Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • wt 2-бөл. 14—22-бб.
  • Жахабаны — жалгыз чыныгы Кудайды — даңктагыла

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Жахабаны — жалгыз чыныгы Кудайды — даңктагыла
  • Жалгыз чыныгы Кудайга сыйынгыла
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • «Кудай — сүйүү»
  • Башкаларга сүйүү көрсөтүү
  • «Жахабанын атынан жүрүү»
  • Силерди сүйгөн Кудайды сүйгүлө
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2006
  • Сүйүү аркылуу бекемделгиле
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2001
  • «Сүйүү жолу менен жүргүлө»
    Жахабага жакында
  • Жахаба — сүйүүнүн Кудайы
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2015
Дагы башкасы
Жалгыз чыныгы Кудайга сыйынгыла
wt 2-бөл. 14—22-бб.

Экинчи бөлүм

Жахабаны — жалгыз чыныгы Кудайды — даңктагыла

1. Жалгыз чыныгы Кудай ким?

КУДАЙЛАР деп эсептелген нерселер көп болсо да, Ыйык Китепте «бизде бир гана Кудай Ата бар» экени айтылат (1 Корунттуктарга 8:5, 6). Ошол «бир гана Кудай» — Жахаба, бүт бардыгынын Жаратканы (Мыйзам 6:4; Аян 4:11). Ыйса Машайак ал жөнүндө: «Менин Өз Атам — силердин да Атаңар»,— деп айткан (Жакан 20:17). Бул ырастоолор андан мурунураак Муса айткан: «Теңир гана Кудай... жана Андан башка Кудай жок»,— деген сөздөргө шайкеш (Мыйзам 4:35). Жахабага эч ким же эч бир нерсе, мейли, ыйык тутулуп жүргөн буркандар болобу же кудай катары көрүлгөн адамдар болобу тең келбейт. Ал өзүнүн душманынан, «бул дүйнөнүн кудайы» болгон Шайтан Ибилистен, да алда канча жогору турат (2 Корунттуктарга 4:3, 4, «Мукаддас»). Адамдар эмнеге же кимге гана сыйынышпасын, Жахаба, Ыйса айткандай, «жалгыз чыныгы Кудай» (Жакан 17:3).

2. Жахаба жөнүндө алган билимибиз жашоо-турмушубузга кандай таасир тийгизиши керек?

2 Жакшылыкты баалай билген адамдар Кудайдын жагымдуу сапаттары жөнүндө, ошондой эле анын адамзат үчүн эмне кылганын жана келечекте эмне кыларын билишкенде ага жакындай башташат. Алардын Жахабага болгон сүйүүлөрү өскөн сайын, аны даңктоого болгон каалоолору да өсөрү чын. Кудайды кандайча даңктоого болот? Мунун бир жолу — Жахаба тууралуу башкаларга айтуу. «Оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат»,— деп айтылат Римдиктерге 10:10до. Дагы башка жолу — аны сүйлөгөн сөздөрүбүз жана кылган иш-аракеттерибиз менен тууроо. Эфестиктерге 5:1де: «Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла»,— деп айтылган. Муну ийгиликтүү аткаруу үчүн, Жахаба менен жакшыраак таанышканыбыз абзел.

3. Кудайдын негизги сапаттары кайсылар?

3 Ыйык Китепте Жахабанын эң сонун сапаттары тууралуу көп айтылат. Алардын ичинен төртөө: акылмандык, адилеттүүлүк, күч жана сүйүү эң негизгилери. «Акылмандык Кудайда» (Аюб 12:13). «Анын жолу... адилет» (Мыйзам 32:4, «Мукаддас»). Анын «күч-кубаты зор» (Ышайа 40:26). «Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:8). Бирок ушул негизги төрт сапаттын кайсынысы эң жогору турат жана Кудайды баарынан жакшы сүрөттөйт?

«Кудай — сүйүү»

4. Кудайга кайсы сапаты бүт ааламды жана бардык тирүү жандыктарды жаратууга түрткү берген?

4 Кандай деп ойлойсуңар, ааламды жана аң-сезимдүү жандыктардын баарын: адамдарды жана рухий жаратууларды жаратканга Жахабага эмне түрткү берген? Акылмандыгыбы же күчүбү? Албетте, Кудайдын ал сапаттары маанилүү роль ойногон дечи, бирок алар түрткү болгон эмес. Ошондой эле анын адилеттүүлүгү да түрткү болбогон, себеби ал сапат Кудайдын кимдир бирөө менен өмүр белегин бөлүшүүсүн талап кылган эмес. Кудай эң зор сүйүүсүнөн улам аң-сезимдүү жандыктарды жаратып, аларга жашоонун жыргалчылыгын көрүүгө шарт түзгөн. Ооба, дал ошол сүйүүсү анын тил алчаак адамзаттын бейиште түбөлүк өмүр сүрүшүн ниет кылышына себеп болгон (Башталыш 1:28; 2:15). Кудай Адам атанын айынан күнөөгө баткан адамзатты бошотууга да сүйүүсүнөн улам чара көргөн.

5. Ыйык Китептин билдирүүсүнө ылайык, Жахаба эмненин так өзү деп айтылат жана эмне үчүн?

5 Ошентип, Кудайдын сапаттарынын арасынан эң көрүнүктүүсү — сүйүү. Бул сапат анын маңызы болуп эсептелет. Берки үч сапат канчалык маанилүү болбосун, Ыйык Китептин эч жеринде Жахаба акылмандык, адилеттүүлүк же күч деп айтылган эмес. Анда Кудайдын сүйүү экени айтылат. Ооба, Жахаба сүйүүнүн так эле өзү. Ал сүйүү сезимдерге эмес, а принциптерге негизделет. Кудайдын сүйүүсү чындыктын жана адилеттүүлүктүн принциптери менен жетектелет. Сүйүүнүн бул эң жогорку түрүн көрсөтүүдө Жахаба Кудайдын өзү чоң үлгү болуп саналат. Андай сүйүү эч качан өзүнүкүн издебейт жана ар дайым байкабай коюуга мүмкүн эмес болгон иштер менен коштолот.

6. Бизден Кудай канчалык жогору болсо да, аны тууроого бизге эмне жардам берет?

6 Дал ушу сүйүү сапаты бизге сүйүүнүн Кудайын туураганга жардам берет. Биз жеткилеңсиз, көп кемчилик кетирген адамдар болгондуктан, аны эч качан ийгиликтүү туурай албайбыз деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок бул жерден да Жахабанын зор сүйүүсүн байкоого болот, себеби ал мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин билет жана жеткилеңдикти талап кылбайт. Ал биздин жеткилеңдиктен абдан эле алыс экенибизди билет (Забур 50:7). Демек, Забур 129:3, 4төгү: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе ала берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат? Бирок Сенде кечирим бар»,— деген сөздөр бекеринен айтылбаптыр да. Ооба, Жахаба — «пендесин сүйгөн, ырайымдуу, сабырдуу, кайрымдуу» (Чыгуу 34:6). «Сен, Теңирим, ырайымдуусуң жана боорукерсиң» (Забур 85:5). Кандай гана жубатарлык маалымат! Ушундай кереметтүү Кудайга кызмат кылуу жана анын сүйүүгө, боорукерликке толгон камкордугуна бөлөнүү кандай жагымдуу!

7. Жахабанын сүйүүсү жаратууларынан кандайча көрүнүп турат?

7 Жахабанын сүйүүсүн жаратылыштан да байкоого болот. Ырахат алып өмүр сүрүшүбүз үчүн Жахаба белендеген толгон-токой жакшы нерселер: ажайып кооз тоолор, токойлор жана көл-океандар жөнүндө ойлонуп көргүлөчү. Ал бизге дүр-дүнүйө тамактарды берип, алардын жээлгидей болушуна эле эмес, ушунчалык даамдуу, ширелүү болушуна да кам көргөн. Ошондой эле Жахаба көз жоосун алган жыпар жыттуу гүлдөрдү, сүйкүмдүү жан-жаныбарларды жараткан. Буга Жахабаны эч ким милдеттендирбесе да, ал баарын адамдар ырахаттанып жашагыдай кылып жараткан. Ырас, бузулган азыркы дүйнөдө жашап жатып, биз анын жаратууларынан толугу менен ырахат ала албашыбыз чын (Римдиктерге 8:22). Бирок Бейиш орногондо Жахабанын бизге эмнелерди гана кылып бере турганы жөнүндө ойлоп көргүлөчү! Кудай жөнүндө айтып жатып забурчу бизди мындай деп ынандырат: «Колуңду ачасың, ырайымың менен бардык тирүү жандарды тойгузасың» (Забур 144:16).

8. Жахабанын бизге сүйүү көрсөтүүдөгү эң зор үлгүсү кайсы?

8 Жахабанын адамзатка сүйүү көрсөтүүдөгү эң зор үлгүсү кайсы? Ыйык Китепте ага төмөндөгүдөй жооп берилет: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16). Эмне үчүн Жахаба андай кылды эле? Адамдар жакшы болгондуктанбы? Римдиктерге 5:8де: «Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди»,— деген жооп жазылган. Ооба, Кудай жеткилең Уулун жерге биз үчүн өз өмүрүн куткаруу курмандыгы катары берип, бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуу үчүн жиберген (Матай 20:28). Ушунун аркасында Кудайды сүйгөн адамдар үчүн түбөлүк өмүргө жол ачылып отурат. Бактыбызга жараша, Кудайдын сүйүүсү анын эркин аткарууну каалагандардын бүт баарына көрсөтүлөт. Анткени ал жөнүндө Ыйык Китепте: «Кудайда бет карамалык жок экенине, ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагат»,— деп айтылган (Элчилер 10:34, 35).

9. Жахабанын биз үчүн өз Уулун курмандыкка бергени бизге кандай таасир этиши керек?

9 Жахабанын өз Уулун курмандыкка берүү менен бизге түбөлүк өмүргө жол ачышы жашообузга кандай таасир тийгизиши керек? Адегенде бул чыныгы Кудайга, Жахабага, болгон сүйүүбүздү өстүрүшү керек. Ошол эле учурда Кудайдын өкүлү болгон Ыйсага баш ийүү каалоосун өрчүтүшүбүз абзел. «Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес, өздөрү үчүн өлгөн жана кайра тирилген Машайак үчүн жашаш үчүн, Машайак бардыгы үчүн өлгөн» (2 Корунттуктарга 5:15). Ыйса Жахабанын сүйүүсү менен кайрымдуулугун эң сонун түрдө чагылдыргандыктан, анын жолун жолдоо чоң кубаныч алып келет! Бул анын момун адамдарга мындай деп кайрылганынан көрүнүп турат: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Мен берген моюнтурукту алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Мен берген моюнтурук жакшы, жүгүм жеңил» (Матай 11:28—30).

Башкаларга сүйүү көрсөтүү

10. Ишенимдештерибизге сүйүү көрсөтүүнүн айрым жолдору кайсылар?

10 Жахаба менен Ыйсанын бизге көрсөткөн сүйүүсүн ишенимдештерибизге кантип көрсөтсөк болот? Мунун көптөгөн жолдору бар: «Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт, адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт, адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат, баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарын көтөрөт. Сүйүү түбөлүк жашайт» (1 Корунттуктарга 13:4—8; 1 Жакан 3:14—18; 4:7—12).

11. Дагы кимдерге сүйүү көрсөтүшүбүз керек жана кантип?

11 Дагы кимдерге сүйүү көрсөтүшүбүз керек жана кантип? Ыйса: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деп айткан (Матай 28:19, 20). Бул жакын арада орной турган Кудайдын бейиш заманы жөнүндөгү кубанычтуу кабарды азырынча бизге ишенимдеш боло электерге айтуу дегенди билдирет. Сүйүүнү ишенимдеш туугандарыбызга эле көрсөтпөшүбүз керек экенин Ыйса төмөндөгү сөздөрү менен айкын кылган: «Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, кайдагы сыйлык силерге? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи? Эгерде бир туугандарыңар менен гана саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи?» (Матай 5:46, 47; 24:14; Галаттыктарга 6:10).

«Жахабанын атынан жүрүү»

12. Эмне үчүн Кудайдын ысмы менен аталууга андан башка эч ким татыктуу эмес?

12 Чыныгы Кудайды даңктоодо эске алуучу дагы бир маанилүү нерсе — бул анын Жахаба деген кайталангыс ысмын билүү, чакыруу жана башкаларга ал жөнүндө айтуу. Забурчуда ушундай каалоо болгонун анын: «Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай Сен экениңди билишсин» — деп, чын ыкласынан ырдаган ырынан байкоого болот (Забур 82:19). Жахаба деген ысым «Болтурат» деген маанини билдирет. Жахаба — орошон ой-ниеттердин Кудайы жана эмне ойлосо, ошонун баарын ишке ашырат. Бул ысымды алып жүрүүгө чыныгы Кудай гана укуктуу, анткени бир да адам алдыга койгон максаттарына ийгиликтүү жете алам деп эч качан ишенимдүү айта албайт (Жакып 4:13, 14). «Оозумдан чыккан сөз... эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат»,— деп бир гана Жахаба айта алат (Ышайа 55:11). Көп адамдар Ыйык Китептеринен биринчи жолу Кудайдын ысмын көрүшкөндө жана анын маанисин түшүнүшкөндө, абдан кубанышат (Чыгуу 6:3). Бирок алар кылымдар бою өзүлөрүнүн Кудай-Теңиринин атынан жүргөндө гана бул билимден толук пайда ала алышат (Михей 4:5).

13. Жахабаны билүү жана анын атынан жүрүү эмнени билдирет?

13 Кудайдын ысмына карата Забур 9:11де («Мукаддас») мындай деп айтылган: «Ысмыңды билгендер Сага таянат». Жахабага таяна алгыдай болуу үчүн, анын атын билип эле коюу аздык кылат. Кудайдын ысмын билүү — Жахабанын кандай Кудай экенин айкын түшүнүүнү, анын бийлигин урматтоону, ага баш ийүүнү жана ар дайым ага таянууну билдирет (Накыл сөздөр 3:5, 6). Ошондой эле Жахабанын атынан жүрүү — жашообузду Кудайдын эркине толук ылайыкташтырууну, ага арналууну жана табынууну билдирет (Лука 10:27). Силер ошентип атасыңарбы?

14. Эгерде Жахабага түбөлүк кызмат кылууну кааласак, өзүбүздү милдеттүү сезүүдөн башка дагы эмне зарыл?

14 Жахабага түбөлүк кызмат кылуу үчүн, өзүбүздү милдеттүү сезип эле коюу жетишсиз. Элчи Пабыл көп жылдардан бери берилгендикте кызмат кылып жүргөн Тиметейге: «Кудайга берилгендикке умтулуу менен өзүңдү машыктыра бер»,— деп кеңеш берген (1 Тиметейге 4:7, ЖД). Ооба, берилгендик кимдир бирөөгө чоң ыраазычылык көрсөтүүнү каалаганда пайда болот. Ал эми «Кудайга берилгендик» деген Жахабага болгон терең урмат-сыйды билдирет. Андай берилгендик Жахабаны жана анын жолдорун чексиз урматтоодон улам пайда болгон ысык мамиледе көрсөтүлөт. Ошол сапатка ээ болгондуктан адамдардын бүт баары Кудайдын ысымын кадырлашын каалайбыз. Эгерде жалгыз чыныгы Кудайдын, Жахабанын, атынан түбөлүк жүргүбүз келсе, ага болгон берилгендигибизди өрчүтө беришибиз керек (Забур 36:4; 2 Петир 3:11).

15. Кудайга толук берилгендигибизди кандайча көрсөтө алабыз?

15 Кудайга жаккыдай кызмат кылышыбыз үчүн, бир гана ага сыйынууга тийишпиз, анткени ал «Кызганчаак [«толук берилгендикти талап кылган», ЖД] Кудай» (Чыгуу 20:5). Бир эле учурда Кудайды да, Шайтан башкарып жаткан азыркы бузулган дүйнөнү да сүйүү мүмкүн эмес (Жакып 4:4; 1 Жакан 2:15—17). Жахаба ар бирибиздин кандай адам болгонго умтулуп жатканыбызды беш колдой билет (Жеремия 17:10). Эгерде биз адилеттүүлүктү чындап эле сүйсөк, Жахаба муну, албетте, байкабай койбойт жана сыноолорду көтөргөнгө жардам берет. Ал бизди өзүнүн кубаттуу ыйык руху менен колдоп, азыркы дүйнөдө ушунчалык кеңири тараган жамандыкка каршы турууга бекемдейт (2 Корунттуктарга 4:7). Ошондой эле ал бейишке айланган жер бетинде түбөлүк жашоого болгон үмүтүбүздү бек сактаганга жардам берет. Ооба, бизди кандай сонун келечек күтүп турат! Аны терең баалап, ошо келечекти убада кылган чыныгы Кудайга, Жахабага, даярдуулук менен кызмат кылышыбыз керек.

16. Силер миллиондогон башка адамдар менен бирге эмне кылууну каалашыңар керек?

16 Жер бетиндеги миллиондогон адамдар забурчунун: «Мени менен бирге Теңирди [Жахабаны] мактагыла, Анын ысымын баарыбыз бирге көкөлөтө мактайлы»,— деген чакырыгына кубаныч менен жооп кайтарышууда (Забур 33:4). Бул чакырыкка кошулгандардын саны ар кайсы өлкөлөрдө көбөйгөндөн көбөйүүдө. Жахаба силердин да алардын арасында болушуңарды каалайт.

Кайталоо үчүн суроолор

• Жахаба кандай касиет-сапаттарга ээ? Анын сапаттары жөнүндө көбүрөөк билүү бизге кандай пайда алып келет?

• Башкалардын Жахаба тууралуу чындыкты билишине кантип жардам бере алабыз?

• Жахабаны билүү жана анын атынан жүрүү эмнени билдирет?

ы кимдерге сүй

[14-беттеги сүрөт]

Жахаба зор сүйүүсүнөн улам «колун ачып, ырайымы менен бардык тирүү жандарды тойгузат».

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү