Шемуелдин 1-китеби
Шемуелдин биринчи китеби
же грекче Септуагинтага ылайык, БИРИНЧИ ПАДЫШАЛАР КИТЕБИ
1 Эпрайымдын тоолуу аймагындагы+ Раматайым-Сопимде+ Элкана+ аттуу эпрайымдык бир киши жашачу. Ал Жерохамдын уулу эле. Жерохам Элиунун, Элиу Тохтун, Тох Зуптун+ уулу болгон. 2 Элкананын Анна жана Пенина деген эки аялы бар эле. Пенинанын балдары бар болчу, Аннаныкы жок болчу+. 3 Асман аскерлеринин Кудайы Жахабага* таазим кылып+, курмандык чалыш үчүн Элкана жыл сайын өзү жашаган шаардан Шилого барчу+. Ал жерде Эйлинин Копни жана Пинехас+ деген эки уулу Жахабанын дин кызматчысы болуп кызмат кылышчу+.
4 Курмандык чалган күнү Элкана андан Пенина менен анын уул-кыздарына бир нече устукан+ берчү. 5 Ал эми Аннага, аны аябай жакшы көрсө да+, бир эле устукан берчү, анткени Жахаба ага бала берген эмес+. 6 Жахаба Аннага бала бербегендиктен, күндөшү аны дайыма ызалантып+, көңүлүн оорута берчү. 7 Пенина жыл сайын+, алар Жахабанын үйүнө барган сайын+, Аннаны ошентип ыза кылчу. Анна болсо ыйлап, тамак жечү эмес. 8 Күйөөсү Элкана ага: «Анна, эмнеге ыйлайсың? Эмнеге кайгырып, тамак жебей жатасың?+ Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» — деп айтчу+.
9 Бир күнү Шилодо жеп-ичип бүтүшкөндөн кийин Анна ордунан турду. Ошол убакта дин кызматчы Эйли Жахабанын ибадатканасынын*+ кире беришинде отургучта отурган эле. 10 Анна катуу кайгыргандыктан+ көз жашын төгүп+, Жахабадан тилене баштады+. 11 Анан ал: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, эгер күңүңдүн кайгысына назарыңды салып+, мени эстесең+ жана күңүңдү унутпай, мага эркек бала берсең, анда, Жахаба, мен аны биротоло сага берем, анын башына устара тийбейт»+,— деп ант берди+.
12 Анна Жахабадан көпкө чейин тиленди+. Ал тиленип жатканда, Эйли аны карап турган эле. 13 Анна ичинен тиленгендиктен+, сөздөрү угулган жок, эриндери гана кыймылдап жатты. Ошондуктан Эйли аны мас+ деп ойлоп: 14 «Качан соолугасың?+ Бар, соолугуп кел»,— деди. 15 Анна ага: «Жок, мырзам. Мен көңүлү чөгүп турган аялмын, шарап да, күчтүү ичимдик да ичкен жокмун. Мен Жахабага жүрөгүмдөгүнү төгүп жатам+. 16 Күңүңүздү начар+ аял деп ойлобоңуз. Кайгырып, ызаланганымдан ушунча тилендим»,— деди+. 17 Ошондо Эйли: «Тынчтык менен бара бер+. Ысрайылдын Кудайы тилегиңди берсин»,— деди+. 18 Анна: «Күңүңүз көз алдыңызда ырайым тапса экен» — деди да+, ал жерден кетти. Ошондон кийин ал тамак иче баштады+. Анын жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды+.
19 Алар эртең менен эрте туруп, Жахабага таазим кылышты да, Рамага, үйүнө жол тартышты+. Элкана аялы Аннага жакындады+, Жахаба аны эстеди+. 20 Ошентип, бир жылга жетип-жетпей Аннанын боюна бүтүп, уул төрөдү да: «Бул баланы Жахабадан тилеп алдым» — деп+, атын Шемуел* койду+.
21 Бир канча убакыт өткөндөн кийин Элкана үйүндөгүлөрү менен бирге Жахабага жыл сайын чалынчу курмандык+ менен ант курмандыгын+ чалганы жөнөдү. 22 Анна болсо барган жок+. Ал күйөөсүнө: «Баламды Жахабанын алдына эмчектен чыгаргандан кийин алып барайын+. Ал ошол жерде биротоло калсын»,— деди+. 23 Элкана+ ага: «Макул, өзүң каалагандай кыл+. Бала эмчектен чыкканча, үйдө кал. Жахаба өзү айткандай кылсын»,— деди+. Баласы эмчектен чыкканга чейин, Анна аны багып, үйдө болду+.
24 Баласы эмчектен чыккандан кийин, Анна аны алып, ошондой эле үч жашар бука, бир эйфа* ун, бир чоң кумура шарап+ алып, Шилого+, Жахабанын үйүнө барды. Баласы жанында эле. 25 Алар буканы союшту, баланы болсо Эйлиге алып барышты+. 26 Анна ага: «Мырзам, мен ушул жерде сиздин көзүңүзчө Жахабадан тиленген баягы аялмын+. 27 Ошондо ушул баланы сурап тиленген элем+. Жахаба тилегенимди берди+. 28 Эми баламды Жахабага берип* жатам+. Балам Жахабага биротоло берилди»,— деди.
Элкана ошол жерде Жахабага таазим кылды+.