Падышалар 2-китеп
1 Ахап падыша өлгөндөн кийин, Маап+ Ысрайылга каршы көтөрүлүш чыгарды.
2 Ошол убакта Ахазия падыша Самариядагы үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн тор тосмосунан кулап кетип, катуу жаракат алды. Ал кабарчыларын: «Экронго+ барып, ошол жердин кудайы Баал-Зебуптан айыгар-айыкпасымды сурап келгиле»,— деп жиберди.+ 3 Бирок Жахабанын* периштеси тишпилик Илияска:+ «Тур да, Самариянын падышасы жиберген кабарчылардын алдынан чыгып, аларга: „Экрондун+ кудайы Баал-Зебуптан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жок бекен? 4 Ошон үчүн Жахаба: “Төшөктөн турбайсың, өлөсүң”,— деп айтып жатат”,— деп айт»,— деди. Илияс так ошондой кылды.
5 Кабарчылар падышага кайтып келишкенде, ал: «Эмнеге бат эле келип калдыңар?» — деп сурады. 6 Алар мындай дешти: «Жолдон бир киши жолугуп: „Силерди жиберген падышага кайра барып: “Жахаба сага: “Экрондун кудайы Баал-Зебуптан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жок бекен? Ошон үчүн төшөктөн турбайсың, өлөсүң”,— деп айтып жатат”,— деп айткыла“,— деди».+ 7 Падыша: «Алдыңардан чыгып, ушул сөздөрдү айткан кишинин сырткы көрүнүшү кандай экен?» — деп сурады. 8 Алар: «Ал түктүү кийим кийип,+ белине кайыш кур курчанып алыптыр»,+— дешти. Ошондо падыша: «Анда ал — тишпилик Илияс»,— деди.
9 Анан падыша ага бир элүү башыны 50 жоокери менен жиберди. Элүү башы Илияс отурган тоого чыгып барды да: «Чыныгы Кудайдын кишиси,+ падыша сени түшсүн деп жатат»,— деди. 10 Илияс элүү башыга: «Эгер мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп,+ сени да, жаныңдагы 50 жоокериңди да жалмап кетсин»,— деди. Ошондо асмандан от түшүп, аны да, 50 жоокерин да жалмап кетти.
11 Падыша ага дагы башка элүү башыны 50 жоокери менен жиберди. Элүү башы Илияска: «Чыныгы Кудайдын кишиси, падыша: „Тезирээк түш“,— деп жатат»,— деди. 12 Илияс аларга: «Эгер мен чыныгы Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, жаныңдагы 50 жоокериңди да жалмап кетсин»,— деди. Ошондо асмандан Кудайдын оту түшүп, аны да, 50 жоокерин да жалмап кетти.
13 Падыша ага үчүнчү жолу дагы бир элүү башыны 50 жоокери менен жиберди. Элүү башы Илияска барды да, алдына чөгөлөп, ырайым кылышын өтүнүп: «Чыныгы Кудайдын кишиси, мага да, жанымдагы 50 кулуңа да ырайым кыла көр, бизди өлтүрө көрбө. 14 Асмандан от түшүп, мага чейин келген элүү башылардын экөөнү тең 50 жоокери менен кошо жалмап кетти. Эми мага ырайым кыла көр, суранам, өлтүрө көрбө»,— деп жалынды.
15 Жахабанын периштеси Илияска: «Муну менен түшүп бара бер, бул кишиден коркпо»,— деди. Илияс ордунан туруп, аны менен чогуу падышага барды. 16 Анан падышага: «Жахаба: „Сен кабарчыларыңды Экрондун+ кудайы Баал-Зебуптан сураганы жибердиң. Эмне, Ысрайылда Кудай жок бекен?+ Эмнеге андан сураган жоксуң? Ошон үчүн төшөктөн турбайсың, өлөсүң“,— деп айтып жатат»,— деди. 17 Ошентип, Жахабанын Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча, Ахазия падыша өлдү. Анын уулу жок болгондуктан, ордуна бир тууганы Жорам+ падыша болду. Ал Жүйүттүн падышасы Жошапат уулу Жорамдын+ башкаруусунун экинчи жылында такка отурду.
18 Ахазиянын+ жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган.