Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • lmd 2-сабак ойлор 1—5
  • Маекти табигый улант

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Маекти табигый улант
  • Башкаларды сүйгүлө, шакирт даярдагыла
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Филип эмне кылган?
  • Филиптен эмнени үйрөнө алабыз?
  • Филиптен үлгү ал
  • Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Расмий эмес күбөлөндүрүш үчүн сөз баштоо
    Падышалык кызматыбыз—2014
  • Маектешиңди ойло
    Башкаларды сүйгүлө, шакирт даярдагыла
  • «Иса тууралуу жакшы кабардын» таратылышы
    Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
  • Маектешүүгө үйрөн
    Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы
Дагы башкасы
Башкаларды сүйгүлө, шакирт даярдагыла
lmd 2-сабак ойлор 1—5

СӨЗ БАШТОО

Филип арабада түрмөк окуп отурган эфиопиялык киши менен сүйлөшүп жатат.

Элч. 8:30, 31

2-САБАК 

Маекти табигый улант

Принцип: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» (Накыл 15:23).

Филип эмне кылган?

Филип арабада түрмөк окуп отурган эфиопиялык киши менен сүйлөшүп жатат.

ВИДЕО: «Филип эфиопиялык төрөгө кабар айтып жатат»

1. ВИДЕОНУ көр же Элчилер 8:30, 31-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1. а. Филип кантип сөз баштаган?

  2. б. Анын ушинтип сөз баштаганы жана жаңы чындыкты ушинтип ачып бергени эмне үчүн туура болгон?

Филиптен эмнени үйрөнө алабыз?

2. Эгер маек табигый уланса, биз менен сүйлөшүп жаткан киши өзүн эркин сезип, айткан кабарыбызды жакшыраак угушу мүмкүн.

Филиптен үлгү ал

3. Баамчыл бол. Кишинин турган турпатынан, жаңсоолорунан, жүзүнөн көп нерсени билсе болот. Ал сени менен сүйлөшкүсү келип жатабы, жокпу, билиш үчүн: «Сиз... уктуңуз беле?» — деп сурап, Ыйык Китептен кайсы бир ойду айтып көрөттүрсүң. Сүйлөшкүсү келбеген кишини мажбурлаба.

4. Сабырдуу бол. Дароо эле Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүшүм керек деп ойлобо. Маек табигый жол менен уланышы үчүн, ылайыктуу учурду күт. Кээде кийинки жолукканга чейин күтүүгө туура келиши мүмкүн.

5. Ылайыкташа бил. Сен «Ыйык Китептен бул ойду айтам» деп даярданып барышың мүмкүн. Бирок маектешиң сөздү таптакыр башка жакка бурушу ыктымал. Андайда ал сөз кылган теманы улап, ошого ылайыктуу ой менен бөлүшкөнгө даяр бол.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА:

Нас. 3:1, 7; 1 Кор. 9:22; 2 Кор. 2:17; Кол. 4:6

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү