бирок: «Бурадарларым, силер качан гана ар түрдүү сыноолорго дуушар болгондо, жан дилиңер менен кабыл алгыла, себеби ишенимиңерди сыноо чыдамкайлыкты туудурарын билесиңер»,— деген сөздөрдөн жубатуу алышат (Жакыптын 1:2, 3).
2. Катты жазган Жакып жөнүндө биз эмнелерди билебиз?
2 Бул сөздөрдү Христостун окуучусу жана бир тууганы Жакып болжолу б.з. 62-жылы жазган (Марктан 6:3). Иерусалимдеги жыйналышта Жакып насаатчы ага болуп кызмат өтөгөн. Жакып, Кифа (Пётр) жана Иоанн чындыгында жыйналышты бекем кармап турган «өбөктөр» болушкан (Галатиялыктарга 2:9). Болжолу б.з. 42-жылы ‘апостолдордун жана диний коом башчыларынын’ алдында сүннөткө отургузуу жөнүндө суроо коюлганда, Жакып Жазмаларга негизделген чечимди сунуш кылган, ал сунуш биринчи кылымдагы жетекчи уютку аркылуу кабыл алынган (Апостолдордун иштери 15:6—29).
3. Биринчи кылымдагы христиандар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушкан жана Жакыптын катынан биз кантип болушунча чоң пайда таба алабыз?
3 Камкор рухий койчу катары Жакып ‘койлорунун жүздөрүн таанып билчү’ (Үлгүлүү аңгемелер 27:23, МАК). Ал кезде христиандар баштарынан оор сыноолорду өткөрүп жатышканын Жакып түшүнчү. Байларга көшөкөрлөнүп мамиле кылышкандар ой жүгүртүүлөрүн өзгөртүшү керек эле. Кээ бир христиандар үчүн сыйынуу чын жүрөктөн болбогон сыйынуу болуп калган. Ойлонбой сүйлөгөндөрү менен зыян келтиргендер да болгон. Дүйнөнүн руху бузуучу таасирин тийгизген, көптөр чыдамкайлык көрсөтүшпөгөн жана Кудайга тиленүү аркылуу жакындашпаган. Кээ бир христиандарды рухий жактан ооруп калышкан деп айтса болот. Жакыптын каты жардам көрсөтүү үчүн жазылган жана анын кеңештери б.з. I кылымындагы христиандар үчүн кандай пайдалуу болсо, бизге да ошондой пайдалуу. Эгерде бул катты жеке биз үчүн жазылгандай кабыл алсак, көп пайда табабызa.
Сыноолорду башыбыздан өткөрүп жатканда
4. Сыноолорду кантип кабыл алуу керек?
4 Жакып бизге сыноолорду кантип кабыл алыш керек экенин көрсөткөн (Жакыптын 1:1—4). Кудайдын Уулу менен болгон жакын тууганчылыгын айтпастан, ал жөнөкөйлүк менен өзүн «Кудайдын жана Теңир Ыйса Христостун кулу» деп атаган. Жакып рухий Израилдин куугунтуктун айынан ‘туш-тушка кууп таратылган’ «он эки тукумуна» кайрылат (Апостолдордун иштери 8:1; 11:19; 1 Пётрдун 1:1; Галатиялыктарга 6:16). Христиандар катары биз да куугунтуктоолорго жана ‘сыноолорго дуушар болобуз’. Сыноолор башыбызга түшкөндө аларга чыдагандык ишенимибизди бекемдей турганын унутпасак, биз аларды ‘жан-дилибиз менен кабыл алабыз’. Сыноолордо Иеговага болгон айыпсыздыгыбызды сактаганыбыз бизге түгөнгүс бакыт алып келет.
5. Биз кандай сыноолорго дуушар болушубуз мүмкүн жана аларга чыдамдуулук менен туруштук берүүнүн натыйжалары кандай болот?
5 Биз башка адамдар дуушар болуп жатышкандай эле сыноолорго дуушар болуп жатабыз. Мисалы, бизди начар ден соолук тынчсыздандырышы мүмкүн. Бүгүн Кудай адамдарды керемет аркылуу айыктырган жок, бирок ооруга туруштук берүүгө керек болгон акылмандык жана чыдамдуулук жөнүндөгү тиленүүлөрүбүзгө жооп берип жатат (Забур 40:2—4). Иегованын Күбөлөрү болуп куугунтукталып жатканда, биз адилеттүүлүк үчүн да азап чегип жатабыз (1 Пётрдун 3:14; 2 Тимофейге 3:12). Мындай сыноолорго чыдамдуулук менен туруштук берсек, ишенимибиз чыңалып жана бекемделип турат. Ишенимибиз жеңип чыкканда, ал ‘чыдамкайлыкты туудурат’. Сыноолордо чыңдалган ишеним бизге келечекте да бекем болууга жардам берет.
6. Кантип «чыдамкайлыктын жеткилең аракети болуш керек» жана сыноолорго дуушар болгондо кандай чараларды көрө алабыз?
6 Жакып: «Чыдамкайлыктын жеткилең аракети болуш керек»,— дейт (Жакыптын 1:4, СК). Сыноолордон качууга аракеттенбей, ыйык китептик принциптерден жазбастан сыноолорго туруштук берсек, чыдамкайлык бизди ишениминде кемчилиги жок христиандардай кылуунун «аракетин» кылат. Кыйынчылыктарга дуушар болгон мезгилде кандайдыр бир алсыздыктарыбызды байкасак, аларды жеңүү үчүн, албетте, Иеговадан жардам издешибиз керек. Бузукулук кылууга тарткан азгырык пайда болгон кезде эмне кылуу керек? Мындай учурда жардам жөнүндө тиленүү жана тиленүүлөрүбүзгө жараша иш кылуу керек. Кудайдын алдында айыпсыздыкты сактоо үчүн, балким, иштеген ишибизди алмаштырууга же дагы башка нерселерди жасоого туура келеттир (1 Муса 39:7—9; 1 Коринфтиктерге 10:13).
Акылмандыкты издөөдө
7. Сыноолорду башыбыздан өткөрүп жатканда кандай жардам ала алабыз?
7 Сыноого кантип туруштук берүүнү билбей калганыбызда Жакып бизге эмне кылуу керек экенин көрсөтүп кеткен (Жакыптын 1:5—8). Иегова бизди акылмандыгыбыздын жетишсиздиги үчүн жана андан ишеним менен акылмандык сурап жатканыбыз үчүн жемелебейт. Ал бизге башыбызга түшкөн сыноого карата туура көз карашта болууга жана ага туруштук берүүгө жардам берет. Көңүлүбүз жазманын аяттарына бир туугандарыбыз же Ыйык Китепти окуп изилдөө аркылуу бурулушу мүмкүн. Кудай окуялардын жүрүшүнө таасир тийгизип, биз эмне кылышыбыз керектигин көрсөтө алат. Биз ыйык рухтун жетекчилигин ала алабыз (Лукадан 11:13). Мындай артыкчылыктардан кубаныч алып туруу үчүн, биз Кудай менен жана анын эли менен тыгыз мамиледе болушубуз керек (Үлгүлүү аңгемелер 18:1, МАК).
8. Эмне себептен олку-солку болгон адам Иеговадан эч нерсе ала албайт?
8 Биз «сураганда ишеним менен, эч кандай олку-солкусуз» сурасак, Кудай бизге сыноолорго туруштук берүү үчүн акылмандык берет. Олку-солку болгон адам «шамалдан [күтүлбөгөндөй] көтөрүлүп толкундатып турган деңиздин толкунуна окшош». Рухий жактан бекем болбосок, ‘Теңирден бир нерсе алабыз деп үмүттөнбөй эле койсок’ болот. Ошондуктан ‘эки ойлуулуктан’ жана ‘бекемсиздиктен’ дайыма качып туралы, айрыкча тиленип жатканда. Андан көрө, акылмандыктын Булагына — Иеговага таяналы (Үлгүлүү аңгемелер 3:5, 6).
Байлар да, кедейлер да кубана алышат
9. Иегованын Күбөлөрүндө кубанууга кандай себеп бар?
9 А түгүл сыноолорубуздун бири жакырчылык болуп жатса, бай да, кедей да христиандар кубана алыша турганын унутпайлы (Жакыптын 1:9—11). Майланган христиандардын көбү Ыйсанын жолдоочулары болгонго чейин бай болушпагандыктан, бул дүйнө аларга бой көтөрүүчүлүк менен мамиле жасаган (1 Коринфтиктерге 1:26). Бирок алар «бийиктиги менен» — Падышалыктын мурасчылары болушкандыгы менен, мактана алышкан (Римдиктерге 8:16, 17). Ал эми мурда кадыр-баркка ээ болушкан байлар, эми дүйнөнүн жек көрүүсүн баштан өткөрүп, Христостун жолдоочулары катары ‘кордолушкан’ (Иоанндан 7:47—52; 12:42, 43). Иегованын кызматчылары болуп, биз баарыбыз кубана алабыз, себеби байлык жана дүйнөдөгү жогорку абалды ээлөө биздеги рухий байлыкка теңеле албайт. Биз коомдогу ээлеген абалыбызга мактанбаганыбыз кандай гана жакшы! (Үлгүлүү аңгемелер 10:22; Апостолдордун иштери 10:34, 35).
10. Материалдык байлыкка христиан адам кандай карашы керек?
10 Жакып бизге өмүрүбүздүн байлыктан жана дүйнөдө ээлеген абалдан көз каранды эмес экенин түшүнүүгө жардам берет. Гүлдүн кооздугу аны «күндүн ысыктыгынан» сактай албагандай эле, адамдын байлыгы анын өмүрүн узарта албайт (Забур 48:7—10; Матфейден 6:27). Ал өзүнүн максаттарын көздөп жүрүп — «өзүнүн жолунда» — байлыктын артынан жүрүп, өлүшү мүмкүн. Ошондуктан ‘Кудайга байыганыбыз’ жана Падышалыктын кызыкчылыктарын колдоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасаганыбыз маанилүү (Лукадан 12:13—21; Матфейден 6:33; 1 Тимофейге 6:17—19).
Сыноолорго туруштук бергендер бактылуу
11. Сыноолорго карабастан ишенимде бекем тургандарды кандай келечек күтүп турат?
11 Бай болсок да, кедей болсок да, сыноолорго бизди майыштырууга жол бербесек гана, бактылуу боло алабыз (Жакыптын 1:12—15). Сыноолорду кажыбас ишеним менен тосуп алганыбызда, бизди бактылуу деп айтууга болот, себеби Кудайдын алдында ага жаккан нерселерди жасоо кубанычтуу. Рухтан төрөлгөн христиандар өлгөнгө чейин ишенимдүү бойдон калышып, «өмүрдүн таажысын» — асмандагы өлбөс-өчпөс жашоону — алышат (Иоанндын аяны 2:10; 1 Коринфтиктерге 15:50). Үмүтүбүз жерде жашоо болуп, Кудайга болгон ишенимибизди сактап жүрсөк, жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашайбыз деп айта алабыз (Римдиктерге 6:23). Иеговага ишеним көрсөткөндөрдүн баарына ал кандай гана ырайымдуу!
12. Эмне себептен сыноо маалында: «Кудай мени азгырып жатат»,— дебешибиз керек?
12 Иегова бизди текшерүү үчүн бизге сыноолорду жибериши мүмкүнбү? Жок, «Кудай мени азгырып жатат» дебешибиз керек. Иегова бизди күнөө жасаганга түртпөйт, бирок ишенимде кажыбас бойдон калсак, сыноолорду жеңип өтүүгө ал сөзсүз жардам берет жана бизди бекемдейт (Филиппиялыктарга 4:13, БМК). Кудай ыйык, ошондуктан ал бизге биз начарлагыдай күнөөлүү өнөкөттөрүбүзгө каршы тура албай калгыдай шарттарды түзбөйт. Эгерде биз өз эркибиз боюнча кандайдыр бир жаман абалга түшсөк жана күнөө жасасак, буга Кудайды күнөөлөбөшүбүз керек, себеби «Кудай жамандыкка азгырылбайт жана Өзү эч кимди азгырбайт». Иегова бизди тарбиялагысы келип, биздин пайдабыз үчүн сыноолорго жол берсе да, аны ал жаман ой менен кылбайт (Еврейлерге 12:7—11). Шайтан бизди кандайдыр бир жаман нерсени жасаганга түртсө, Кудай бизди бул каардуу периштеден куткара алат (Матфейден 6:13).
13. Туура эмес каалоолор менен күрөшпөсөк, эмне болушу мүмкүн?
13 Дайыма тиленип турушубуз керек, себеби белгилүү бир учурларда пайда болуучу туура эмес каалоолор күнөөгө түртүшү мүмкүн. Жакып: «Ар ким өзүнүн кумарларына кызыгып, алданып азгырылат»,— деп көрсөткөн. Жүрөгүбүздүн жаман каалоолорго токтолушуна өзүбүз жол берсек, күнөө жасаганыбыз үчүн биз Кудайды күнөөлөй албайбыз. Эгерде туура эмес каалоо менен күрөшпөсөк, ал жүрөгүбүзгө «түйүлүп», жүрөгүбүздү ээлегенден кийин «күнөөнү туудурат». Күнөө жасалгандан кийин, ал «өлүмдү» туудурат. Ооба, биз жүрөгүбүздү сакташыбыз жана күнөөлүү каалоолор менен күрөшүшүбүз керек (Үлгүлүү аңгемелер 4:23). Каин күнөөнүн кулу болуп кала тургандыгы жөнүндө эскертилген, бирок ал күнөөгө каршылык көрсөткөн эмес (1 Муса 4:4—8). Туура жолдон чыга баштаганда эмне кылышыбыз керек? Албетте, Кудайга каршы күнөө жасабашыбыз үчүн бизди оңдогонго аракет жасап жаткан насаатчы агаларга ыраазы болушубуз керек (Галатиялыктарга 6:1).
Бардык жакшы нерселер Кудайдан
14. Эмне себептен Кудайдын белектерин «жеткилең» деп айтууга болот?
14 Иегова сыноолордун эмес, бардык жакшы нерселердин гана Булагы экенин унутпашыбыз керек (Жакыптын 1:16—18). Жакып бир туугандарына «менин сүйүктүү бурадарларым» деген сөздөр менен кайрылып, Кудай ‘бардык жакшы сыйлыктардын жана жеткилең жөндөмдүүлүктөрдүн’ Берүүчүсү экенин көрсөткөн. Иегованын рухий жана материалдык белектери «жеткилең», башкача айтканда, кемтиксиз. Алар Кудайдын жашаган жери болгон ‘асмандан келет’ (3 Падышачылыктардын 8:39). Иегова — «жарыктыктын Атасы»: күндүн, айдын жана жылдыздардын. Ошондой эле ал бизге рухий жарыктыкты жана чындыкты берип жатат (Забур 42:3; Иеремия 31:35; 2 Коринфтиктерге 4:6). Жылып отуруп, түшкү маалда гана так төбөдөн тийген күнгө караганда, Кудай дайыма «так төбөдөн тийип», жакшы нерселерди кененчиликте берип турат. Ыйык Китеп жана «чыныгы жана эстүү кул» аркылуу берилип жаткан рухий тамактан толук пайда ала турган болсок, Кудай бизди сыноолорго туруштук берүүгө жөндөмдүү кылары шексиз (Матфейден 24:45).
15. Кудайдын эң чоң белектеринин бири эмнеде?
15 Кудайдын эң чоң белектеринин бири эмнеде? Ыйык рухтун жана жакшы кабардын же ‘чындык сөзүнүн’ таасири аркылуу рухий уулдардын төрөлүшүндө. Рухий жактан төрөлгөндөр «Падышалар жана дин кызматчылары» болуу үчүн адамдардын арасынан тандалган ‘башталышына’ [«кээ бир баштапкыларына», СК] киришет (Иоанндын аяны 5:10; Ефесалыктарга 1:13, 14). Жакып баштапкылар деп, Ыйса асманга тирилген 16-нисан күнүндө алып келинчү арпанын биринчи түшүмү жөнүндө жана ыйык рух төгүлгөн Эгин оруп жыйноо күнүндөгү алып келинчү буудайдан жасалган эки нан жөнүндө айткан болушу керек (3 Муса 23:4—11, 15—17). Бул жерде Ыйса — баштапкылар, анын мурасташтары ‘кээ бир баштапкылар’ болуп эсептелинишет. Биздин үмүтүбүз жерде жашоо болсочу? Ошол үмүттү эсибизден эч качан чыгарбаганыбыз Падышалыктын жетекчилиги алдында түбөлүк өмүрдү алып келе турган, ‘бардык жакшы сыйлыктардын жана жеткилең жөндөмдүүлүктөрдүн’ Берүүчүсүнө болгон ишенимибизде бекем турууга жардам берет.
‘Сөздү аткаруучулардан’ болгула
16. Эмне себептен биз ‘угууга тез, сөз айтууга жана ачуубузду келтирүүгө жай болушубуз керек’?
16 Ишенимибиз учурда сыналып жатабы же жокпу, баары бир, биз ‘сөздү аткаруучулардан’ болушубуз керек (Жакыптын 1:19—25). Биз Кудайдын сөзүн «укканга тез» болуп, аны тил алуу менен аткаруучулардан болушубуз керек (Иоанндан 8:47). Ошондой эле, айтып жатканыбыздын үстүнөн жакшылап ойлонуп, «сөз айтканга жай» бололу (Үлгүлүү аңгемелер 15:28; 16:23). Жакып сыноолорду Кудай жиберип жатат деген шашылыш тыянактарды чыгарбагыла деген кеңеш бергиси келген болуш керек. Ошондой эле «ачуусуна жай болуш керек, себеби адамдын ачуусу Кудайга жага турган адилеттикти жасабайт» деген кеңеш берилет. Кимдир бирөөнүн сөздөрүнө ачуубуз келип турса, ага орой жооп бербеш үчүн, өзүбүздү бир аз «токтотолу» (Ефесалыктарга 4:26, 27). Кыйынчылыктарыбыздын себеби боло турган жана башкаларга сыноолорду алып келе турган бат туталанмай адатыбыз адилеттүү Кудайыбызга болгон ишеним талап кылган нерселерди курууга көмөк боло албайт. Анын үстүнө, ‘акыл-эсибиз көп’ болсо, ‘ачуубузду келтирүүгө жай болобуз’, ошондо бир туугандарыбыз бизге тартылат (Үлгүлүү аңгемелер 14:29).
17. Биз акыл-эсибизден жана жүрөгүбүздөн ачууну алып салсак, бизде кандай өзгөрүүлөр болот?
17 Албетте, биз Кудайга жийиркеничтүү болгон жана ачууну туудурган «бардык ыпыластыктардан» тазаланышыбыз керек. Андан тышкары, биз «ачуулуктун калдыгынан» бошонушубуз керек. Бардыгыбыз жашообузду дененин жана рухтун ар кандай арамдыгынан тазалашыбыз керек (2 Коринфтиктерге 7:1; 1 Пётрдун 1:14—16; 1 Иоанндын 1:9). Жүрөгүбүздү жана акылыбызды ачуулуктан бошотконубуз бизге чындыктын ‘себилген сөзүн... момундук менен кабыл алууга’ жардам берген (Апостолдордун иштери 17:11, 12). Христианчылыктын жолунда канчалык көп жүрбөйлү, Кудайдын Сөзүндөгү чындыкка мындан ары да өзүбүзгө ‘себилишине’ мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Эмне себептен? Себеби жүрөгүбүзгө орногон сөз Кудайдын рухунун жардамы менен бизди куткарыла турган «жаңы адамга» айлантат (Ефесалыктарга 4:20—24).
18. ‘Сөздү угуп эле тим болгон’ адам сөздү угуп жана аны аткарган адамдан эмнеси менен айырмаланат?
18 Сөз биз үчүн жетекчи экени эмнеден көрүнүп турат? Биз ‘сөздү угуп эле тим болбой... сөздү аткаруучулар болгонубуздан’ көрүнүп турат (Лукадан 11:28). «Аткаруучуларда» христиандык кызматты демилгелүү аткарууга жана Кудайдын элинин жолугушууларында дайыма катышып турууга түртүп турган ишеним бар (Римдиктерге 10:14, 15; Еврейлерге 10:24, 25). Сөздү угуп эле койгон адам «өзүнүн кебетесин күзгүдөн караган адамга окшош». Ал күзгүгө каранып, андан алыстаган соң, өзүнүн тышкы көрүнүшүнөн бир нерсени оңдоп коюуну унутуп коёт. Биз ‘сөздү аткаруучулардан’ болуп, Кудайдын ‘жеткилең заңын’ кылдаттык менен окуп изилдейбиз жана ага анын бардык талаптарын аткарганыбыз менен баш иебиз. Биз ыракаттанып жаткан эркиндик бизди жашоого алып бараткандыктан, ал күнөөнүн жана өлүмдүн кулчулдугу менен эч кандай байланышы жок. Ошондуктан ‘жеткилең заңында бололу’, аны дайыма кылдаттык менен изилдеп жана аткарып жүрөлү. Ойлонуп гана көргүлөчү! Биз ‘жөн эле унутчаак угуучу болбостон, иштин аткаруучуларынан болуп’, Кудайдын бизге жасаган жакшы мамилелеринен кубаныч таап жатабыз (Забур 18:8—12).
Чын жүрөктөн болбогон сыйынуудан чоң нерсе
19, 20. а) Биздин сыйынуубуз таза болуш үчүн, Жакыптын 1:26, 27-аяттарына ылайык, бизден эмне талап кылынат? б) Таза сыйынуунун кайсы мисалдарын билесиңер?
19 Кудайдын бизге жасаган жакшы мамилелеринен кубаныч тапкыбыз келсе, чыныгы сыйынуу чын жүрөктөн болбогон сыйынуу эмес экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек (Жакыптын 1:26, 27). Бизге өз такыбаалыгыбыз Иеговага жагып жаткандай көрүнүшү мүмкүн, бирок ар бирибиздин сыйынуубуз жөнүндө Кудайдын гана пикири чындыгында маанилүү (1 Коринфтиктерге 4:4). Биз ‘тилибизди тартпасак’, олуттуу каталардын бирин жасап жаткан болобуз. Башкаларга жалаа жаап, жалган айтып жана тилибизди дагы кандайдыр бир башка түрдө туура эмес пайдаланып жатсак, Кудай биздин сыйынуубузга ыраазы деп божомолдообуз өзүбүздү алдагандыкка жатмак (3 Муса 19:16; Ефесалыктарга 4:25). Албетте, кандай гана себептен болбосун, биз «такыбаалыгы болбогон нерсе» аталган жана Кудайга жакпаган адамдардан болгубуз келбейт.
20 Жакып чыныгы сыйынууну түзө турган нерселердин баарын атап кетпесе да, чыныгы сыйынуу ‘жетимдерге жана жесирлерге алардын кайгысына жардамга келүүнү’ камтый турганын айткан (1 Иоанндын 3:18; Галатиялыктарга 2:10; 6:10). Христиандык жыйналыш жесирлер жөнүндө кам көрөт (Апостолдордун иштери 6:1—6; 1 Тимофейге 5:8—10). Кудай жесирлердин жана жетимдердин Коргоочусу болгондуктан, мындай адамдарга рухий жана материалдык жактан колубуздан келишинче жардам берип, Кудайды туурайлы (5 Муса 10:17, 18). Биздин сыйынуубуз таза болуш үчүн, өзүбүздү Шайтандын бийлиги алдындагы адилетсиз адамдардан турган ‘дүйнөдө да таптаза кармашыбыз’ керек (Иоанндан 17:16; 1 Иоанндын 5:19). Келгиле, Иегованы даңктоо үчүн жана ага кызмат кылууда пайдалуу болуу үчүн, дүйнөдөгү абийирсиз жүрүм-турумдан алыс бололу (2 Тимофейге 2:20—22).
21. Жакыптын катына тиешелүү дагы кайсы маанилүү суроолорду карап чыгуу керек?
21 Макалада талкууланган Жакыптын кеңештери сыноолорго туруштук берүүгө жана ишенимде бекем турууга жардам берет. Биздеги бардык жакшы нерселердин Берүүчүсүнө болгон ыраазычылыгыбыз көбөйүшү керек. Жакыптын сөздөрү сыйынуунун тазалыгын сактоого да жардам берет. Бирок Жакып көңүлүбүздү дагы эмнеге бурган? Иеговага болгон ишенимибиз чындык экенин далилдөөгө мындан аркы кайсы кадамдар жардам берет?
[Шилтеме]
a Ушул жана кийинки эки макаланы өз алдынча же үй-бүлө менен окуп изилдегенде, Жакыптын ишенимди бекемдөөчү катынан көрсөтүлгөн бардык аяттарды окуу абдан пайдалуу болот.
Силер кантип жооп берет элеңер?
◻ Сыноолорго чыдамдуулук менен туруштук берүүгө эмне жардам берет?
◻ Эмне себептен сыноолорго карабастан христиандар кубанычта боло алышат?
◻ Кантип сөздү аткаруучулардан боло алабыз?
◻ Таза сыйынуу дегенди кандай түшүнсө болот?
[18-беттеги сүрөт]
«Сөздү аткаруучулар» Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды жер жүзү боюнча таратышууда.
[19-беттеги сүрөт]
Сыноолорго дуушар болгондо Иегова тилегиңерге жооп бере турганына ишенимиңерди жоготпогула.