Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Забур 109
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Забур. Мазмуну

      • Башына мүшкүл түшкөн кишинин Кудайдан тиленгени

        • «Көзөмөлчүлүк милдети башкага берилсин» (8)

        • Кудай жакырдын оң тарабында турат (31)

Забур 109:1

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 33:1

Забур 109:2

Байланышы бар аяттар

  • +Шм2к 15:2, 3; Зб 31:18

Забур 109:3

Байланышы бар аяттар

  • +Шм2к 15:12; 16:5—7; Зб 69:4

Забур 109:4

Байланышы бар аяттар

  • +Шм2к 13:39

Забур 109:5

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 35:11, 12; 38:19, 20
  • +Зб 55:12—14

Забур 109:6

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «Анын үстүнөн».

  • *

    Же: «айыптоочу».

Забур 109:7

Шилтемелер

  • *

    Же: «ыймансыз».

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 1:15; Мик 3:4

Забур 109:8

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 55:23; Мт 27:5
  • +Элч 1:16—20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 19-б.

Забур 109:11

Шилтемелер

  • *

    Же: «Карыз берген алдым-жуттум кишилер бүт мүлкүнө тор жайсын».

Забур 109:12

Шилтемелер

  • *

    Же: «туруктуу сүйүү көрсөтпөсүн».

Забур 109:13

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 37:28

Забур 109:14

Байланышы бар аяттар

  • +Шм2к 3:28, 29; 21:1

Забур 109:15

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 34:16

Забур 109:16

Шилтемелер

  • *

    Же: «туруктуу сүйүү көрсөтүүнү».

Байланышы бар аяттар

  • +Жкп. 2:13
  • +Шм2к 16:11; 17:1, 2; Зб 10:2; 37:32

Забур 109:18

Шилтемелер

  • *

    Же: «денесине».

Забур 109:19

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 109:29

Забур 109:20

Байланышы бар аяттар

  • +Шм2к 17:23

Забур 109:21

Шилтемелер

  • *

    Же: «туруктуу сүйүүң».

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 25:11; 31:3
  • +Зб 36:7; 69:16; 86:5

Забур 109:22

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 40:17
  • +Зб 102:4

Забур 109:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/9/2006, 13-б.

Забур 109:25

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 31:11
  • +Зб 22:7; Мт 27:39

Забур 109:29

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 35:26

Забур 109:30

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 22:22

Забур 109:31

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/9/2006, 14-б.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Заб. 109:1Зб 33:1
Заб. 109:2Шм2к 15:2, 3; Зб 31:18
Заб. 109:3Шм2к 15:12; 16:5—7; Зб 69:4
Заб. 109:4Шм2к 13:39
Заб. 109:5Зб 35:11, 12; 38:19, 20
Заб. 109:5Зб 55:12—14
Заб. 109:7Ыш 1:15; Мик 3:4
Заб. 109:8Зб 55:23; Мт 27:5
Заб. 109:8Элч 1:16—20
Заб. 109:13Зб 37:28
Заб. 109:14Шм2к 3:28, 29; 21:1
Заб. 109:15Зб 34:16
Заб. 109:16Жкп. 2:13
Заб. 109:16Шм2к 16:11; 17:1, 2; Зб 10:2; 37:32
Заб. 109:19Зб 109:29
Заб. 109:20Шм2к 17:23
Заб. 109:21Зб 25:11; 31:3
Заб. 109:21Зб 36:7; 69:16; 86:5
Заб. 109:22Зб 40:17
Заб. 109:22Зб 102:4
Заб. 109:25Зб 31:11
Заб. 109:25Зб 22:7; Мт 27:39
Заб. 109:29Зб 35:26
Заб. 109:30Зб 22:22
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
Ыйык Китеп
Забур 109:1—31

Забур

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры.

109 Оо, мен даңктаган Кудай,+ унчукпай койбо.

 2 Анткени ыймансыз менен калпычы мага каршы сүйлөп жатат.

Алар мен жөнүндө калп айтып жатышат.+

 3 Мени жектеген сөздөрүн туш тараптан жаадырып,

Мага жөн жерден эле сокку уруп жатышат.+

 4 Алар сүйүүмө кастык менен жооп берип жатышат,+

Мен болсо дагы эле Кудайдан тиленип жатам.

 5 Кылган жакшылыгыма жамандык менен,+

Сүйүүмө жек көрүү менен жооп берип жатышат.+

 6 Душманымды соттогонго* ыймансызды дайында,

Оң тарабында каршылашы* турсун.

 7 Ал соттолгондо айыптуу* деп табылсын,

Атүгүл Кудайдан тиленгени күнөө деп эсептелсин.+

 8 Өмүрү кыска болсун,+

Көзөмөлчүлүк милдети башкага берилсин.+

 9 Балдары жетим,

Аялы жесир калсын.

10 Балдары тентип, кайыр сурап калсын,

Ураган үйлөрүнөн чыгып, тамак издеп калышсын.

11 Карыз берген киши анын бүт мүлкүн тартып алсын*,

Тапкан-жыйганын бөтөн бирөөлөр талап кетсин.

12 Ага эч кимдин боору оорубасын*,

Жетимдерине эч ким ырайым кылбасын.

13 Урпактары кырылып калсын,+

Аты өчүп, кийинки муундагылар аларды билбей калсын.

14 Жахаба анын ата-бабаларынын кылмышын унутпасын,+

Энесинин да күнөөсү өчүрүлбөсүн.

15 Алардын кылгандары дайыма Жахабанын эсинде болсун,

Ал жер үстүнөн алардын атын өчүрсүн.+

16 Анткени ал киши боор оору дегенди* унутуп койгон,+

Кайра, эзилгенди, жакырды, көңүлү чөккөндү өлтүрүш үчүн

Артынан сая түшкөн.+

17 Бирөөнү каргаганды жакшы көргөндүктөн, өзүнө каргыш тийди,

Бата бергиси келбегендиктен, өзү да бата алган жок.

18 Ал каргышты кийимдей кийди,

Каргыштар ичине* суудай кирди,

Сөөгүнө майдай сиңди.

19 Айткан каргыштары анын кийген кийиминдей,+

Дайыма курчанган курундай болсун.

20 Мага каршы чыккандын,

Мени жамандагандардын Жахабадан алган тиешеси — ушул.+

21 Сен болсо, Эгедер Теңир Жахаба,

Өз ысмың даңкталышы үчүн, мага жардам бере көр,+

Мени куткар, анткени сенин сүйүүң* улуу.+

22 Анткени мен бир байкушмун, жакырмын,+

Жүрөгүм тилинип, жараланды.+

23 Мен көлөкө сымал өтүп баратам,

Мени чегирткедей күбүп салышты.

24 Орозо кармагандыктан тизелеримдин күчү кетти,

Этим шылынып, соолуп баратам.

25 Аларга шылдың болдум,+

Мени көргөндө башын чайкашат.+

26 Оо, Жахаба Кудайым, мага жардам бере көр,

Туруктуу сүйүүңдү көрсөтүп, мени сактай көр.

27 Оо, Жахаба, ошондо алар мени сен сактап калганыңды,

Муну сен кылганыңды билишет.

28 Алар каргай беришсин, сен болсо батаңды бер.

Алар мага каршы чыкканда уятка калышсын,

Ал эми сенин кызматчың кубансын.

29 Мага каршы чыккандар кемсинтилсин,

Маскаралыкты чапандай кийишсин.+

30 Мен Жахабаны күйүп-жанып даңктайм,

Калың элдин алдында даңазалайм.+

31 Анткени ал жакырды айыптоочуларынан сакташ үчүн

Анын оң тарабында турат.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү