Жалган окутуучулардан сактангыла
«Силердин араңарда да жалган окутуучулар болот» (2 ПЁТРДУН 2:1).
1. Иуда эмне жөнүндө жазгысы келген жана эмне себептен ал катынын темасын өзгөртүп ийген?
БИРИНЧИ кылымда христиандык жыйналышта жалган окутуучулардын бар болгонун ойлонуп эле көрсөңөр! (Матфейден 7:15; Апостолдордун иштери 20:29, 30). Бул жөнүндө Ыйсанын бир тууганы Иуда билген. «Жалпы куткаруу жөнүндө» бир туугандарга жазайын деген ынтасы бар экенин айтып жатып, Иуда: «Силерге насыят жазып берүүнү туура деп таптым — касиеттүүлөргө бир жолу берилген ишеним үчүн аракетиңерди көрсөткүлө»,— деп кошумчалап кеткен. Эмне себептен Иуда өз катынын темасын өзгөртүп ийген? Себеби, анын жазганына караганда, жыйналышка ‘кайсы бирөөлөр жашырынып киришкен... биздин Кудайыбыздын ырайымын алар бузуктукка шылтоо кылып айландырышкан’ (Иуданын 3, 4).
2. Эмне себептен Пётрдун экинчи катынын экинчи бабы жана Иуданын каты абдан окшош?
2 Иуданын каты Пётрдун экинчи каты даяр болгондон кийин көп өтпөй эле жазылган болушу керек. Албетте, Иуда ошол каттын мазмуну менен тааныш болчу. Иуда өзүнүн таасир калтырарлык насыят берүүчү катында көптөгөн окшош ойлорду айтып кеткен. Ошондуктан Пётрдун экинчи катынын экинчи бабын окуп изилдеп жатып, ал каттын Иуданын каты менен көптөгөн окшоштуктары бар экенин байкайбыз.
Жалган окутуулардын кесепеттери
3. Пётрдун айтканына караганда, өткөн мезгилде эмне болгон жана келечекте эмне болот?
3 Бир туугандарды пайгамбарлык сөзгө көңүл бурууга чакыргандан кийин, Пётр: «Эл [байыркы Израиль элинин] арасында жалган пайгамбарлар болгондой, силердин араңарда да жалган окутуучулар болот»,— деп айткан (2 Пётрдун 1:14—2:1). Байыркы мезгилдерде Кудайдын элине чыныгы пайгамбарлыктар берилген болчу, бирок аларга жалган пайгамбарлардын окутууларынын бузуучу таасирине да каршылык көрсөтүүгө туура келген (Иеремия 6:13, 14; 28:1—3, 15). Иеремия: «Иерусалимдин пайгамбарларынан жийиркеничтүү нерселерди көрүп турам: алар ойноштук кылып жана жалган айтып жүрүшөт»,— деп жазган (Иеремия 23:14).
4. Эмне себептен жалган окутуучулар жок кылынууга татыктуу?
4 Жалган пайгамбарлардын христиандык жыйналышта жасай турган иштерин баяндап, Пётр: «Алар зыяндуу жалган окутууларды түзүшүп, аларды куткарган Теңирден [Ыйса Христостон] баш тартышып, өзүлөрүнө жок болууну тез алып келишет»,— деп айткан (2 Пётрдун 2:1; Иуданын 4). Биринчи кылымда пайда болгон сектантчылык азыркы күндөгү христиан дүйнөсүнүн пайда болушуна себепкер. Жалган окутуучулар жок кылынууга эмне себептен татыктуу экенин Пётр: «Бир далайы алардын бузуктугуна ээрчишет да, алар аркылуу чындыктын жолу жаманаттуу көрүнүп калат»,— деп көрсөткөн (2 Пётрдун 2:2).
5. Жалган окутуучулардын күнөөсү эмнеде?
5 Жалган окутуучулардын таасири астында жыйналыштын көптөгөн мүчөлөрүнүн бузук иштерди жасай башташканын элестетсеңер! «Бузуктук» деп которулган грек сөзү өзүн-өзү тыйбаган, уят-сыйытсыз, адеп-ахлаксыз, абийирсиз жүрүм-турумду билдирет. Пётр буга чейин христиандардын ‘дүйнөдө үстөмдүк кылуучу бузуктуктан алысташканын’ айткан болчу (2 Пётрдун 1:4). Бирок алардын кээ бирөөлөрү мурдагы иштерине кайта келүүгө даяр болушкан, ага көп учурда жалган окутуучулар күнөөлүү болушкан. Бул чындык жолун жаманатты кылган. Кандай гана өкүнүчтүү! Албетте, бүгүн муну ар бир Иегованын Күбөсү унутпашы керек. Иегованы жана анын элин жүрүм-турумдарыбыз менен же даңазалай, же уяткара турганыбызды унутпашыбыз керек (Үлгүлүү аңгемелер 27:11; Римдиктерге 2:24).
Жалган окутуулар кантип таратылат
6. Жалган окутуучулар эмне үчүн иш алып барышат жана көздөгөн максаттарына жеткенге кандай аракеттерди жасашат?
6 Жалган окутуучулар өздөрүнүн зыяндуу ойлорун кантип таратышарын билүү маанилүү. Муну алар өздөрүнө көп көңүл бурдурбай, башкача айтканда, байкатпастан жасашарын Пётр айтып кеткен. Ал: «Ач көздүк менен силерди кошомат сөз менен кармап турушат»,— деп кошумчалаган. «Биздин мезгилдин котормосунда»: «Алар ойлоп табышкан жалган окутуулары аркылуу ач көздөнүп силердин эсебиңерден пайда табышат»,— деп баса белгиленгендей, жалган окутуучулар керт баштарынын пайдасы үчүн эле иш алып барышат (2 Пётрдун 2:1, 3). Жалган окутуучулардын айткандары рухий жактан сак жүрбөгөн адамдарды ишендирип коюшу мүмкүн; мунун баары азгыруучулардын арамза максаттарына адамдарды кызмат кылдырып, ошолордун эсебинен пайда табуу үчүн, ийне-жибине чейин ойлонуштурулган сөздөр.
7. Биринчи кылымда кандай философия кеңири тараган?
7 Биринчи кылымдагы жалган окутуучулардын дүйнөдөгүлөрдүн ой жүгүртүүсүнүн таасири алдында болгону шексиз. Пётр өзүнүн катын жазып жатканда, гностицизм кеңири тарала баштаган болчу. Гностиктер материалдык дүйнө бузулган жана рухий дүйнөгө тиешелүүлөр гана жакшы дешчү. Ошондуктан, алардын кээ бирөөлөрүнүн айтуусу боюнча, адам өз денесин кантип колдонуп жатканы анча деле маанилүү эмес болгон. Бир канча убактан кийин адам өзүнүн денеси менен коштошот деп да айтышчу. Алар ушундан улам дененин күнөөлөрү, ошону менен бирге жыныстык жашоого байланыштуу күнөөлөр анча деле маанилүү эмес деген тыянак чыгарышкан. Кыязы, мындай көз караштар христианчылыкты тутушкан адамдарга да өз таасирин тийгизген.
8, 9. а) Кээ бир алгачкы христиандарга кандай бурмаланган ой жүгүртүүлөр таасирин тийгизген? б) Иуданын жазганына караганда, жыйналыштагы кээ бир адамдар кандай иштерди жасашкан?
8 Ыйык Китепти изилдеген бир илимпоздун айтымына караганда, чиркөөнүн кээ бир мүчөлөрү Кудайдын «ырайымы» же адамдар эмгек сиңирип ала албаган Кудайдын боорукерлиги жөнүндөгү окууну бурмалап салышкан (Ефесалыктарга 1:5—7). Алар: «Силер Кудайдын [адамдар эмгек сиңирип ала албаган] боорукерлиги бардык күнөөлөрдү тазалайт дейсиңерби?... Эгерде Кудайдын боорукерлиги аркасында биздин бардык күнөөлөрүбүз кечирилсе, келгиле анда күнөө жасай берели. Ачыгын айтсак, канчалык көп күнөө жасасак, Кудайдын [адамдар эмгек сиңирип ала албаган] боорукерлиги ошончолук күчтүү көрсөтүлөт да»,— деп ой жүгүртүшкөн. Силер мындан да артык бурмаланган ой жүгүртүүлөрдү жолуктурдуңар беле?
