Аюп
28 Күмүш казып ала турган жер бар,
Тазалана турган алтынды казып ала турган жер бар;+
2 Темир жерден алынат,
Жез таштан эритилет.+
3 Адам караңгы жерге жарык алып кирет,
Баалуу кендерди алыш үчүн көзгө сайса көрүнгүс жерге түшөт.
4 Эл жашаган жерден алыс аймактардан,
Кишинин буту баспаган, унутулган жерлерден кен казат,
Айрымдар аркан менен төмөн түшүп, абада илинип турушат.
6 Ал жердин таштарынын арасында сапфир ташы,
Топурагынын арасында алтын бар.
7 Ал жакка бара турган жолду бир да жырткыч куш билбейт,
Аны кара айры куйрук көргөн эмес.
8 Аны ири жырткыч жаныбарлар да тепсеген эмес,
Ал жерде жаш арстан жортуп жүргөн эмес.
9 Адам оттук таштуу асканы талкалайт,
Тоолорду түп-тамыры менен омкорот.
11 Ал дарыялардын башаттарын тосуп коёт,
Катылган кенчти жарыкка чыгарат.
12 Ал эми акылмандык кайдан табылат?+
Түшүнүктүүлүктүн булагы кайда?+
18 Маржан* менен хрусталды ага салыштырып да болбойт,+
Анткени акылмандык* бир баштык толо берметтен да кымбат.
20 Анда акылмандыкты кайдан алса болот?
Түшүнүктүүлүктүн булагы кайда?+
22 Сөөктөр чирий турган жай менен өлүм:
„Ал жөнүндө кулагыбыз гана чалган“,— дешет.
23 Аны кантип табышты Кудай гана билет.
Анын мекени ага гана маалым.+
Сууларды өлчөгөндө, бөлүштүргөндө,+
26 Жамгыр үчүн мыйзам бекиткенде,+
Чагылгандуу кара булутка жол салганда,+
27 Өз иштеринен акылмандыкты көрүп, анын эмне экенин түшүндүргөн,
Аны бекем орнотуп, сынап көргөн.
28 Анан адамга: