Принциптерди түшүнө билүү — жетилгендиктин белгиси
ЖАМАН адамдар менен болгон мамилелер жакшы мүнөздөрдү бузат. Эмне сепсең, ошону оросуң (1 Коринфтиктерге 15:33; Галатиялыктарга 6:7). Кадимки же рухий көз караш менен болобу, бул ырастоолордун ар бири жалпы чындыктын — принциптин — мисалы жана мыйзамдардын негизинде жатат. Бирок мыйзамдар убактылуу, ошону менен бирге конкреттүү. Принциптер болсо жалпы мүнөзгө ээ жана түбөлүккө күчүндө кала алат. Ошондуктан Кудайдын Сөзү бизди ар дайым, мүмкүнчүлүк болгон кезде, тигил же бул жагдайда кайсы принципти колдонууга боло турганы жөнүндө ой жүгүртүүгө үндөп турат.
«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» (1969–ж.) «принцип» деген сөз «кандайдыр бир теориянын, окуунун, илимдин жана башкалардын келип чыккан негизги жобосу, эрежеси» деп айтылат. А. П. Евгеньеванын «Орус тилинин төрт томдук сөздүгүндө» «принцип» «кандайдыр бир иш үчүн жетекчилик, негизги эреже, көрсөтмө» деп берилген. Мисалы, кичинекей бала үчүн эреже белгилөөгө болот: «Мешке тийбе». А чоң адамга: «Меш ысык»,— деп айткан жетиштүү. Экинчи ырастоо кеңирирээк экенин көрүп турабыз. Бул ырастоо адамга андан аркы кыймылына жетекчилик берүүдө: балким, ал тамак даярдайт, бышырат же мешти өчүрөт, ошондуктан бул ырастоо принцип болууда.
Албетте, жашоонун негизги принциптери — рухийликке тиешелүү принциптер; Кудайга сыйынууда алар жетекчилик катары пайдаланылат, аларга кармангандык бакыт тартуулайт. Ошондой болсо да, кээ бир адамдар принциптердин үстүнөн ой жүгүртүүгө күч жумшоону каалашпайт. Чечим чыгарыш керек болгондо, мындай адамдар даяр эреже боюнча иш кылууну тандашат. Бул акылдуулукка жатпайт жана ыйык китептик убактардагы ишенимдүү адамдардын үлгүлөрүнө карама–каршы (Римдиктерге 15:4).
Алар Кудайдын принциптери боюнча жашашкан
Жеткилең эмес адамдардын ичинен Кудайга жаккан принциптер боюнча жашаган адамдардын биринчиси Авел болгон. Кыязы, ал убадаланган «тукум» жөнүндө көп ой жүгүртүп, акыры күнөөнү жууш үчүн кан чыгаруу керектигин түшүнгөн (1 Муса 3:15). Ошондуктан Авел Кудайга «үйүрүнүн төл башыларын» алып келген. «Алардын ич майларынан да» деген сөздөр Авел Иеговага өзүндө болгондун эң жакшысын бергенин көрсөтүп турат. Иегова курмандык чалуунун толук көрсөтмөлөрүн Авел өлгөндөн эки миң жылдан ашык убакыттан кийин гана берген. Кудайдан корккон жана принципиалдуу Авелден айырмаланып, анын бир тууганы Каин Кудайга курмандыкты көз боёмолдоо үчүн гана алып келген. Каиндин курмандык чалууга кылган мамилеси туура эмес эле. Каиндин белеги анын жүрөгүндө принциптерди түшүнүүнүн жетишсиздигин көрсөткөн нерсе болгон (1 Муса 4:3—5).
Нух дагы Кудайдын принциптери боюнча жашаган. Ыйык Китептин билдирүүсүндө Кудай Нухка кеме курууга айкын буйрук бергендиги тууралуу айтылса да, ага кабар айтууга көрсөтмө берилгени жөнүндө айтылбайт. Бирок Нух «адилеттиктин жарчысы» деп аталган (2 Пётрдун 2:5). Балким, Кудай өзү Нухка кабар айтууну буйрук кылган болсо да, бирок Нухтун принциптерди түшүнө билгендиги жана анын жакынга болгон сүйүүсү ага кошумча түрткү берүүчү күч болгону шексиз. Биз Нухтун убагына окшош убакта жашап жаткандыгыбыздан, келгиле, анын эң сонун үлгүсү менен жүрөлү жана ушундай көз карашта бололу.
Ошол кездеги дин башчылардан айырмаланып, Ыйса адамдарды принциптердин үстүнөн ой жүгүртүүгө үйрөткөн. Буга мисал — анын тоодогу насааты. Бул насааттын жалпы мааниси — принциптер менен жашоого чакырык (Матфейден 5—7–баптар). Ыйсанын ушундай жол менен үйрөткөндүгүнүн себеби, өзүнө чейин жашаган Авел менен Нухка окшоп, ал Кудайды чындыгында жакшы билген. Жаш кезинде эле ал негиздүү чындыкты терең урматтаган: «Адам жалаң нан менен жашабайт, а Теңирдин оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт» (5 Муса 8:3; Лукадан 2:41—47). Ооба, Кудайдын принциптери менен жүрүү үчүн, баарынан мурда Иегованы, ал жактырган, жактырбаган нерселерди жана анын ниеттерин чындап билүү керек. Эгерде Кудай жөнүндөгү ушул билимдер жашообузду башкарса, анда алар чынында «тирүү» принциптер болот (Иеремия 22:16; Еврейлерге 4:12).
Принциптер жана жүрөк
Тил албастык үчүн жазалануу коркунучунан улам, мыйзамга баш ийүүгө болот дечи. Бирок, принциптерге ылайык жашаса, мындай ой жүгүртүүдөн качууга болот, анткени принциптердин маңызы — принциптерге чын жүрөктөн кармануу. Авел менен Нухка окшоп, Мусанын мыйзамы аркылуу келишим түзүлгөнгө чейин жашаган Жусупту алалы. Потифардын аялы Жусупту азгырууга аракеттенгенде, Жусуп: «Кудайдын алдында мен кантип арам иш кылам да, кантип күнөөгө батам?»,— деген. Ооба, Жусуп күйөөсү менен аялы «бир дене» деген принципти билген (1 Муса 2:24; 39:9).
Бүгүнкү күнү дүйнөдө адилет принциптер жок. Адамдар токтолбостон зомбулукка, адеп–ахлаксыздыкка батып баратышат. Христиан адам, балким, жашыруун түрдө ушундайларга толгон кино жана видео тасмалардан же китептерден даам татып эле көргүсү келип, азгырылып кетиши мүмкүн. Мындай учурларда, келе жаткан ‘эң чоң кайгыда’ Кудай өзүнө берилгендерди гана сактай турганын эстен чыгарбай, Жусупка окшоп, жаман ишти четке какканыбыз мактоого татырлык (Матфейден 24:21). Ооба, ичибизде кандай экенибиз негизинен өзүбүздү элдин көзүнчө эмес, а эч ким жокто кантип алып жүргөнүбүздөн билинет (Забур 10:4; Үлгүлүү аңгемелер 15:3).
Демек, эгерде ыйык китептик принциптер менен жетектелсек, Кудайдын мыйзамдарынан кыйкым издебейбиз; кандайдыр бир белгилүү мыйзамды бузбастан, кайсы чекке чейин жетүүгө болот деп байкап көрүүгө да аракеттенбейбиз. Мындай ой жүгүртүү өзүбүзгө өзүбүз душман экенибизди көрсөтүп турат; мындай ой жүгүртүү акыр–аягы зыянын гана тийгизет.
Мыйзамдардын артында турган принциптерди изилдегиле
Христиандын жашоосунда мыйзамдар чоң роль ойной турганы күмөнсүз. Алар бизди сакчылардай коргоп турат, а бул мыйзамдардын негизинде көптөгөн маанилүү принциптер жатат. Принциптерди түшүнө билбегендик аларга байланыштуу мыйзамдарга болгон сүйүүбүздү суута алат. Буга мисал — байыркы израиль эли.
Кудай Израилге Он осуят берген, алардын биринчиси Иеговадан башка кудайларга сыйынууга тыюу салган. Бул мыйзамдардын артында турган негизги принцип Иегова баарынын Жаратуучусу экенинде болгон (2 Муса 20:3—5). Израиль эли ушул принцип боюнча жашаганбы? Бул суроого Иегова өзү жооп берет: «[Израилдиктер] жыгачка: „сен менин атамсың“ жана ташка: „сен мени туудурдуң“,— [дешкен]; анткени алар Мага [Иеговага] жүздөрүн эмес, аркасын бурушту» (Иеремия 2:27). Кандай гана ырайымсыз жана принциптерге негизделбеген акылсыздык! Мындай акылсыздык Иегованын жүрөгүн кандай гана жараланткан! (Забур 77:40, 41; Исаия 63:9, 10).
Христиандарга да Кудайдын мыйзамдары берилген. Мисалы, алар бутка сыйынуудан, адеп–ахлаксыздыктан жана канды туура эмес колдонуудан качууга тийиш. (Апостолдордун иштери 15:28, 29). Бул мыйзамдардын үстүнөн ой жүгүртсөк, алардын негизинде жаткан принциптерди көрөбүз, мисалы: Кудай биздин толук берилгендигибизге татыктуу; никелик жарга берилгендикти сактоо зарыл; Иегова — биздин Өмүр берүүчүбүз (1 Муса 2:24; 2 Муса 20:5; Забур 35:10). Эгерде бул көрсөтмөлөрдүн артында турган принциптерди түшүнө билип, терең бааласак, анда алар жыргалчылыгыбыз үчүн берилгенин түшүнөбүз (Исаия 48:17). Биз үчүн «Анын [Кудайдын] парыздары кыйын эмес» (1 Иоанндан 5:3).
Байыркы убактагы израилдиктер Кудайдын парыздарына көңүл бурушпай келишсе, Ыйсанын убагындагы алардын «мыйзам окутуучулары», окумуштуулары, экинчи чектен чыгып кетишкен. Алар таза сыйынууга тоскоолдук кылып, Кудайдын принциптерине көлөкө түшүргөн көптөгөн эрежелерди жана ырым–жырымдарды ойлоп чыгарышкан (Матфейден 23:2, БМК). Адамдар бул эрежелердин аткарылбаганына, үмүтсүздүккө жана эки жүздүүлүккө чыдоого аргасыз болушкан (Матфейден 15:3—9). Адамдар ойлоп тапкан эрежелердин көбү адам чыдагыс эрежелер эле. Колу сенек адамды айыктыргандан мурда Ыйса жанындагы фарисейлерден: «Ишемби күнү жакшылык кылыш керекпи?» — деп сураган. Алардын унчугушпаганы ачык эле «жок» дегенди билдирип турган, ошондуктан Ыйса ‘алардын жүрөктөрүнүн катуулугуна кейиген’ (Марктан 3:1—6). Фарисейлер ишемби күнү кырсыкка кабылган же ооруп калган үй жаныбарына (алар акчага келген нерсе да) жардам берүүгө даяр болушкан, ал эми сөз адамдын өмүрү же өлүмү жөнүндө жүрүп жатпаса, адамга жардам көрсөтүшчү эмес. Чынында алар адамдар чыгарган эрежелерге жана болбогон жөрөлгөлөргө абдан батып кетишкендиктен, сүрөт тартылган кездеменин үстүндө жөргөлөп жүргөнү менен сүрөттү толук көрө албаган кумурскалардай, Кудайдын принциптеринин толук сүрөтүн көрө алышкан эмес (Матфейден 23:23, 24).
Жадагалса балдар да, алардын жүрөктөрү ак ниет болсо, принциптерди түшүнүп, ошону менен Иегованы даңктай алышат. Он үч жаштагы Ребекканын мугалими класстагы балдардан кимиси акчага ойной турганын сураган. Көпчүлүгү ойношпой турганын айтышкан. Бирок мугалим ар кандай жагдайларды айтып киргенде, Ребеккадан башкалары баары бир ойношо тургандыгын моюндарына алышкан. Мугалим Ребеккадан жакшы иш үчүн 20 центтик лотерея билетин сатып алат белең деп сураган. Ребекка сатып албай турганын айтып, бул эмне себептен акчага ойногонго барабар боло турганын Ыйык Китеп боюнча түшүндүрүп берген. Андан кийин мугалим класстагыларга мындай деген: «Менин оюмча, силердин араңардан Ребекка гана мен накта „принциптер“ деп эсептеген нерселерге ээ». Ооба, Ребекка: «Бул менин диний ишенимиме карама–каршы»,— деп деле жооп берип коё алмак, бирок ал алда канча тереңирээк ой жүгүрткөн; ал кыз акчага ойноо эмне себептен туура эмес экенин жана эмне себептен буга катышпай тургандыгын түшүндүрүп бере алган.
Авел, Нух, Жусуп жана Ыйса сыяктуу адамдардын үлгүлөрү Кудайга сыйынууда өзүбүздүн ‘эстүүлүгүбүздү’ жана ‘акылыбызды’ колдонуу эмне себептен пайдалуу экенин көрсөтүп турат (Үлгүлүү аңгемелер 2:11; Римдиктерге 12:1). Христиандык насаатчы агалар ‘аларда болгон Кудайдын үйүрүн кайтарганда’, Ыйсаны туурашса, жакшы кылышат (1 Пётрдун 5:2). Ыйсанын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, Иегованын бийлигинин алдында Анын принциптерин сүйгөндөр гүлдөшөт (Исаия 65:14).