Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w17 август 27—29-бб.
  • Сүйүү — баа жеткис сапат

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Сүйүү — баа жеткис сапат
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • СҮЙҮҮ ЭМНЕДЕН КӨРҮНӨТ?
  • ЖАХАБА МЕНЕН ИСАНЫН ҮЛГҮСҮ
  • «СҮЙҮҮ ЖОЛУНДА ЖҮРӨЛҮ»
  • СҮЙҮҮНҮ КАНТИП ӨРЧҮТҮҮГӨ БОЛОТ?
  • ПАЙДАСЫ
  • «СҮЙҮҮ БЕКЕМДЕЙТ»
  • «Сүйүү жолу менен жүргүлө»
    Жахабага жакында
  • Сүйүү аркылуу бекемделгиле
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2001
  • Силерди сүйгөн Кудайды сүйгүлө
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2006
  • Сүйүүңдү муздатпа
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
w17 август 27—29-бб.

СҮЙҮҮ — баа жеткис сапат

  • СҮЙҮҮ

  • КУБАНЫЧ

  • ТЫНЧТЫК

  • ЧЫДАМКАЙЛЫК

  • БООРУКЕРДИК

  • ЖАКШЫЛЫК

  • ИШЕНИМ

  • ЖУМШАКТЫК

  • ӨЗҮН ӨЗҮ КАРМАЙ БИЛҮҮ

КУДАЙ элчи Пабылга ыйык рухтун таасири менен өрчүй турган тогуз сапат жөнүндө жазууга түрткү берген (Гал. 5:22, 23). Пабыл сүрөттөгөндөй, ал кереметтүү сапаттардын баары биригип «рухтун жемиши» деп аталатa. Ал жемиш болсо Кудайдын кызматчылары кийиши керек болгон «жаңы табияттын» бир бөлүгү болуп эсептелет (Кол. 3:10). Жакшы сугарылып турган дарак жемиш бергендей эле, ыйык рух жашоосуна күчтүү таасир эткен адам анын жемишине кирген сапаттарды чагылдырат (Заб. 1:1—3).

Пабыл санап өткөн ыйык рухтун жемишине кирген сапаттардын эң алгачкысы — сүйүү. Ал канчалык баалуу сапат? Пабыл: «Менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин»,— деген (1 Кор. 13:2). Бирок сүйүү деген эмне жана аны кантип өрчүтө алабыз? Аны күн сайын кандай жолдор менен көрсөтсөк болот?

СҮЙҮҮ ЭМНЕДЕН КӨРҮНӨТ?

Сүйүү деген сөзгө так аныктама берүү кыйын болсо да, Ыйык Китептен анын кандайча көрсөтүлөрүн биле алабыз. Мисалы, анда: «Сүйүү чыдамкай, боорукер»,— деп айтылат. Ошондой эле сүйүү «чындыкка кубанат», «баарын көтөрөт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт». Андан тышкары, башкаларды сүйгөн адам аларга карата күчтүү сезимдерди туят, чын жүрөктөн кам көрөт жана алар менен ынак болот. Ал эми сүйүүсү жок адам көрө албас, өзүмчүл болот, менменсинет, адепсиздик кылат, таарына берет, кечиргиси келбейт. Мындай терс сапаттардан айырмаланып, Кудайдын кызматчылары өрчүткүсү келген сүйүү «өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Кор. 13:4—8).

ЖАХАБА МЕНЕН ИСАНЫН ҮЛГҮСҮ

«Кудай — сүйүү» (1 Жкн. 4:8). Бул анын бардык иштеринен айкын көрүнүп турат. Уулун жерге жиберип, биз үчүн азап тартышына жана өлүшүнө жол бергени — анын адамзатка болгон сүйүүсүнүн эң чоң далили. Элчи Жакан мындай деген: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн. Сүйүү биздин Кудайга болгон сүйүүбүздөн эмес, Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнөн, күнөөлөрүбүздү жууп, өзү менен элдештире турган курмандык катары өз Уулун жибергенинен көрүнгөн» (1 Жкн. 4:9, 10). Ооба, Кудайдын сүйүүсүнүн аркасында күнөөлөрүбүз кечирилип, үмүткө, өмүргө ээ болушубузга жол ачылган.

Иса Машаяк Кудайдын эркин аткаруу менен адамзатты сүйөрүн айгинелеген. Элчи Пабыл бул тууралуу мындай деп жазган: «[Иса]: „Мына, сенин эркиңди аткаруу үчүн келдим“,— деген... Ошол „эрк“ боюнча биз Иса Машаяктын денесинин бир эле жолу курмандыкка чалынышы менен ыйыкталганбыз» (Евр. 10:9, 10). Бир да адам Исаныкынан чоң сүйүү көрсөтө албайт. Ал: «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деген (Жкн. 15:13). Жеткилеңсиз адамдар сүйүү көрсөтүү жагынан Жахаба менен Исаны туурай алабы? Ооба. Анда аны кантип кыла аларыбызды карап көрөлү.

«СҮЙҮҮ ЖОЛУНДА ЖҮРӨЛҮ»

Пабыл бизди: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар. Машаяк өзүн силер үчүн... берип, силерди сүйгөндөй, силер да сүйүү жолунда жүргүлө»,— деп үндөгөн (Эф. 5:1, 2). Эгер сүйүүнү жашообуздун бардык тармагында чагылдырсак, «сүйүү жолунда жүргөн» болобуз. Андай сүйүүнү сөзүбүз менен эле эмес, ишибиз менен да көрсөтөбүз. Жакан: «Балдарым, бири-бирибизди сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү»,— деген (1 Жкн. 3:18). Мисалы, Кудайды жана жакындарыбызды сүйсөк, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялайбыз (Мт. 24:14; Лк. 10:27). Сүйүү жолунда жүргөнүбүз чыдамкай, боорукер, кечиримдүү болгонубуздан да көрүнөт. Андыктан Ыйык Китепте: «Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп бекеринен жазылган эмес (Кол. 3:13).

Бирок чыныгы сүйүү өтө эле жумшак болууну билдирбейт. Алсак, кээ бир ата-энелер чырылдап ыйлап жаткан баласын сооротуш үчүн анын ою менен болуп, каалаган нерсесинин баарын кылып берет. Бирок баласын чындап жакшы көргөн ата-эне зарыл учурларда аны оңдоп-түзөйт. Анын сыңарындай, сүйүүнүн Кудайы «Жахаба кимди сүйсө, ошону жазалайт». (Евр. 12:6). Демек, зарыл болгондо оңдоп-түзөгөнүбүз сүйүү көрсөткөндүккө жатат (Накыл 3:11, 12). Бирок, албетте, андайда өзүбүздүн да жеткилеңсиз экенибизди, туура эмес иш кылып аларыбызды унутпашыбыз керек. Башкаларга сүйүү көрсөтүүдө баарыбыздын тең жакшыртышыбыз керек болгон жактарыбыз бар. Муну кантип кыла алабыз? Келгиле, мунун үч жолун карап көрөлү.

СҮЙҮҮНҮ КАНТИП ӨРЧҮТҮҮГӨ БОЛОТ?

Биринчиден, Кудайдан ыйык рух сурап тилен. Анткени сүйүү ыйык рухтун таасири менен өрчүйт. Иса пайгамбар Жахаба Кудайдын «өзүнөн сурагандарга ыйык рухун» берерин айткан (Лк. 11:13). Эгер ыйык рух сурасак жана дайыма «рухтун жетеги менен жүргөнгө» аракет кылсак, иш-аракеттерибизден сүйүү көбүрөөк көрүнө баштайт (Гал. 5:16). Мисалы, сен аксакал болсоң, башкаларга Ыйык Китептин негизинде жумшактык менен кеңеш бере алышың үчүн Жахабадан ыйык рух сурап тиленсең болот. Же балдарың бар болсо, аларды ачууга алдырбай, сүйүү менен тарбиялаш үчүн Кудайдан ыйык рух сураганың жакшы.

Экинчиден, Иса Машаяктын жаман мамилеге кабылганда кандайча сүйүү көрсөткөнү тууралуу ой жүгүрт (1 Пет. 2:21, 23). Айрыкча, кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда же адилетсиз мамиле кылганда, Исанын үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Андайда: «Ушундай жагдайда Иса эмне кылмак?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң. Ли деген эженин окуясынан көрүнүп тургандай, бул иш-аракет кылардан мурун жакшылап ойлонгонго жардам берет. Ал мындай дейт: «Мени менен чогуу иштешкен бир аял жумушумдагыларга мен жөнүндө, кылган ишим жөнүндө туура эмес нерселерди жазып, жөнөтүп жибериптир. Ошондо аябай жаман болдум. Бирок: „Мындайда Исаны кантип туурасам болот?“ — деп ойлондум. Исанын эмне кылмактыгы жөнүндө ой жүгүрткөндөн кийин ал аялдын кылгандарына көңүл бурбай эле коёюн деп чечтим. Кийинчерээк анын катуу оору менен күрөшүп, аябай кыйналып жүргөнүн билдим. Ошондон улам анын мени капалантайын деген деле ниети болбосо керек деп ойлодум. Исанын жаман мамилеге дуушар болгондо да сүйүү көрсөткөнү тууралуу ой жүгүртүү мага ал аялга Исаныкындай сүйүү көрсөтүүгө түрткү берди». Ооба, Иса Машаяктан үлгү алсак, дайыма сүйүү менен иш кылабыз.

Үчүнчүдөн, башкаларга сүйүү көрсөтүүдө жан аябас болууга үйрөн. Андай сүйүү Машаяктын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турат (Жкн. 13:34, 35). Ыйык Жазмада ой жүгүртүүбүздүн Машаяк Исаныкындай болушу керектиги айтылат. Ал биз үчүн бардык нерсесин калтырып, асмандан жерге келген, атүгүл өмүрүн берген (Флп. 2:5—8). Андан үлгү алып, башкаларга жан аябастык менен сүйүү көрсөтсөк, ойлорубуз менен сезимдерибиз аныкына көбүрөөк окшош боло баштайт жана башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коёбуз. Сүйүү өрчүтүүнүн дагы кандай пайдасы бар?

ПАЙДАСЫ

Башкаларга сүйүү көрсөтүүнүн пайдасы зор. Буга байланыштуу эки нерсени карап көрөлү.

Жахабанын курагы, улуту ар башка кызматчылары Падышалык залында пикирлешүүдө

Сүйүү көрсөтүүнүн кандай пайдасы бар?

  • ЭЛ АРАЛЫК БООРДОШТУК. Арабызда сүйүү өкүм сүргөндүктөн, жер жүзүндөгү кайсы жыйналышка барбайлы, ишенимдештерибиз бизди жылуу тосуп алышат. Бүт «дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыздын» сүйүүсүнө бөлөнүү кандай гана чоң бата! (1 Пет. 5:9). Мындай сүйүүнү Кудайдын элинин арасынан гана көрүүгө болот.

  • ТЫНЧТЫК. Бири-бирибизге «сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болсок», тынчтыкта жашайбыз (Эф. 4:2, 3). Андай тынчтыкты, өзгөчө, жыйналыш жолугушууларынан, жыйындардан сезе алабыз. Бөлүнүп-жарылган азыркы дүйнөдө ортобузда ушундай тынчтыктын өкүм сүрүп жатканы өзүнчө эле керемет (Заб. 119:165; Ыш. 54:13). Башкалар менен тынчтыкта болууга умтулсак, аларды чындап сүйөрүбүздү айгинелейбиз. Бул болсо асмандагы Атабыз Жахабанын жүрөгүн кубантат (Заб. 133:1—3; Мт. 5:9).

«СҮЙҮҮ БЕКЕМДЕЙТ»

Элчи Пабыл: «Сүйүү бекемдейт»,— деп жазган (1 Кор. 8:1). Сүйүү кандайча бекемдейт? Пабыл муну корунттуктарга жазган биринчи катынын 13-бөлүмүндө жакшы түшүндүргөн. Ал айткандай, сүйүү башкалардын кызыкчылыгын көздөйт (1 Кор. 10:24; 13:5). Андан тышкары, сүйүү камкор, чыдамкай, боорукер болгондуктан жана башкалардын сезимин эске алгандыктан үй-бүлө мүчөлөрүнүн ынак болушуна, жыйналыштардын биримдүү болушуна шарт түзөт (Кол. 3:14).

Сүйүү көрсөтүүнүн көп жолдору бар, бирок Кудайга болгон сүйүү баарынан маанилүү. Ал, чындап эле, бекемдейт. Мындай сүйүү тек-жайы, расасы, тили ар башка адамдардын «ийиндеш туруп» Жахабага кубанычта, биримдикте кызмат кылышына өбөлгө түзүүдө (Сеп. 3:9). Андыктан Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген бул баа жеткис сапатты күн сайын чагылдырганга чечкиндүү бололу.

a Бул макала — ыйык рухтун жемишине кирген сапаттардын ар бири өз-өзүнчө талкуулана турган тогуз макаланын биринчиси.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү