115 Даңкты бизге эмес, оо, Жахаба, бизге эмес,
Өз ысмыңа ыйгар,+
Анткени сен ишеничтүүсүң, сүйүүң туруктуу.+
2 Башка элдер:
«Булардын Кудайы кайда?»+ — дешпесин.
3 Биздин Кудайыбыз асманда,
Ал эмнени кааласа, ошону кылат.
4 Ал эми алардын буркандары алтын менен күмүштөн жасалган,
Пенденин колунан жаралган.+
5 Алардын оозу бар, бирок сүйлөбөйт,+
Көзү бар, бирок көрбөйт,
6 Кулагы бар, бирок укпайт,
Мурду бар, бирок жыт билбейт.
7 Колу бар, бирок кармай албайт,
Буту бар, бирок баспайт,+
Көмөкөйүнөн үн чыкпайт.+
8 Аларды жасагандар да,+
Аларга таянгандар да ошолордой болуп калат.+
9 Оо, ысрайыл эли, Жахабага таян,+
Ал — сенин жардамчың, калканың.+
10 Оо, Арундун урпактары,+ Жахабага таянгыла,
Ал — силердин жардамчыңар, калканыңар.
11 Жахабадан корккондор, Жахабага таянгыла,+
Ал — силердин жардамчыңар, калканыңар.+
12 Жахаба бизди унутпайт, батасын берет;
Ал Ысрайылдын урпактарына батасын берет,+
Арундун урпактарына батасын берет.
13 Жахаба андан корккондордун баарына,
Чоңунан кичинесине чейин батасын берет.
14 Жахаба силерди көбөйтөт,
Өзүңөрдү да, бала-чакаңарды да көбөйтөт.+
15 Жахаба, асман менен жердин Жаратканы,+
Силерге батасын берсин.+
16 Асман Жахабага таандык,+
Жерди болсо ал адам баласына берген.+
17 Өлгөндөр Жахты даңазалабайт,+
Жымжырт жайга түшкөндөр аны даңктабайт.+
18 Биз болсо Жахты алкайбыз,
Азыр да, келечекте да түбөлүккө алкайбыз.
Жахты даңктагыла!