Ышая
29 «Ариелге*, Дөөтүнүн кошууну жайгашкан+ Ариел шаарына, каран түн түшөт!
Жыл артынан жыл өтсүн;
Жыл сайын өткөрүлчү майрамдарды+ өткөрө бергиле.
2 Бирок мен Ариелге алаамат түшүрөм,+
Ошондо ал жакты кайгы басат, ый угулат,+
Ал Кудайдын курмандык жайынын очогуна айланат.+
3 Оо, Ариел, сага сокку уруш үчүн туш тарабыңа чатыр тигем,
Сени жыгач казыктар менен курчайм,
Чабуул коюш үчүн айланаңа курулмаларды тургузам.+
Жер астынан чыккан үнүң+ өлгөндөрдү чакырган кишиникиндей угулат,
Сөздөрүң топурак астынан шыбырагандай араң чыгат.
Бул күтүүсүздөн, көз ачып-жумгуча болот.+
6 Мен, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, сага көңүл буруп,
Сени күндүн күркүрөгү, жер титирөө, катуу үн менен,
Долу шамал, бороон, жалмаган оттун жалыны менен куткарам».+
7 Ошондо Ариелге каршы согушуп жаткан бардык элдер,+
Аны менен салгылашып жаткандардын баары,
Чабуул коюш үчүн колдонулган мунаралар,
Ага алаамат түшүргөндөр
Түштөй, түнкү аяндай жок болушат.
8 Ачка киши түшүндө тамак жеп жаткан болот,
Бирок ойгонсо — ачка.
Суусап жаткан киши түшүндө суу ичип жаткан болот,
Бирок ойгонсо — алы кетип, чаңкап жатат.
Сион тоосуна каршы согушуп жаткан элдердин баары ошондой абалда болот.+
Алар шарап ичишпесе да, мас болуп жүрүшөт;
Күчтүү ичимдикти оозуна алышпаса да, теңселип жүрүшөт.
10 Анткени Жахаба силерди катуу уйкуда жаткандагыдай кылып койду;+
Ал көзүңөрдү жаап койду: пайгамбарларыңарды сокур кылып койду,+
Башыңарды жапты: көрөгөчтөрүңөрдү эч нерсе көрбөй кала тургандай кылып койду.+
11 Силер үчүн аяндын баары мөөр басылган китептеги+ сөздөрдөй болуп калды. Аны окуганды билген бирөөгө берип: «Муну үн чыгарып окуп берчи»,— дешкенде, ал: «Буга мөөр басылыптыр, окуй албайм»,— дейт. 12 Ал эми китепти окуганды билбеген бирөөгө берип: «Муну үн чыгарып окуп берчи»,— дешкенде, ал: «Мен окуганды билбейм»,— деп жооп берет.
13 Жахаба мындай дейт: «Бул эл мага сөз жүзүндө эле сыйынат,
Мени оозу менен эле урматтайт,+
Жүрөктөрү болсо менден алыс;
Алар адамдардын осуяттарын үйрөнүп, ошону менден коркуу деп эсептешет.+
14 Ошондуктан керемет артынан керемет кылып,
Бул элди таң калтырам;+
Даанышмандарынын даанышмандыгын ойрон кылам,
Эстүүлөрү түшүнүгүнөн ажырайт».+
15 Жахабадан жаман оюн жашырганга аракет кылгандардын башына каран түн түшөт!+
Андай кишилер иштерин караңгы жерде кылып:
«Бизди ким көрмөк эле?
Эмне кылып жатканыбызды ким билмек эле?» — дешет.+
16 Силер баарын бузуп бурмалайсыңар!*
Чопо карапачыга теңеле алабы?+
Буюм өзүн жасаган киши жөнүндө:
«Мени ал жасаган эмес»,— дейби?+
Жаратылган нерсе жаратканы тууралуу:
«Ал эч нерсе түшүнбөйт»,— дейби?+
17 Жакын арада Лебанон бакчага айланат.+
Ал бакча токойдой көрүнөт.+
18 Ошол күнү дүлөйлөр китептеги сөздөрдү угат,
Коюу караңгылыкта жүргөн сокурлардын көзү көрө баштайт.+
20 Анткени зулум жок болот,
Мактанчаактын ичер суусу түгөнөт,
Кыянаттык кылганга даяр тургандардын баары кырылат.+
21 Жалган айтып, башкаларды айыптагандар,
Шаар дарбазасынын алдында өзүн коргогон кишиге тор жайгандар,+
Жалган жүйө келтирип, адил адамга адилеттик кылбагандар жок болушат.+
22 Ошондуктан Ыбрайымды куткарган Жахаба+ Жакыптын урпактарына:
23 Анткени ал жанына чогулган,
Менин колуман бүткөн балдарын көргөндө,+
Алар менин ысмымды ыйык тутушат;
Ооба, Жакыптын Ыйык Кудайын ыйык тутушат,
Ысрайылдын Кудайын кастарлап турушат.+
24 Ошондо адашып жүргөндөр түшүнүккө ээ болушат,
Наалыгандар насаатты кабыл алышат»,— дейт.