Падышалар 2-китеп
3 Жүйүттүн падышасы Жошапаттын башкаруусунун он сегизинчи жылында Ахаптын уулу Жорам+ Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал 12 жыл башкарды. 2 Жорам Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды, бирок атасы менен энеси кылганчалык кылган жок. Анткени ал атасы Баалга арнап жасаган ыйык устунду жок кылды.+ 3 Ошентсе да ысрайылдыктарды күнөөгө түрткөн Небаттын уулу Жеробам кылган жаман иштерди кылып,+ күнөө кылганын токтоткон жок.
4 Мааптын падышасы Меша мал чарбачылык кылчу. Ал Ысрайылдын падышасына салыкка 100 000 козу, 100 000 кыркылбаган кочкор берип турчу. 5 Ахап өлгөндөн көп өтпөй,+ Мааптын падышасы Ысрайылдын падышасына каршы көтөрүлүш чыгарды.+ 6 Ошондо Жорам падыша Самариядан чыгып, бүт Ысрайылды чогултту. 7 Андан сырткары, ал Жүйүттүн падышасы Жошапаттан: «Мааптын падышасы мага каршы көтөрүлүп жатат. Мага кошулуп, аны менен согушканы барасыңбы?» — деп сураганы киши жөнөттү. Жошапат: «Барам.+ Сен экөөбүз бирбиз. Менин элим — сенин элиң, менин аттарым — сенин аттарың»,— деди.+ 8 Анан: «Кайсы жол менен барабыз?» — деп сурады. Тиги: «Эдомдогу чөл аркылуу кеткен жол менен»,— деди.
9 Ошентип, Ысрайылдын падышасы Жүйүттүн падышасы менен Эдомдун+ падышасын кошуп алып жолго чыкты. Алар айланып өтчү жол менен 7 күн жүрүштү. Акырында аскерлерге да, артында келаткан малга да ичкенге суу таппай калышты. 10 Ошондо Ысрайылдын падышасы: «Эми балээ баспадыбы! Жахаба бизди, үч падышаны, Мааптын колуна салып бериш үчүн чогулткан турбайбы!» — деди. 11 Жошапат: «Бул жерде Жахабанын пайгамбары барбы? Ошол аркылуу Жахабадан сурап көрбөйлүбү»,— деди.+ Ысрайылдын падышасынын бир кызматчысы: «Ооба, Илиястын колуна суу куюп берип жүргөн*+ Шапат уулу Элиша бар»,+— деди. 12 Ошондо Жошапат: «Ал дайыма Жахаба айтканды айтат»,— деди. Анан Ысрайылдын падышасы менен Жошапат жана Эдомдун падышасы ага жолукканы жөнөштү.
13 Элиша Ысрайылдын падышасына: «Мага эмнеге келдиң?+ Бар, атаң менен апаңдын пайгамбарларынан сура»,+— деди. Бирок Ысрайылдын падышасы ага: «Жок, антпе, себеби бизди, үч падышаны, Мааптын колуна салып бериш үчүн Жахаба чогултуп жатпайбы»,— деди. 14 Ошондо Элиша: «Өзүм кызмат кылган тирүү Кудайдын, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын алдында чынын айтам, Жүйүттүн падышасы Жошапат+ болбогондо, сени карамак да эмесмин»,+— деди. 15 Анан: «Мага кыл аспап черткен киши+ таап келгиле»,— деди. Ал киши келип, кыл аспабын черте баштаганда, Элишага Жахабанын ыйык руху таасир эте баштады.+ 16 Анан Элиша: «Жахаба мындай дейт: „Ушул өрөөнгө чуңкурларды казгыла, 17 себеби мен, Жахаба: “Шамал болбойт, жаан да жаабайт, бирок ушул өрөөн сууга толот.+ Ал суудан өзүңөр да ичесиңер, малыңар да ичет”,— деп айтып жатам“. 18 Бул Жахаба үчүн кыйын эмес,+ ал атүгүл Маапты да колуңарга салып берет.+ 19 Силер болсо алардын чептүү шаарлары+ менен башка эң жакшы шаарларынын баарын талкалагыла. Бүт жакшы бактарын кыйып, булактарынын көзүн бүтөп таштагыла. Түшүм бербеши үчүн, жакшы жерлерине таш ыргытып салгыла»,— деди.+
20 Эртең менен дан азыктарынан тартуу алынып келчү маалда+ күтүлбөгөн жерден Эдом тараптан суу агып келип, өрөөн сууга толуп калды.
21 Мааптыктар тиги падышалардын алар менен согушканы келгенин угушканда согушка жарактуулардын баарын чогултуп, чек арага барып тизилишти. 22 Алар эртең менен эрте турушту. Карама-каршы тарапта турушкандыктан, күн чыкканда, өрөөндөгү суунун бети чагылышып, аларга кан сымал кыпкызыл болуп көрүндү. 23 Ошондо алар: «Бул — кан! Падышалар бири-бирин кылычтап салышыптыр. Мааптыктар, жүргүлө, олжо биздики!»+ — дешти. 24 Анан ысрайылдык аскерлердин конушуна келишкенде, ысрайылдыктар аларды кыра башташты, мааптыктар качып жөнөштү.+ Ысрайылдыктар аларды кууп, Маапка жетер-жеткиче кырып барышты. 25 Анан шаарларын талкалап, жакшы жерлеринин баарына таш ыргытып, булактарынын көзүн бүтөп,+ бүт жакшы бактарын кыйып салышты.+ Акырында Кир-Харесеттин+ гана таш дубалдары калды. Салмоорчулар ал шаарды курчап алып, таш менен аткылап, сокку урушту.
26 Мааптын падышасы өзүнүн жеңилип баратканын көргөндө кылыч көтөргөн 700 жоокерин алып, Эдомдун падышасына+ жакын барыш үчүн аскерин жарып өткөнгө аракет кылды, бирок өтө албай койду. 27 Ошондо ал өзүнүн ордуна падыша болчу тун уулун дубалдын үстүндө өз кудайына багыштап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалды.+ Муну көрүп, эл* ысрайылдыктарга катуу каарданды. Ошон үчүн алар артка бурулуп, өз жерине кетишти.