Адеп нормалары. Кайсынысы ишенүүгө татыктуу?
Африкага өмүрүндө биринчи жолу келген жолоочу жолдун жээгиндеги каккан казыктай какайып турган кишини көрүп, кызыга тиктеп туруп калат. Тиги киши бутун жерден албай, түптүз турган бойдон бир нече мүнөт сайын аз-аздан бир тарапты көздөй жылып коюп атты. Анын эмне үчүн минтип жылып отурганы жолоочуга кийин гана түшүнүктүү болгон. Көрсө, ал киши зым карагайдын көлөкөсүндө турууга далалаттанып жаткан экен. Түш ооп, күн уясын көздөй жылган сайын, көлөкө да акырындык менен жыла берген.
КӨЛӨКӨ сымал, адам баласынын иштери, адеп нормалары туруксуз жана өзгөрмө келет. Ал эми Иегова Кудай, «асман жарыктарынын Атасы» (ЖД), өзгөрүлгүс. Шакирт Жакып: «Ал бир орунда турбаган көлөкөгө окшоп өзгөрбөйт»,— деп жазган (Жакып 1:17, ЖД). Еврей пайгамбары Малахия аркылуу Кудай: «Мен Иеговамын, өзгөрбөйм»,— деп жарыялаган (Малахия 3:6, МАК). Исаиянын күндөрүндөгү израил элине Теңир: «Силер карыганга дейре Мен ошол эле бойдон болом жана чачыңар агарганга дейре Мен силерди көтөрүп алып жүрөм. Силерди Мен жараттым»,— деген (Исаия 46:4). Демек, канча убакыт өтпөсүн, Кудуреттүү Кудайдын убадаларына ар дайым бекем ишенүүгө болот.
Мусанын Мыйзамынан сабак алуу
Иегованын жакшылык менен жамандыкка байланыштуу нормалары убадалары сыяктуу эле ишеничтүү жана өзгөрүлгүс. Соодагердин тараза таштарынын кээ бири туура эмес болсо, силер ага ишенет белеңер? Албетте, жок. «Туура эмес тараза Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура тараза Ага жагат» (Аңгемелер 11:1, «Ыйык Китеп»; Аңгемелер 20:10). Иегованын израилдиктерге берген Мыйзамында: «Таразага тартууда, жер өлчөөдө, салмак ченөөдө, сот чечиминде калп болбогула. Силердин таразаңар так, ташыңар туура, саржаныңар чак, ефаңар жана кумураңар калыс болсун. Мен Теңириңер, силердин Кудайыңармын, силерди Египет жеринен алып чыккам»,— деген буйрук камтылган (3 Муса 19:35, 36).
Бул буйрукка баш ийүү менен израилдиктер Кудайдын жактыруусуна ээ болуп, материалдык жактан да көп баталарды алышкан. Анын сыңары, Иеговага ишеним артып, анын өзгөрүлгүс нормаларын, тараза тартууда же бир нерсе өлчөөдө эле эмес, а жашоонун бардык тармактарында сактаган табынуучусуна Кудай баталарын мол берет. Ал: «Сен бара турган жолдо сени алып бараткан, сени пайдалуу ишке үйрөткөн Мен Теңир, сенин Кудайың»,— деп жар салат (Исаия 48:17).
Нормалар бүгүн эмне үчүн төмөндөп жатат?
Ыйык Жазмада нормалардын бүгүн эмне үчүн төмөндөп жатканы көрсөтүлөт. Ыйык Жазманын акыркы Аян китебинде асманда болгон согуш, кесепети ушу кезге чейин бардык адамдарга тийип келаткан салгылашуу, жөнүндө баяндалат. Расул Иоанн мындай деп жазган: «Асманда согуш чыкты: Михаил жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушту, ажыдаар жана анын периштелери тигилерге каршы согушушту, бирок туруштук бере алышпады, жана аларга эми асманда орун табылбай калды. Жана бүткүл ааламды алдап азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан, чоң ажыдаар жерге кулап [куулуп] түштү, анын периштелери да аны менен бирге жерге кулашты [куулуп түшүрүлдү]» (Аян 12:7—9).
Ал согуштун абалкы натыйжасы кандай болгон? Андан ары Иоанн: «Демек, асман жана асманда жашагандар көңүлүңөрдү көтөргүлө! Жерде жана деңизде жашагандарга кайгы, себеби өзүнүн убагынын аз калганын билип, силерге каардуу шайтан түшүп келди!» — деген (Аян 12:12).
1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, азыркыларга такыр окшошпогон нормалардын доору аяктап, «жерде жашагандарга кайгы» түшкөн. «1914—1918-жылдардагы Биринчи дүйнөлүк согуш, өрттөнүп кеткен жер тилкесиндей болуп, ошол мезгилди биздин мезгилден ажыратып турат,— дейт тарыхчы Барбара Такман.— Кийинки жылдарга жакшы таасир тийгизе алчу көп сандаган өмүрлөрдү жылас кылып, ишенимдерди кыйратып, ой-түшүнүктөрдү өзгөртүп, көңүл кайттылыктын айыкпас жарааттарын калтырып, ал согуш эки доордун ортосуна денелик жана психологиялык жактан ажырым салды». Дагы бир тарыхчы Эрик Хобсбам да ушу сыяктуу ойду айткан: «Өнүккөн өлкөлөрдөгү кадыресе деп эсептелген нормалардын төмөндөшү 1914-жылдан бери даана байкала баштаган... XIX кылымдагы ата-бабаларыбыз варварчылык нормалары деп атагыдай нерселерге кандайча бат эле кайрылып барып калганыбызды оңой менен түшүнүп болбойт».
Жазуучу Жонатан Гловер бир китебинде: «Биздин мезгилдин бир өзгөчөлүгү адеп-ахлак мыйзамынын жок болуп баратышында»,— деп жазган («Humanity—A Moral History of the Twentieth Century»). Батыш өлкөлөрүндө динге анча маани берилбегендиктен улам бул жазуучу жогорку булактан келүүчү адеп-ахлак мыйзамына ишене бербесе да: «Диний адеп-ахлак мыйзамына ишенбегендерибиз, кандай болбосун, анын жоголуп баратканына тынчсызданууга тийишпиз»,— деп эскертет.
Азыркы убакта коммерция, саясат, дин чөйрөлөрүндө, атүгүл үй-бүлөлүк жана жеке мамилелерде бирөөнүн ишенимин кыянат колдонуу үрөй учурарлык кесепеттерге алып келүүдө. Бул да болсо Шайтандын арам ойлоруна байланыштуу, анткени Шайтан жердин тургундарына кайгы алып келүүгө куштар эмеспи. Ал акырына чейин согушууга жана Кудайдын нормалары боюнча жашоого аракеттенгендердин баарын өзү менен набыт кылууга чечкиндүү (Аян 12:17).
Бирөөнүн ишенимин кыянат колдонуу үстөмдүк кылып турган азыркы абалдан чыгуунун жолу барбы? Расул Пётр: «[Кудайдын] убадасы боюнча, биз жаңы асманды жана жаңы жерди күтүп жатабыз, аларда адилеттик гана жашайт»,— деп жооп берет (2 Пётр 3:13). Бул убадага ишенсек болот, анткени Кудай өзүнүн ниетин ишке ашырууга кудуреттүү гана болбостон, анын аткарылышын да кепил кылат. Иегова «өз оозунан чыккан сөзүнө» карата: «Пайдасыз кайра Өзүмө кайрылбайт, бирок Мен каалаганды аткарып, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат»,— деп жарыялайт. Ооба, бул — ишенүүгө татый турган убада! (Исаия 55:11; Аян 21:4, 5).
Кудайдын нормаларына ылайык жашоо
Нормалары өзгөрмө жана туруксуз болгон дүйнөдө Иегованын Күбөлөрү Ыйык Китепте сунуш кылынган адеп нормаларына ылайык жашоого умтулушат. Мунун натыйжасында алар басымдуу көпчүлүктөн айырмаланып турушат. А бул көп учурда кээ бирлердин көңүлүн бурдурса, кээ бирөөлөрдүн жек көрүүсүн туудурат.
Бир телебаяндамачы Лондондо болуп өткөн облустук жыйынында Күбөлөрдүн биринен: «Иегованын Күбөлөрү чынында эле Ыйсанын жолдоочуларыбы?» — деп сураган. Күбө: «Ооба, чыныгы жолдоочулары, анткени Ыйса — биз үчүн өрнөк. Дүйнө өзүмчүлдүккө малынып турганда, биз Ыйса Машайыкты жол, чындык жана өмүр катары көрүп, ой-акылыбызды ага багыттайбыз. Биз анын Кудай Уулу экенине, Үчилтиктин бир бөлүгү эместигине ишенебиз. Ошентип, биздин Ыйык Китепти түшүнүүбүз жалпыга таанымал диндердин түшүнүүсүнөн айырмаланып турат»,— деп жооп берген.
Баяндамачы бул маекти Би-би-си телевидениесинен көрсөтүп, программанын соңунда: «Иегованын Күбөлөрүнүн биздин эшикти тыкылдатып эмне себептен келип жатканын мен эми көбүрөөк түшүнө баштадым. Ушунчалык татынакай кийинип, бир жерде, бир убакта өздөрүн жакшы алып жүргөн 25 000 адамды мен ушу кезге чейин көрө элек болчумун»,— деген. Кудайдын өзгөрбөс нормаларына кармануу акылмандыкка жатарын сырттан байкаган адамдар үчүн бул кандай сонун күбөлөндүрүү!
Кээ бирөөлөр өздөрүнүн көңүлүнө төп келбеген нормаларды четке кагышат. Биз силерди Ыйык Китепке кайрылып, Кудайдын нормалары менен таанышууга чакырабыз. Бирок үстүртөн эле окуп-изилдеп тим болбогула. Расул Павелдин: «Бул кылым менен биригип кетпегиле, бирок Кудайдын жакшы, жагымдуу жана жеткилең каалоосу эмне экенин таанып билүү үчүн, өз акылыңарды жаңыртуу менен өзгөрүлгүлө (жаңылангыла)»,— деген чакырыгын көңүлгө алгыла (Римдиктер 12:2). Ошондой эле жашаган жериңерге жакын жайгашкан Падышалык залына барып, Иегованын Күбөлөрү менен таанышсаңар болот. Силер алардын Ыйык Китептеги убадаларга ишенген, Кудайдын нормалары боюнча жашоого аракеттенүү менен ага ишеним көрсөткөн кадимкидей эле адамдар экенин көрө аласыңар.
Өздүк жашооңордо Кудайдын өзгөрүлгүс жана ишенүүгө татыктуу нормаларына кармануу менен көп баталарга жетериңер шексиз. Ошондуктан Кудайдын: «О, эгер Менин осуяттарыма сен көңүл бурган болсоң! Анда сенин тынчтыгың дарыядай, жана сенин чындыгың деңиз толкунундай болот эле!» — деген чакырыгын көңүлгө алгыла (Исаия 48:18).