-
«Бекемдей турган сөздөрдү» сүйлө«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»
-
-
7, 8. Сүйлөгөн сөзүбүзгө эмне үчүн олуттуу көңүл бурушубуз керек?
7 Сүйлөгөн сөзүбүзгө маани беришибиз керектигинин үчүнчү себеби сүйлөгөн сөзүбүз үчүн Жахабанын алдында жооп беребиз. Тилибизди кандай колдонгонубуз башкалар менен болгон мамилебизге эле эмес, Жахаба менен болгон мамилебизге да таасир этет. Жакып 1:26да: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз»,— делетb. Мурунку бөлүмдөн билгенибиздей, сөздөрүбүз сыйынуубуз менен тыгыз байланышта. Эгер тилибизди ооздуктабай, зыяндуу, заар сөздөрдү сүйлөсөк, кылып жаткан кызматыбыздын баары Кудайдын көз алдында куру бекер болуп калышы мүмкүн. Бул сүйлөгөн сөздөрүбүзгө олуттуу көңүл бурушубуз керек экенин көрсөтүп турган жокпу? (Жакып 3:8—10).
-
-
«Бекемдей турган сөздөрдү» сүйлө«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»
-
-
b «Пайдасыз» деп берилген грек сөзү «куру бекер» деп да которулат (1 Корунттуктар 15:17).
-