Ышая
1 Амостун уулу Ышаянын*+ Жүйүт падышалары Узия,+ Жотам,+ Ахаз+ жана Хискиянын+ күндөрүндө Жүйүт менен Иерусалим тууралуу алган аяны.+
2 Оо, асман, ук! Оо, жер, көңүл бур!+
Анткени Жахаба*:
3 Бука да ээсин билет,
Эшек да кожоюну жем-чөп салган акырын билет;
Ысрайыл эли болсо мени* билбейт,+
Элим түшүнүп иш кылбайт»,— дейт.
Кылмышы оор калктын,
Кыянатчылдардын тукумунун,
Бузулган балдардын башына каран түн түшөт!
5 Кайра-кайра козголоң чыгаргандар, дагы кайсы жериңерге урайын?+
Бети-башыңардын тамтыгы жок,
Жүрөгүңөрдү дарт жеп жатат.+
6 Бутуңардан башыңарга чейин соо жериңер жок.
Жарааттарыңар, көк-ала болгон жерлериңер,
Жаңы чыккан жараларыңар тазаланган эмес, таңылган эмес,
Май сыйпалып, жумшартылган да эмес.+
7 Жериңер ээн калды,
Шаарларыңар өрттөлдү.
Жериңердин түшүмүн бөтөн жерликтер көзүңөрчө жеп жатат;+
Баары душман кыргын салып кеткендегидей аңгырап бош калды.+
8 Сион кызы* жүзүмзардагы алачыктай,
Бадыраң өскөн талаадагы кепедей,
Курчоого алынган шаардай ташталды.+
9 Эгер асман аскерлеринин Кудайы Жахаба анча-мынчабызды аман калтырбаса,
Содомдой болуп калмакпыз,
Аморго окшоп калмакпыз.+
10 Содомдун зулум башкаруучулары, Жахабанын сөзүн уккула.+
Амордун эли, Кудайыбыздын мыйзамына* көңүл бургула.+
11 Жахаба мындай дейт: «Көп сандаган курмандыктарыңардан мага эмне пайда?+
Бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалган кочкорлоруңарга,+ бордолгон малдын майына тойдум,+
Букачарлардын да,+ козулардын да, текелердин да+ канын+ каалабайм.
13 Дан азыктарынан эч нерсеге жарабаган тартуу алып келгениңерди токтоткула.
Түтөткөн жыпарзатыңар да мен үчүн жийиркеничтүү.+
Силер айдын жаңырганын,+ дем алыш күндү*+ белгилейсиңер, элди жыйынга чогултасыңар,+
Салтанаттуу жыйын өткөрөсүңөр, ошол эле учурда сыйкырдуу күчтү+ колдоносуңар; мен буга чыдап тура албайм.
14 Айдын жаңырганын белгилегениңерди, майрамдарыңарды жек көрөм.
Алар мен үчүн жүк болуп калды;
Аларды көтөрүп жүрүп чарчадым.
Ыймансыз иштериңерди көз алдыман жок кылгыла,
Жаман иш кылганыңарды токтоткула.+
17 Жакшылык кылганды үйрөнгүлө, адилеттүү иш кылгыла,+
Эзүүчүнү оңдоп-түзөгүлө,
Жетимдин укуктарын коргогула,
18 Жахаба мындай дейт: «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу.+
21 Бир кезде Кудайга берилген шаар+ сойкуга айланды!+
23 Төрөлөрүң кежир, ууруларга шерик.+
Алардын баары параны жакшы көрөт, белек алганга жутунат.+
Жетимге адилеттик кылышпайт,
Жесирдин ишин такыр карашпайт.+
24 Ошондуктан чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,
Ысрайылдын Кудуреттүү Кудайы мындай дейт:
«Жетишет! Эми мен душмандарыман арылам,
Алардан өч алам.+
25 Сени жазалайм,
Шакар менен тазалагандай, эритип ширендиңди бөлүп алам,
Сени бүт керексиз заттардан арылтам.+
Ошондон кийин сени Адилдик шаары, Кудайга ишенимдүү калаа деп аташат.+
Экөө бирдей дүрт деп тутанат,
Өчүргөн эч ким болбойт».