Элчилер
4 Петир менен Жакан элге сүйлөп жатканда, алардын жанына жогорку дин кызматчылар, ибадаткананын күзөт башчысы+ жана садукейлер*+ келишти. 2 Алар экөөнүн элди окутуп, Исанын тирилгени жөнүндө ачык жарыялап жатышканына+ кыжырланып, 3 экөөнү кармап, кеч кирип калгандыктан, кийинки күнгө чейин камап коюшту+. 4 Анткен менен элчилердин сөзүн уккандардын көптөрү ишенип калышты+. Алардын саны 5 000дей болду+.
5 Эртеси күнү жүйүт элинин башчылары, аксакалдар жана китепчилер Иерусалимге чогулушту+. 6 Алардын арасында жогорку дин кызматчы Анас+, Каяпа+, Жакан, Искендер жана жогорку дин кызматчынын көп туугандары бар эле. 7 Алар Петир менен Жаканды ортого чыгарып: «Муну кайсы күч менен же кимдин атынан кылдыңар?» — деп сурай башташты+. 8 Ошондо Петир ыйык рухка толуп+, мындай деди:
«Эл башчылары жана аксакалдар, 9 азыр бизди оорулуу кишиге кылган жакшылыгыбыз үчүн+ суракка алып, аны ким айыктырганын билгиңер келип жатса, 10 анда баарыңарга, бүт ысрайыл элине маалым болсун: бул киши силер устунга кадап өлтүргөн+, бирок Кудай тирилтип алган+ назареттик Иса Машаяк+ аркылуу жана анын аты менен айыгып, алдыңарда турат. 11 Ошол Иса — „силер, куруучулар, жаратпай койгон, бирок бурчка коюлган таш“+. 12 Адамдарды андан башка эч ким куткара албайт, анткени куткарылышыбыз үчүн+ асман астында адамдарга берилген башка ысым жок»+.
13 Алар Петир менен Жакандын тайманбастыгын жана билими жок* карапайым кишилер+ экенин көрүп таң калышты. Ошондой эле ал экөөнүн Иса менен бирге жүргөнүн билишти+. 14 Бирок алардын жанындагы айыккан кишини көрүп+ эчтеке дей алышкан жок+. 15 Ошондо аларга Синедриондун залынан чыгууну буйруп, өз ара мындай деп кеңеше башташты: 16 «Бул кишилерди эмне кылсак?+ Анткени булар, чынында эле, зор керемет көрсөтүштү, бул жөнүндө Иерусалимдин бүт тургундарына маалым болду+. Муну биз да четке кага албайбыз. 17 Бирок бул мындан ары да элге жайыла бербеши үчүн, буларды коркутуп, экинчи ал кишинин атынан эч кимге эч нерсе айтпоону буйрук кылалы»+.
18 Ошентип, экөөнү чакырышты да, Исанын атынан эч жерде эч нерсе айтпоону, окутпоону буйрук кылышты. 19 Бирок Петир менен Жакан: «Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү, Кудайдын алдында Аны эмес, силерди укканыбыз туура болобу? 20 Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— дешти+. 21 Ошондо тигилер жазалаганга эч себеп таба алышпагандыктан жана болуп өткөн окуя үчүн Кудайды даңктап жаткан элден коркушкандыктан+, экөөнү дагы бир жолу коркутуп туруп коё беришти. 22 Керемет жолу менен айыккан кишинин жашы кырктан ашып калган эле.
23 Бошотулгандан кийин Петир менен Жакан башка шакирттерге барып+, жогорку дин кызматчылар менен аксакалдардын эмне дешкенин айтып беришти. 24 Алардын сөзүн укканда баары биримдикте Кудайдан катуу үн менен мындай деп тиленишти+:
«Эгедер Теңир+, асман-жерди, деңизди жана алардагынын баарын сен жараткансың+. 25 Сен ыйык рухуңду колдонуп, өзүңдүн кызматчың, атабыз Дөөтү аркылуу+: „Эмне үчүн элдер дүрбөлөңгө түшүп, уруулар ишке ашпас нерсени ойлоп жатышат?+ 26 Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгышты, башкаруучулар Жахабага жана анын майланганына каршы бир кишидей чогулушту“,— деп айткансың+. 27 Ирод менен Понтий Пилат+ башка улуттагылар менен жана ысрайылдыктар менен бирге бул шаарга чогулуп, өзүң майлаган+ ыйык кызматчың+ Исага каршы чыгышты. 28 Ошентип, алар сенин күчүң менен, сенин эркиң менен алдын ала белгиленгендерди ишке ашырышты+. 29 Эми, Жахаба, алардын коркутуп-үркүткөнүнө көңүл буруп+, кулдарыңа сенин сөзүңдү зор кайраттуулук менен айта бергенге күч бере көр+. 30 Ошондой эле айыктырыш үчүн күчүңдү колдонуп, ыйык кызматчың+ Исанын атынан+ керемет-жышаандарды көрсөтө бер»+.
31 Шакирттер ушинтип жалындуу тиленгенден кийин, алар чогулган жер солкулдай түштү да+, баары ыйык рухка толуп+, Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен айта башташты+.
32 Ишенип калган көп адамдардын баарынын ой-тилеги бир болду*+. Эч ким өзүнүн мүлкүн меники дебей, бардыгын жалпы колдонушту+. 33 Элчилер Мырзабыз Исанын тирилгени жөнүндө жигердүүлүк менен күбөлөндүрүп жүрүштү+. Кудай аларга батасын мол төгө берди. 34 Эч кимиси эч нерсеге муктаж болгон жок+. Себеби жери же үйү барлардын бардыгы жерин, үйүн сатып, түшкөн акчаны алып келип, 35 элчилерге тапшырып жатышты+. Элчилер болсо ал акчадан ар бирине муктаждыгына жараша берип турушту+. 36 Кипрлик бир леби, элчилер Барнаба+ («сооронуч уулу» дегенди билдирет) деп коюшкан Жусуп да 37 жерин сатып, түшкөн акчаны элчилерге алып келди+.