Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • kl 15-бөл. 140—149-бб.
  • Кудайга даңк алып келерлик үй-бүлө куруу

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Кудайга даңк алып келерлик үй-бүлө куруу
  • Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУГА КЕРЕКТҮҮ «ШАЙМАНДАР»
  • БАЛДАРДЫ КУДАЙ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМГЕ ЫЛАЙЫК КАНТИП ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?
  • «АКЫЛДУУ КЕҢЕШТЕРДИ» КАНТИП ТАБУУГА БОЛОТ?
  • Тойдун эртеси
    «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?»
  • Нике — Кудайдын белеги
    «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?»
  • Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
  • Нике — мээримдүү Кудайдын белеги
    «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»
Дагы башкасы
Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
kl 15-бөл. 140—149-бб.

15-бөлүм

Кудайга даңк алып келерлик үй-бүлө куруу

1—3. Кээ бир адамдар никеге жана балдарды тарбиялоого байланышкан кыйынчылыктарды эмне себептен чече алышпайт жана бул жагынан Ыйык Китеп кантип жардам берет?

СЕН үй курууну чечтиң дейли. Алгач жер сатып аласың, анан жаңы үйүң кандай болорун элестетип көрөсүң. Бирок керектүү шаймандарың менен курулуш боюнча тажрыйбаң жок болсочу? Аракеттериңдин баары талаага кетмек!

2 Бактылуу үй-бүлө курам деген үмүттө үйлөнгөндөрдүн көптөрүнүн ага керектүү «шаймандары» жана билими жок. Ошондуктан үйлөнүү тоюнан көп өтпөй эле жаман адаттар чыга баштайт. Урушуу-араздашуулар көндүм адатка айланат. А балалуу болгондо жаш ата-эне аны тарбиялоо жөнүндө билгендери нике тууралуу билгендеринен ашып түшпөсүн аңдашат.

3 Бактыга жараша, Ыйык Китеп эң сонун жардам берет. Андагы принциптер бактылуу үй-бүлө курууга жардам берүүчү шаймандар сыяктуу (Накыл сөздөр 24:3). Кел, кантип бактылуу үй-бүлө курса болорун карап көрөлү.

БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУГА КЕРЕКТҮҮ «ШАЙМАНДАР»

4. Никеде эмне себептен кыйынчылыктар пайда болот жана Ыйык Китепте кандай көрсөтмөлөр берилет?

4 Жубайлар бири-бирине канчалык төп келишпесин, алардын жашоого болгон көз караштары ар башка, ар бири эки башка үй-бүлөдөн эки башка тарбия алышкан. Андыктан үйлөнүү үлпөтүнөн кийин кандайдыр бир кыйынчылыктардын пайда болору шексиз. Аларды кантип чечсе болот? Үй куруп жатышканда куруучулар архитектуралык план боюнча иш жүргүзүшөт. Алар архитектордун көрсөтмөлөрү менен иштөөгө милдеттүү. Ыйык Китепте бактылуу үй-бүлө курууга карата Кудайдын көрсөтмөлөрү берилген. Кел анда, алардын айрымдарын талдап чыгалы.

5. Ыйык Китепте ишенимдүүлүктүн маанилүү экендиги кандайча баса көрсөтүлөт?

5 Ишенимдүүлүк. Ыйса: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»a,— деп айткан (Матай 19:6). Элчи Пабыл: «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт»,— деп жазган (Эврейлерге 13:4). Демек, никелешкендер Кудай алдындагы жоопкерчиликтерин сезип, өмүрлүк жолдошуна ишенимдүү бойдон калышы керек (Башталыш 39:7—9).

6. Никени сактоого ишенимдүүлүк кантип жардам берет?

6 Ишенимдүүлүк никени коргойт жана баалуу кылат. Бири-бирине ишенген жубайлар, бир нерсе болсо, бири экинчисин жөлөп-таярын билишет (Насаатчы 4:9—12). Алар биринчи эле келишпестиктен кийин ажырашып кеткендерден кандай гана айырмаланышат! Жеңил ойлуу адамдар шак эле «өмүрлүк жар тандоодо жаңылган экенмин», «мындан ары бири-бирибизди сүйө албайбыз», башка бирөөнү табуудан башка айла жок деген жыйынтыкка келишет. Бирок мындай көз караш аларга эмоционалдык жактан жетилген адамдардан болууга тоскоолдук кылат. Алар жаңы түгөйүнө ошол эле кыйынчылыктарды алып келишет. Эгерде адамдын жакшынакай үйү болсо, анан күтүлбөгөн жерден үйүнүн төбөсүнөн суу тамчылай баштаганын көрсө, ал, албетте, тешикти бүтөгөнгө аракет кылмак. Ал шак эле жаңы үйгө көчүп кетпейт да. Ошол сыңары, түгөйдү алмаштыруу да үй-бүлөлүк кыйынчылыктарды чечпейт. Кыйынчылыктар пайда болсо, мүмкүн болушунча эртерээк ажырашууга умтулбай, болгон күч-аракетиңди никеңди сактап калууга жумша. Ушундай ишенимдүүлүк никени коргоп, сактайт.

7. Эмне себептен көп учурда түгөйлөргө пикир алышуу кыйын, бирок «жаңы адамга» кийинсек, баары кандай болуп өзгөрөт?

7 Пикир алышуу. Ыйык китептик накыл сөздө: «Кеңешпей кылган иштер бузулат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:22). Бирок пикир алышуу айрым жубайлар үчүн кыйынга турат. Эмне үчүн? Анткени адамдардын пикир алышууга болгон муктаждыктары ар башка. Бул айырмачылык көп учурда түшүнбөстүккө жана көңүл калууга алып келет. Буга алган тарбиясы себеп болушу мүмкүн. Мисалы, кээ бирөөлөр ата-энеси дайыма талашып-тартышкан үйдө өскөн. Азыр чоңоюп, өздөрү никеде турушат, бирок өмүрлүк жолдошу менен жылуу-жумшак сүйлөшкөндү билбейт. Ошентсе да үйүң «уруш-талаш токтобогон» жайга айланбашы үчүн, бир нерсе кылсаң болот (Накыл сөздөр 17:1). Ыйык Китепте «жаңы адамга» кийинип, кыжырданууну, ачууланууну, каарданууну жок кылуу зарыл экени баса көрсөтүлөт (Эфестиктерге 4:22—24, 31).

8. Пикир келишпестиктер пайда болгондо эмнени эстеген жакшы?

8 Пикир келишпестиктер пайда болгондо эмне кылсаң болот? Эгерде жагдай курчуп баратса, Накыл сөздөр 17:14төгү: «Чатакты күчөп кете электе токтот»,— деген кеңешти колдонгондон өтөрү жок. Ооба, сүйлөшүүнү убактылуу, ачууңар тарагыча токтото турганыңар абзел (Насаатчы 3:1, 7). Эмнеси болсо да, «укканга даяр, ойлонуп сүйлөп, ачууга алдырбаган» адам болууга аракеттен (Жакып 1:19). Жеңгенге эмес, а жагдайды чечкенге умтул (Башталыш 13:8, 9). Өзүңдү, ошондой эле никелик жолдошуңду да тынчтандыра турган сөздөрдү тандап сүйлөгөнгө аракеттен (Накыл сөздөр 12:18; 15:1, 4; 29:11). Андан тышкары, ичиңден кыжырдана бербей, Кудайдан жардам издеп, момун болуп өмүрлүк жарың менен чогуу тилен (Эфестиктерге 4:26, 27; 6:18).

9. Эмне үчүн пикир алышуунун ачкычы жүрөктө десек болот?

9 Ыйык китептик накыл сөздө: «Акылдуу адамдын жүрөгү адамдын тилин да акылдуу кылат, оозундагы билимин да арттырат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 16:23). Чынында эле, чечилип сүйлөшүүнүн купуя сыры ооздо эмес, жүрөктө жатат. Сен жубайыңа кандай мамиле кыласың? Ыйык Китеп Ыйсанын жолдоочуларын «боорукер» болууга чакырат (1 Петир 3:8). Эгер жолдошуң бир нерсенин кесепетинен катуу тынчсызданып жатса, боорукердик көрсөтүүгө даярсыңбы? Даяр болсоң, керектүү сөздөрдү таба аласың (Ышайа 50:4).

10, 11. Күйөө 1 Петир 3:7деги кеңешти кантип колдоно алат?

10 Сыйлоо жана урматтоо. Ыйсаны жолдогон күйөөлөргө аялдарыңарга «назик идишти аярлагандай... туура мамиле кылып... урмат көрсөткүлө» деп айтылат (1 Петир 3:7). Аялды сыйлоо аны баалап-барктоо дегенди билдирет. Колуктусуна «туура мамиле кылган» күйөө анын сезимдерин терең түшүнүү менен мамиле кылып, анын күчүн, эстүүлүгүн эске алат да, инсандык касиетин сыйлайт. Ал ошондой эле аялдарга Жахаба кандай мамиле кыларын жана башкалардан кандай мамиле жасоону талап кыларын билүүгө аракеттениши керек.

11 Сенин абдан баалуу, бирок морт вазаң бар деп коёлу. Аны өзгөчө этияттык менен пайдаланбайт белең? Петир ушундай мааниде «назик идиш» деген сөз айкашын колдонгон; бул салыштыруу Кудай жолундагы күйөөгө аялына камкордук менен назик мамиле кылууга түрткү бериши керек.

12. Аял күйөөсүн урматтай турганын кантип көрсөтө алат?

12 А аялдарга Ыйык Китеп кандай кеңеш берет? Пабыл: «Аял болсо күйөөсүн урматтасын»,— деп жазган (Эфестиктерге 5:33). Күйөөсүнүн баалап-барктап, назик сүйөрүн билүү аялга кандай маанилүү болсо, күйөөгө да аялынын урматташы ошондой эле маанилүү. Күйөөсүн сыйлаган аял, ал Ыйсанын жолдоочусубу, жокпу, анын каталары жөнүндө айтып, ушактабайт. Ал күйөөсүн жекеме-жеке же элдин көзүнчө сындап, баркын түшүрбөйт (1 Тиметейге 3:11; 5:13).

13. Өз пикирин кандайча жай айтса болот?

13 Бул аялга пикирин айтканга болбойт дегенди билдирбейт. Эгер аны бир нерсе тынчсыздандырып жатса, ал жөнүндө сыпаалык менен айтса болот (Башталыш 21:9—12). Күйөөсүнө керектүү ойду айтуу ага топ ыргыткандай эле. Топту жолдошу жеңил-желпи тосуп алгыдай кылып жумшак же, тескерисинче, ага катуу тийгидей кылып, бардык күчү менен ыргытса да болот. Жубайлар бири-бирин күнөөлөбөй, жайбаракат отуруп сүйлөшкөнгө аракеттенишсе кандай сонун! (Матай 7:12; Колостуктарга 4:6; 1 Петир 3:3, 4).

14. Өмүрлүк жарың ыйык китептик принциптерди колдонбосо, эмне кылышың керек?

14 Ыйык Китептеги принциптердин бактылуу үй-бүлө курууда баа жеткис жардам экенин көрдүк. Бирок өмүрлүк жарың Ыйык Китептин айткандарына кызыкпасачы? Кандай болбосун, көп нерселер сенин Кудай жөнүндөгү билимди колдонгон-колдонбогонуңдан көз каранды. Петир: «Аялдар, силер да күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе, ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, силердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга ишенгидей болсун»,— деп жазган (1 Петир 3:1, 2). Албетте, бул сөз аялы Ыйык Китепке кош көңүл караган күйөөлөргө да тиешелүү. Өмүрлүк жарың өзүн кандай алып жүрбөсүн, ыйык китептик принциптер сенин өзүңө жакшы таасир эткидей болсун. Кудай жөнүндөгү билим сага да — атасыңбы, энесиңби — оң таасирин тийгизет.

БАЛДАРДЫ КУДАЙ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМГЕ ЫЛАЙЫК КАНТИП ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?

15. Эмне себептен кээде тарбиялоонун туура эмес ыкмалары муундан муунга өтүп келатат жана муну кантип өзгөртсө болот?

15 Адамдын араасы же балкасы болсо эле, бул анын колунан көөрү төгүлгөн уста экендигин билдирбейт. Анын сыңарындай, кимдир бирөөнүн балдары бар болсо эле, бул анын тажрыйбалуу ата же эне экенин айгинелебейт. Көп учурда ата-энелер балдарын билип же билбей туруп эле өздөрү көргөн тарбияга салып чоңойтушат. Ушинтип, тарбиялоонун туура эмес ыкмалары муундан муунга өтүп келатат. Байыркы ысрайыл элинде: «Ата-бабалар кычкыл жүзүм жешти... балдардын тиши камалды»,— деген макал колдонулчу. Бирок Ыйык Жазма адам ата-энесинин таптап койгон жолу менен жүрүүгө милдеттүү эмес экенин айтат. Ал Жахабанын мыйзамдарына туура келген башка жолду тандап алса болот (Жезекиел 18:2, 14, 17).

16. Эмне үчүн үй-бүлөңө кам көргөнүң маанилүү жана буга эмнелер кирет?

16 Жахаба анын жолунда жүргөн ата-энелерден балдарына туура көрсөтмө берип, алардын муктаждыктарына кам көрүшүн күтөт. Пабыл мындай деп жазган: «Ким өз туугандары үчүн, айрыкча, өз үйүндөгүлөр үчүн кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам» (1 Тиметейге 5:8). Кандай гана курч сөздөр! Кудайдан корккон адам үчүн балага кам көрүү, башкача айтканда, баласынын денелик, рухий жана эмоциялык муктаждыктарын канааттандыруу өтө чоң артыкчылык жана жоопкерчилик. Ыйык Китепте ата-энелер үчүн балдарын өстүрүүгө эң сонун жардам берерлик принциптер бар. Алардын кээ бирлерин карап көрөлү.

17. Кудайдын мыйзамын балдардын жүрөгүнө салуу үчүн эмне керек?

17 Үлгү болгула. Ысрайылдык ата-энелерге: «Аларды [Кудайдын сөздөрүн] үйүңдө олтурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— деген буйрук берилген. Ата-энелер балдарына Жахабанын мыйзамдарын үйрөтүүгө милдеттүү болчу. Бул буйрук: «Мен бүгүн осуяттап жаткан ушул сөздөрдү жүрөгүңдө сакта»,— деген сөздөр менен башталган (Мыйзам 6:6, 7). Чынында эле, ата-эне өздөрүндө жок нерсени балдарына бере албайт. Эгерде Кудайдын мыйзамдары балдарыңардын жүрөгүндө болушун кааласаңар, алар алгач өзүңөрдүн жүрөгүңөрдө болушуна кам көрүшүңөр керек (Накыл сөздөр 20:7; салыштыр: Лука 6:40).

18. Жахаба сүйүү көрсөтүү жагынан кандай сонун үлгү берген?

18 Сүйөрүңөргө ынандыргыла. Ыйса чөмүлдүрүлгөндө, Жахаба: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын»,— деп жарыялаган (Лука 3:22). Ушинтип Жахаба өзүнүн Уулу ким экенин билдирип, ага ыраазылыгын айтып, сүйөрүнө ынандырган. Кийинчерээк Ыйса Атасына: «Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң»,— деп айткан (Жакан 17:24). Андыктан Кудайдан корккон ата-эне катары балдарыңарга сүйүүңөрдү көрсөтүп, эркелеткенден уялбагыла жана муну мүмкүн болушунча бат-баттан кылгыла. «Сүйүү адамдын акылына акыл кошору» ар дайым эсиңерде болсун (1 Корунттуктарга 8:1).

19, 20. Балдарды туура насааттоо деген эмне жана бул жагынан ата-энелер Жахабадан эмнеге үйрөнө алышат?

19 Балдарыңарды насааттагыла. Ыйык Китеп сүйүүгө негизделген акыл-насааттын маанилүүлүгүн баса белгилейт (Накыл сөздөр 1:8). Балдарды насааттоо милдетине салкын мамиле кылган ата-энелер акыры өкүнүчтүү натыйжаларга дуушар болушат. Бирок ата-энелерге башка чектен чыкпоо керектиги да эскертилет. «Аталар,— деп жазган Пабыл,— балдарыңарды кыжырдантпагыла, алардын көңүлү чөкпөсүн» (Колостуктарга 3:21). Ата-энелер балдарын кайра-кайра эле кагып-силкүүдөн, кетирген каталарын эскерте берүүдөн жана кылган аракеттерин баалабай коюудан качышы керек.

20 Асмандагы Атабыз, Жахаба Кудай, тарбиялоонун үлгүсүн берип жатат. Ал жазалаганда эч убакта чектен чыкпайт. Кудай өзүнүн элине: «Сени чеги менен жазалайм»,— деген (Жеремия 46:28). Ата-энелер бу жагынан Жахабаны туурашы керек. Акылмандыктын жана оңдоо менен насааттоонун башкы максатынын чегинен чыккан тартиптөө чаралары балдарды кыжырдантары шексиз.

21. Баланы тарбиялоодо колдонуп жаткан чараларынын канчалык ийгиликтүү экенин ата-энелер кантип биле алышат?

21 Балдарын тарбиялоодо колдонгон чараларынын канчалык ийгиликтүү экенин ата-энелер кантип биле алышат? Алар өздөрүнөн: «Балага бул кандай таасир этти?» — деп сурашса болот. Жазалоо сабак катары кызмат кылышы керек. Бала эмне үчүн жазаланып жатканын түшүнүшү зарыл. Ата-энелердин жазалоо кандай натыйжаларды берерин алдын ала көрө билүүсү абзел. Албетте, жазалаганда балдардын баары эле адегенде таарынышат (Эврейлерге 12:11). Бирок оңдоп-түздөө максатындагы жазалар баланы эч качан коркутпашы керек, ошондой эле өзүн керексиздей, эч оңолбочудай сезишине жол берилбеши кажет. Жахаба элин жазалаардын алдында: «Коркпо... Мен сени мененмин»,— деп айткан (Жеремия 46:28). Ооба, оңдоочу жазаларды бала силердин сүйөрүңөрдү жана ага кам көрүп жатканыңарды түшүнгүдөй кылып колдонуу зарыл.

«АКЫЛДУУ КЕҢЕШТЕРДИ» КАНТИП ТАБУУГА БОЛОТ?

22, 23. Бактылуу үй-бүлө курууга керектүү акылдуу кеңештерди кантип таба аласың?

22 Бактылуу үй-бүлө курууга керектүү «шаймандарды» берип жатканы үчүн Жахабага ыраазы болушубуз керек. Бирок ал шаймандарга ээ болуп эле коюу аздык кылат. Биз аларды туура колдонушубуз керек. Шаймандарды туура колдонгонду жаңы эле үйрөнгөн куруучуну мисалга алалы. Ал шаймандардын айрымдарын туура эмес колдонуп салышы да мүмкүн. Бул акыр-аягы иштин сапатына залакасын тийгизери шексиз. Балким, азыр үй-бүлөңдөгү кемчиликтерди байкагандырсың. Алардын айрымдарынан кутулуу оңойго турбашы ыктымал. Бирок Ыйык Китептин кеңешине ылайык иш кылуу пайдалуу: «Акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат» (Накыл сөздөр 1:5).

23 Кудай жөнүндө билим алууну уланта берсең, акылдуу кеңештерди табасың. Үй-бүлөлүк жашоого тийиштүү ыйык китептик принциптерге көңүл бур жана эгер керек болсо, өзгөрүүлөрдү жаса. Рухий жактан жетилген жана жакшы жубайлар, жакшы ата-эне деген атка конгон Ыйсанын жолдоочуларынан үлгү ал. Алар менен сүйлөш. Андан сырткары, кыйынчылыктарыңды Жахабага тиленүү аркылуу айтып тур (Забур 54:23; Филипиликтерге 4:6, 7). Ал өзүнө даңк алып келе тургандай бактылуу үй-бүлө курушуңа жардам берет.

[Шилтемелер]

a Ажырашууга жана кайрадан никеге турууга жол берген ыйык китептик жалгыз себеп — «ойноштук», башкача айтканда, никеден тышкаркы жыныстык катнаш (Матай 19:9).

БИЛИМИҢДИ ТЕКШЕР

Ишенимдүүлүк, пикир алышуу,сый-урмат көрсөтүү никенин бактылуу болушуна кандайча өбөлгө түзөт?

Ата-энелер балдарына сүйүүсүн кантипкөрсөтүшсө болот?

Балдарды туура насааттоого эмнелер кирет?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү