Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • lfb 5-сабак 18-б.—19-б. 5-абз.
  • Нух пайгамбар курган кеме

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Нух пайгамбар курган кеме
  • Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Окшош материалдар
  • Нух кеме курат
    Ыйык китептик аңгемелер
  • Топон сууга байланыштуу эскертүүгө ким кулак каккан, ким кулак каккан эмес?
    Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла
  • Ал «Кудайдын жолунда жүргөн»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
  • Ал «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн»
    Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
Дагы башкасы
Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
lfb 5-сабак 18-б.—19-б. 5-абз.
Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен кеме курууда

5-САБАК

Нух пайгамбар курган кеме

Убакыттын өтүшү менен жер бетинде адамдар көбөйө баштаган. Алардын көпчүлүгү жаман адамдар болушкан. Атүгүл асмандагы айрым периштелер да жаман болуп кетишкен. Алар асмандагы ордун таштап, жерге келишкен. Эмне үчүн келгенин билесиңби? Алар денесин адамдардыкына окшош кылып, аялдарга үйлөнүш үчүн келишкен.

Ал периштелер менен аялдардан эркек балдар төрөлгөн. Алар чоңойгондо аябай күчтүү болушкан жана башкаларды уруп-сабап, зөөкүр болушкан. Көптөргө жамандык кылышкан. Жахаба андай нерсенин улана беришине жол бермек эмес. Ошон үчүн жаман кишилерди топон суу каптатып жок кылууну чечкен.

Нух пайгамбардын үй-бүлөсү кеме куруп, тамак-аш камдоодо

Бирок алардан айырмаланган жана Жахабаны жакшы көргөн бир киши болгон. Анын аты Нух болчу. Анын байбичеси жана Шем, Хам, Жапет деген 3 уулу, 3 келини болгон. Жахаба Нух пайгамбарга, үй-бүлөсү менен Топон суудан аман калышы үчүн, узун жашикке окшогон жана сууга чөкпөй турган чоң кеме курууну буйруган. Ошондой эле көптөгөн жан-жаныбарлар да аман калышы үчүн, Жахаба аларды да кемеге киргизиши керектигин айткан.

Нух пайгамбар кеме курганга дароо киришкен. Ал үй-бүлөсү менен бирге аны 50 жылдай убакыттын ичинде курган. Алар кемени, Жахаба кандай айтса, так ошондой курушкан. Кеме курулуп жаткан убакта, Нух пайгамбар адамдарга Топон суу болорун эскерткен. Бирок эч ким аны уккан эмес.

Ошентип, акыры кемеге кире турган убак келген. Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн билебиз.

«Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулу кайра келгенде да ошондой болот» (Матай 24:37)

Суроолор: Эмне үчүн Жахаба жер бетине топон суу каптатууну чечкен? Жахаба Нух пайгамбарга кандай буйрук берген?

Башталыш 6:1—22; Матай 24:37—41; Петирдин 2-каты 2:5; Жүйүттүн каты 6

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү