Забур
Жетекчиге. Маскил. Дөөтүнүн ыры. Эдомдук Доек Шабулга барып, Дөөтүнүн Акимелекке+ келип кеткенин айткандан кийин жазылган.
52 Кыянат иштериңе эмнеге мактанасың, зулум*?+
Кудай туруктуу сүйүүсүн күнүгө көрсөтөрүн билбейсиңби?+
3 Жакшылыкка караганда жамандыкты,
Чындыкка караганда жалган айтканды жакшы көрөсүң. (Села)
4 Тили жалган сүйлөгөн киши,
Сен адамды ойрон кыла турган сөздөрдү жакшы көрөсүң,
5 Ошон үчүн Кудай сени түбөлүккө кулатат,+
Кармап туруп, чатырыңдан сүйрөп чыгат,+
Тирүүлөр жашаган жерден тукум курут кылат.+ (Села)
7 «Бул деген Кудайды баш маанасындай* көргөн эмес,+
Ашып-ташыган байлыгына ишенген,+
Өзүнүн кыянат ойлоруна таянган»,— дешет.