4-САБАК
Ачууга алдыруу коркунучтуу
Адам ата менен Обо эне Эйден багынан куулгандан кийин көп балалуу болушкан. Алардын тун уулу Кабыл дыйкан, экинчи уулу Абыл койчу болгон.
Бир күнү Кабыл менен Абыл Жахабага тартуу алып келишкен. Тартуу деген эмне экенин билесиңби? Тартуу — бул өзгөчө белек. Жахабага Абылдын тартуусу жаккан, ал эми Кабылдыкы жаккан эмес. Буга Кабылдын абдан ачуусу келген. Кабыл жаман иш кылып албашы үчүн, Жахаба ага ачуусун басышы керектигин эскерткен. Бирок Кабыл укпай койгон.
Ал Абылга: «Жүр, талаага барып келебиз»,— деген. Анан экөө ээн талаага барганда, Кабыл инисин өлтүрүп салган. Жахаба буга кандай караган? Ал Кабылды жазалап, үй-бүлөсүнөн алыс жакка кууп жиберген. Кабылга үйүнө кайтып келгенге эч качан болбойт болчу.
Мындан кандай сабак алсак болот? Кайсы бир нерсе биз ойлогондой болбой жатса, ачуулана башташыбыз мүмкүн. Эгер ачууланып баратсак же кимдир бирөө муну байкап, бизге айтса, ачууга алдырып койбош үчүн дароо өзүбүздү кармашыбыз керек.
Абыл Жахабаны жакшы көргөн жана туура иштерди кылган. Ошондуктан Жахаба аны эч качан унутпайт. Ал жер бетин бейишке айлантканда Абылды тирилтет.
«Адегенде аны [бир тууганың] менен элдеш, ошондон кийин гана кайтып келип, курмандыгыңды чал» (Матай 5:24)