Чыгуу
31 Жахаба Мусага дагы мындай деп айтты: 2 «Мен Жүйүт уруусундагы+ Хурдун небереси, Уринин уулу Безелелди+ тандап алдым. 3 Ага ыйык рухумду* берем. Ошондо анын акылмандыгы, түшүнүгү, билими тереңдеп, бардык иштин көзүн билип калат, 4 чыгармачылыгы артып, алтындан, күмүштөн, жезден буюмдарды жасаганга, 5 таш кесип,+ алкакка салганга, жыгач сомдоп, ар кандай буюмдарды жасаганга жөндөмдүү болот.+ 6 Андан сырткары, Дан уруусундагы Акисамактын уулу Олиапты+ ага жардамчы кылып дайындадым. Мен сага буйруган нерселердин бардыгын жасашы үчүн, колу жөндүү чеберлердин баарына акыл берем.+ 7 Алар жолугушуу чатырын,+ келишим сандыгы+ менен үстүндөгү капкагын,+ чатырга тиешелүү бардык нерселерди, 8 үстөл+ менен ага тиешелүү нерселерди, таза алтындан жасала турган чыракпая менен ага тиешелүү бардык нерселерди,+ жыпарзат түтөткүчтү,+ 9 бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалына турган курмандык жайы+ менен ага тиешелүү бардык нерселерди, чоң казан менен түпкүчүн,+ 10 өзгөчө чебердик менен токулчу кийимдерди, дин кызматчы Арун кие турган ыйык кийимди жана анын уулдары дин кызматчы болуп кызмат кылганда кие турган кийимдерди,+ 11 ыйык майды жана ыйык жай үчүн жыпарзат жасашат.+ Алар мен сага буйругандардын баарын жасашат».
12 Жахаба Мусага дагы мындай деди: 13 «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Дем алыш күн жөнүндөгү мыйзамымды аткаргыла,+ себеби менин силерди ыйыктап, тандап алган Жахаба экенимди билишиңер үчүн, ошол күн мени менен силердин ортоңордо укумдан-тукумга белги болот. 14 Дем алыш күн силер үчүн ыйык болгондуктан, ал жөнүндөгү мыйзамды аткаргыла.+ Ким аны бузса, өлүм жазасына тартылат. Ал күнү иштеген адам элдин арасынан жок кылынат.+ 15 Алты күн иш кылса болот, ал эми жетинчи күн — дем алыш, толугу менен эс ала турган күн.+ Ал Жахаба үчүн ыйык. Ким дем алыш күнү иш кылса, өлүм жазасына тартылсын. 16 Ысрайыл эли дем алыш күн жөнүндөгү мыйзамды укумдан-тукумга аткарсын. Ал — түбөлүккө түзүлгөн келишим. 17 Дем алыш күн мени менен ысрайыл элинин ортосундагы түбөлүктүү белги болот.+ Анткени мен, Жахаба, алты күндүн ичинде асман менен жерди жараткам. Жетинчи күнү болсо эс алып, кылган иштеримди көрүп канааттангам“».+
18 Кудай Синай тоосунда Муса менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин ага келишим жазылган эки таш лоокту берди.+ Аларга Кудай өз колу* менен жазган болчу.+