Чыгуу
15 Ошондо Муса менен ысрайылдыктар Жахабаны даңктап мындай деп ырдашты:+
«Жахабаны даңазалап ырдайм, ал даңкка бөлөндү.+
Атчанды аты менен кошо деңизге чөктүрдү.+
2 Жах* — күч-кубатым, анткени ал мени куткарды.+
Ал — менин Кудайым, аны даңктайм.+ Ал — атамдын Кудайы,+ аны даңазалайм.+
3 Жахаба — күчтүү жоокер.+ Жахаба — анын ысмы.+
4 Ал фараондун согуш арабалары менен аскерлерин деңизге ыргытып,+
Тандамал жоокерлерин Кызыл деңизге чөктүрдү.+
5 Ээ-жаа бербеген толкундар аларды басып калды, алар суунун түбүнө таш чөккөндөй чөгүштү.+
7 Сен чексиз улуу болгондуктан өзүңө каршы чыккандарды кулатасың,+
Жалындаган каарың аларды саманды жалмагандай жалмап кетет.
8 Танооңдон чыккан демиңен суулар көтөрүлүп,
Дубалдай болуп туруп калды.
Ээ-жаа бербеген суулар деңиздин ортосунда* катып калды.
9 Душман: „Артынан сая түшүп, кууп жетем!
Олжону бөлүштүрөм, каалаганымдын баарын алам!
Кылычымды кынынан сууруп, аларды өз колум менен багындырам!“ — деди.+
10 Бирок сен үйлөгөндө, деңиз аларды басып калды,+
Алар албууттанган деңизге коргошун чөккөндөй чөгүп кетишти.
11 Оо, Жахаба, кудайлардын арасында сендей ким бар?+
Сендей абдан ыйык ким бар?+
Сен терең урмат-сыйга*, ыр менен даңкталууга татыктуусуң, сен керемет жасоочусуң.+
12 Оң колуңду сунганда, душманды жер жутуп кетти.+
13 Куткарып алган элиңди сүйүүңө* бөлөп, жетектеп баратасың,+
Аларды кудуреттүү күчүң менен ыйык жайыңа алып барасың.
15 Ошол убакта Эдомдун бүт шайыктарынын* үрөйлөрү учат,
Мааптын күчтүү башкаруучуларын калтырак басат.+
Канаандын бардык тургундарынын ындыны өчөт.+
16 Алар коркуп, жүрөктөрү түшөт.+
Оо, Жахаба, элиң өтүп кетмейинче,
Алар кудуреттүү күчүңдөн улам таштай катып калышат.
17 Оо, Жахаба, сен элиңди алып барып, өзүңдүн тооңо жайгаштырасың*,+
Оо, Жахаба, аларды өзүңө турак жай кылган жерге,
Өз колуң менен тургузган ыйык жайга алып барасың.
18 Жахаба кылымдан кылымга, түбөлүккө падышалык кылат.+
19 Фараондун аттары менен согуш арабалары, атчан аскерлери деңизге киргенде,+
Жахаба деңиздин сууларын ордуна келтирип, аларды каптатты,+
Ысрайыл эли болсо деңиздин кургак жери менен өтүп кетти».+
20 Ошондо Арундун эжеси пайгамбар аял Мириям колуна дап алды. Ага кошулуп бардык аялдар дап кагып, бийлеп киришти. 21 Анан Мириям эркектерге жооп кылып:
«Жахабаны даңазалап ырдагыла, ал даңкка бөлөндү.+
Атчанды аты менен кошо деңизге чөктүрдү»,— деп ырдады.+
22 Андан кийин Муса ысрайыл элин Кызыл деңиздин жанынан Шур чөлүнө алып барды. Алар чөлдө 3 күн жүрүштү, бирок суу таппай коюшту. 23 Бир нече убактан кийин Марага+ келишти, бирок ал жердин суусу ачуу болгондуктан, иче албай коюшту. Ошондуктан ал ошол жерди Мара* деп атады. 24 Ошондо эл Мусага: «Эми кайсы сууну ичебиз?» — деп наалып кирди.+ 25 Муса Жахабага жардам сурап кайрылганда,+ Жахаба ага бир кичинекей бакты көрсөттү. Муса аны сууга таштаганда, суу ачуу болбой калды.
Ошол жерде Кудай аларга осуят берип, аларды эмненин негизинде соттой турганын көрсөттү, аларды ошентип сынады.+ 26 Ал: «Эгер Жахаба Кудайыңарды кунт коюп уксаңар, ал туура деп эсептеген иштерди кылсаңар, анын осуяттарына кулак каксаңар, бардык буйруктарын аткарсаңар,+ силерге мисирликтерге жиберген оорулардын бирин да жибербейм.+ Мен, Жахаба, силерди оору-дарттан алыс кылам»,— деди.+
27 Андан кийин алар Элимге келишти. Ал жерде 12 булак, 70 курма дарагы бар эле. Анан алар суунун боюна чатырларын тигишти.