9 Апостол Павел: «Ырайым көбөйсүн үчүн, биз күнөөдө кала берелиби?»— деген суроону берип, Кудайдын ырайымы жөнүндөгү жалган түшүнүктөрдү четке каккан. «Биз заңдын астында эмес, ырайымдын астындабыз деп күнөө кылабызбы?» — деген да суроо берген. Павел эки суроого тең: «Эч кандай»,— деп чечкиндүү түрдө жооп берген (Римдиктерге 6:1, 15). Ооба, Иуда жазгандай, кээ бир адамдар ‘Кудайыбыздын ырайымын бузуктукка шылтоо кылып айландырышкан’. Бирок Пётр «алардын өлүмү үргүлөбөйт» экенин алдын ала эскерткен (Иуданын 4; 2 Пётрдун 2:3).
Сабак болуучу мисалдар
10, 11. Пётр сабак болуучу кайсы үч мисалды келтирип кеткен?
10 Атайлап күнөө жасагандарды Кудай жоопко тарта тургандыгын баса белгилөө үчүн, Пётр Жазмадан сабак болуучу үч мисалды келтирет. Башында ал: ‘Кудай күнөө кетирген периштелерди [да] аяган эмес’,— деп жазат. Иуданын айтканына караганда, бул периштелер ‘өз абийирлерин сакташпай, [асмандагы] өз үй-жайларын таштап кетишкен’. Топон суунун алдында алар адамдардын кыздары менен жыныстык катнашта болуу үчүн, жерге түшүп келишкен жана адамдык денеге кийинишкен. Алар адепсиз, табийгатка каршы жүрүм-турумдары үчүн жазаланып, «тартарга» ыргытылышкан же, Иуданын катында айтылгандай, ‘улуу күндүн соту үчүн, караңгылыктын астында, түбөлүк кишенделүүдө кармалып турушат’ (2 Пётрдун 2:4; Иуданын 6; 1 Муса 6:1—3).
11 Андан кийин Пётр Нухтун күндөрүндө жашаган адамдар жөнүндө айтып кеткен (1 Муса 7:17—24). Пётр Кудайдын Нухтун убагында ‘кадимки дүйнөнү аябай, бүткүл дүйнөдө кудайсыздардын үстүнө топон суу жибергендиги’ жөнүндө айткан. Аягында Пётр Кудайдын ‘Содом жана Гоморра шаарларын күлгө айлантып’, ‘эмдиги кудайсыздарга үлгү [«мисал», СК] катары көрсөткөнү’ жөнүндө жазган. Иуда ошол шаарлардын тургундарынын ‘бузуктук кылып жана бөлөк жасатты ээрчишкендигин’ кошумчалаган (2 Пётрдун 2:5, 6; Иуданын 7). Ошол шаарлардагы эркектер аялдар менен эле никеден тышкаркы жыныстык катнаштарда болушпастан, өз кумарларын эркектерге тутантышкан, а түгүл жаныбарларга да тутантышкан болуш керек (1 Муса 19:4, 5; 3 Муса 18:22—25).
12. Пётр айткандай, туура жүрүм-турумдар кандайча сыйланат?
12 Ушуларды айтып жатып, Пётр Иегованын ага берилгендик менен кызмат өтөгөндөргө сыйлыктарды бере турганын айтып кетет. Ал, мисалы, Кудайдын ‘топон суу жибергенде адилеттиктин жарчысы Нухтун үй-бүлөсүндөгү сегиз жанды гана сактап калганы’ жөнүндө айтып берет. Иегованын Содомдон «адил Лотту» кандайча куткаргандыгын айткандан кийин, Пётр: «Такыбааларды сыноодон кантип куткарууну, ал эми адилетсиздерди сот убагында жазалоо үчүн кандайча сактоону Теңир билет»,— деген тыянак чыгарат (2 Пётрдун 2:5, 7—9).
Жазага татыктуу иштер
13. Биринчи иретте сот күнүнө кимдер сакталып турат жана алардын эмне жөнүндө ойлонору анык?
13 Пётр Кудайдын сотунан качып кутула албай тургандарды да өзгөчө белгилеген; алар — ‘күнөөлүү кумарларларын ээрчип, бийликтерди жек көргөндөр’. Пётрдун: «Алар орой, тил албаган болушат жана жогоркуларга тил тийгизүүдөн коркушпайт»,— деп айтканынан Пётр ошондой адамдарды жактырбаганын оңой эле байкаса болот. Иуда аларды ‘кыялчы’ деп атайт жана «алар денесин арам кылышат... жана жогорку бийликтерди жамандашат» дейт (2 Пётрдун 2:10; Иуданын 8). Ыплас сексуалдык кыялдануулары аркылуу жетеленип, алар адеп-ахлаксыз жыныстык каалоолорун канааттандырууну издешет. Бирок алар кантип «башкаруучулукту жаратпай коюшат жана жогорку бийликтерди жамандашат»?
14. Жалган окутуучулар кантип «башкаруучулукту жаратпай коюшат жана жогорку бийликтерди жамандашат»?
14 Жогору жактан дайындалган бийликти жек көрүшүп. Христиандык насаатчы агалар даңазаланган Иегова Кудайдын жана анын Уулунун өкүлдөрү болушкандыктан, алар да кандайдыр бир өлчөмдө даңкка ээ. Албетте, Пётрга окшоп, алар да каталарды кетиришет, бирок Жазма жыйналыштын мүчөлөрүн ошондой даңк ыйгарылган адамдарга баш ийүүгө чакырат (Еврейлерге 13:17). Насаатчы агалардын кемчиликтери бар болсо да, мунун өзү аларды жамандаганга себеп эмес. Жалган окутуучулар тил тийгизгенге татыктуу болушса да, а түгүл периштелер ‘аларды жамандап катуу тил тийгизишпейт’ деп айткан Пётр. Ошол жалган окутуучулар жөнүндө Пётр: «Алар, жаратылыштан жетеленген тилсиз жаныбарлардай, кармалып жок болууга туулгандай болуп, өздөрү түшүнбөгөндөргө тил тийгизип, өздөрү чирий турган айбандардай жок болуп калышат»,— деп жазган (2 Пётрдун 2:10—13).
«Силер менен тойлошуп»
15. Жалган окутуучулар кандай амалдарды колдунушат жана алар башкаларды кайсы жерлерден азгырышат?
15 Бул бузулган адамдар — «уятсыз маскаралар жана кордоочулар»— «ыракатты күнүмдүк өтө жыргал турмуштан көрүшөт», анын үстүнө алар — арамзалар. Пётр жазгандай, алар ‘алдоочулуктарды’ пайдаланышып, өз иштерин билгизбей жасашат (2 Пётрдун 2:1, 3, 13). Мындай адамдар өздөрүнүн сексуалдык каалоолорун канааттандырууну сөзсүз эле ачык түрдө издешпейт же насаатчы агалардын Кудайдын адеп-ахлактык нормаларын колдоп туруу укугуна элдин көзүнчө каршы чыгышпайт. Пётр: «Алар силер менен тойлошуп, өздөрүнүн алдоочулуктары менен ыракатка батып жатышат»,— деп айткан. А Иуда: «Алар силердин сүйүү майрамыңардагы суу астындагы таштар»,— деп жазат. (Иуданын 12, БМК). Ооба, кеменин түбүн жара алган жана кыраакы эмес моряктарды өлүмгө дуушар кыла алган суу астындагы учтуу таштарга окшоп, жалган окутуучулар да ‘сүйүү майрамдарында’ сүйүүнү көрсөтүмүш болуп, сак болбогон адамдарды бузушкан.
16. а) «Сүйүү майрамдары» эмнени билдирчү жана адеп-ахлаксыз адамдар бүгүн ошого окшогон кайсы абалдарда таасирлерин тийгизиши мүмкүн? б) Жалган окутуучулар айрыкча кимдерди мээлешет жана ошол себептен андай адамдарга эмне кылуу зарыл?
16 «Сүйүү майрамдары», балким, биринчи кылымдагы христиандардын тамак ичүү жана пикир алмашуу үчүн чогулушкан достук кездешүүлөрү болгон. Бүгүн да Иегованын Күбөлөрү чогулуп турушат, мисалы, үйлөнүү тойлорду, жаратылышта эс алууларды, кечелерди уюштурушат. Бузулган адамдар кимдир бирөөнү азгыруу үчүн ушундай учурларды кандайча пайдаланып калышы мүмкүн? Пётр: «Алардын көздөрү нике бузууну каалашат... алар бекем эмес жандарды азгырышат»,— деп жазган. ‘Алардын жүрөктөрү ач көздүккө көнүшкөндүктөн’, алар рухий жактан туруктуу эмес, чындыкты жашоосунун эң негизги жолу кыла элек адамдарды мээлешет. Ошондуктан, Пётрдун күндөрүндө болгондор биз үчүн сабак болсун; сак болгула! Таза эмес умтулууларга каршы тургула, адеп-ахлаксыздыкты көздөп, силер менен калп эле ойноп-күлгөн адамдын жагымдуу көрүнүшүнө алданбагыла (2 Пётрдун 2:14).
«Валаамдын изине түшүп»
17. Валаамдын изи деген эмнени билдирет жана анын изине түшүү 24 000 израиль адамы үчүн эмнеге турган?
17 Бул «каргыштын уулдары» бир кезде чындыкты таанышкан. Алар жыйналыштын иштерине мурдагыдай эле катышып жүрүшкөндөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок Пётр аларды: «Түз жолду калтырышып, Беордун уулу Валаамдын изине түшүп адашышты; ал (Валаам) адилетсиздиктин төлөөсүн сүйүп кеткен болчу»,— деп айткан (2 Пётрдун 2:14, 15). Валаам пайгамбар өзүнүн пайдасы үчүн адеп-ахлаксыздыкты жактаган. Эгерде элди бузуктукка көндүрсө, Кудай израилди өзү эле каргай турганын Валаам моавиттик падыша Валакка айтып берет. Бул болсо моавиттик аялдар израиль элинин көптөгөн эркектерин азгырышына алып барган жана 24 миң адам өз адеп-ахлаксыз жүрүм-туруму үчүн өлгөн (4 Муса 25:1—9; 31:15, 16; Иоанндын аяны 2:14).
18. Валаам өзүнүн каалоолорунан кайтпастыгын кантип көрсөткөн жана жалган окутуучуларды акыры эмне күтүп турат?
18 Пётр Валаамдын жолунда тоскоолдук пайда болгонун, Валаам ушунчалык «адилетсиздиктин төлөөсүн сүйүп кеткендиктен», анын эшеги ага адамча сүйлөп жиберген учурда да, өзүнүн ‘акылсыз’ оюнан баш тарткан эмес экенин эске салат (2 Пётрдун 2:15, 16). Кандай гана ыпыластык! Кудайдын элин, Валаамга окшоп, адеп-ахлаксыз иштерге түрткөндөр жана бузууга аракет жасагандар жакшылык көрүшпөйт. Валаам өзүнүн мыйзамсыздыгы үчүн өлгөн жана анын изине түшкөн адамды акыры ошондой эле нерсе күтүп турат (4 Муса 31:8).
Алардын куу азгыруулары
19, 20. а) Валаамга окшогон адамдарды эмнеге салыштырса болот жана эмне себептен? б) Алар кимдерди азгырышууда жана кантип азгырышууда? в) Эмне себептен алардын азгырыктарын жин-перилик азгыруулар десек болот жана мындай азгырыктардан өзүбүздү жана башкаларды кантип сактай алабыз?
19 Валаамга окшогон адамдарды баяндап жатып, Пётр: «Булар — суусуз булактар, шамал ары-бери айдаган булуттар жана мунарыктар»,— деп жазган. Каны каткан жолоочу чөлдөн суусу жок кудукка кабылса, ал чаңкоосун кандыра албай өлүп калышы мүмкүн. Өз иштери менен ушундай пайдасыз нерселерди эске салган адамдар үчүн ‘түбөлүк караңгылык даярдалганы’ таң калыштуу эмес. «Себеби, курулай сөздөрдү көптүрө сүйлөшүп, алар адамдын күнөөлүү кумарларына жана бузуктукка адашууда болгондордон араң зорго аман калышкандарды кызыктырышат»,— деп Пётр сөзүн улаган. Анын айтканына караганда, бул адамдар «өздөрү бузуктуктун кулдары болуп турушат», тажрыйбасыз адамдарга «эркиндик убада кылышат» (2 Пётрдун 2:17—19; Галатиялыктарга 5:13).
20 Мындай бузулган окутуучулар жин-перилердин азгырыгын колдонушат. Мисалы, алар: «Кудай биздин алсыз экенибизди жана кумарларга тартылып кетерибизди билет. Ошондуктан биз өзүбүзгө жакканыбызды жасап, жыныстык каалоолорубузду канааттандырып жатсак да, Кудай бизге ырайымдуу болот. Күнөөнү моюнга алганыбыз эле жетиштүү — анткени Кудай бизди чындыкты жаңы тааныганыбызда кандай кечирсе, азыр да ошондой кечирет»,— деп айтышы мүмкүн. Ибилис так эле ушундай жол менен Евага жакындаганын эстесеңер, Ибилис күнөөнүн ал аялга зыян алып келбесин убадалаган. Ал ошондо Евага Кудайга каршы жасалган күнөө билим жана эркиндик бере тургандыгын айткан (1 Муса 3:4, 5). Мындай бузулган адамды жыйналыштан байкап калсак, өзүбүздү жана башкаларды коргоп калганга милдеттүүбүз; андай адам жөнүндө христиандык жыйналышта жооптуу орун ээлегендерге билдирүү керек (3 Муса 5:1).
Таанып билүү аркылуу сакталгандар
21—23. а) Таанып билүүнү колдонбоо эмнеге алып келет? б) Алдыда талкуулана турган башка кайсы маселени Пётр козгогон?
21 Пётр каттын бул бөлүгүн өзү мурда «жашоо үчүн жана такыбаалык үчүн» зарыл деген таанып билүүнү иш жүзүндө колдонбоонун кесепеттерин баяндап бүтүргөн (2 Пётрдун 1:2, 3, 8). Ал: «Эгерде алар биздин Теңир жана Куткаруучубуз Ыйса Христосту таанып билүү аркылуу дүйнөнүн балиттиктеринен качып чыгып, анан кайрадан ага аралашып адашса жана аларга жеңилишсе, андай учурда кийинкиси мындайлар үчүн биринчисинен жаман болот»,— деп жазган (2 Пётрдун 2:20). Пётр жашаган кезде мындай адамдардын кыска мөөнөттүк дене жыргалчылыгынын айынан асмандагы баа жеткис, өлбөс-өчбөс жашоого болгон үмүттү четке кагышкандыгы кандай өкүнүчтүү!
22 Ошондуктан Пётр: «Аларга берилген ыйык парызды билип туруп, андан баш тартканга караганда, аларга адилеттиктин жолун билбей калуу эле жакшы. Алар менен туура макалдагыдай болот: ит өзүнүн кусканын кайра жей берет, эми эле жуулган чочко кайрадан балчыкка барат»,— деп айткан (2 Пётрдун 2:21, 22; Үлгүлүү аңгемелер 26:11).
23 Бирок алгачкы христиандар, сыягы, дагы башка көйгөйгө туш болушкан окшойт, ал көйгөй бүгүн да кээ бирөөлөргө таасирин тийгизүүдө. Ал кезде кээ бирөөлөр үчүн Христостун убада кылган катышуусу кечигип жаткандай сезилчү. Келгиле, Пётрдун ушул маселеге кантип көңүл бурганын карап көрөлү.
Эстей аласыңарбы?
◻ Пётр сабак болуучу кайсы үч мисалды айтып кеткен?
◻ Кантип жалган окутуучулар «башкаруучулукту жаратпай коюшат»?
◻ Валаамдын изи деген эмнени билдирет жана анын изине түшкөндөр башкаларды азгырууга кантип аракеттенишүүдө?
◻ Таанып билүүнү колдонбогондук эмнеге алып келет?
[25-беттеги сүрөт]
Валаам менен болгон окуя бизге сабак.