Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Ышая 31
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Ышая. Мазмуну

      • Чыныгы жардамды пенде эмес, Кудай берет (1—9)

        • Мисирликтердин «аттары рухтар эмес, тек гана жаныбарлар» (3)

Ышая 31:1

Шилтемелер

  • *

    Же: «Күчтүү чабандестерге».

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 30:2
  • +Мз 17:15, 16

Ышая 31:2

Байланышы бар аяттар

  • +Жз 29:6, 7

Ышая 31:3

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 33:17; Нкл 21:31

Ышая 31:4

Шилтемелер

  • *

    Же: «жалы бар жаш арстан».

Ышая 31:5

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 32:11, 12; Зб 91:4

Ышая 31:6

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 55:7; Жл 2:12

Ышая 31:8

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 19:35; Жл2к 32:21; Ыш 37:36

Ышая 31:9

Шилтемелер

  • *

    Же: «Оту».

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Ыш. 31:1Ыш 30:2
Ыш. 31:1Мз 17:15, 16
Ыш. 31:2Жз 29:6, 7
Ыш. 31:3Зб 33:17; Нкл 21:31
Ыш. 31:5Мз 32:11, 12; Зб 91:4
Ыш. 31:6Ыш 55:7; Жл 2:12
Ыш. 31:8Пд2к 19:35; Жл2к 32:21; Ыш 37:36
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
Ыйык Китеп
Ышая 31:1—9

Ышая

31 Мисирге жардам издеп бараткандардын,+

Аттарга таянгандардын,+

Көп сандаган согуш арабаларына,

Согушка минген күчтүү аттарга* ишенип,

Ысрайылдын Ыйыгына ишеним артпагандардын,

Жахабаны издебегендердин башына каран түн түшөт.

 2 Себеби Кудай да акылман, ал алаамат каптатат,

Айткан сөзүн сөзсүз аткарат.

Кыянатчылдардын үйүнө,

Жаман иш кылгандарга жардам бергендерге каршы чыгат.+

 3 Мисирликтер Кудай эмес, тек гана пенделер;

Аттары рухтар эмес, тек гана жаныбарлар.+

Жахаба жазалаш үчүн колун сунганда,

Жардам берген эл чалынат,

Жардам алган эл жыгылат;

Баары бирдей жок болот.

 4 Анткени Жахаба мага мындай деди:

«Олжосунун үстүндө арылдаган арстан, күчтүү жаш арстан*,

Аны кууш үчүн койчулардын баары жардамга чакырылса да,

Алардын кыйкырыгынан коркпойт, ызы-чуусун тоготпойт.

Ошо сыяктуу эле, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба

Сион тоосу үчүн, анын адыры үчүн согушканы асмандан түшүп келет.

 5 Балапандарын коргош үчүн шукшурулган куштай болуп,

Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Иерусалимди коргойт.+

Аны коргойт, сактайт.

Аяйт, куткарат».

6 «Оо, ысрайыл эли, кимге каршы болуп, катуу козголоң чыгарсаңар, ошого кайрылып келгиле.+ 7 Ошол күнү ар бир адам күмүштөн жасалган эч нерсеге жарабаган кудайларынан, алтындан жасалган пайда-батасы жок кудайларынан баш тартат. Силер аларды өз колуңар менен жасап, күнөөгө баткансыңар.

 8 Ашурлуктар кылычтан кырылат, бирок адамдын кылычынан эмес;

Кылычтан сулайт, бирок пенденин кылычынан эмес.+

Алар кылычтан качат,

Улан-жигиттери кулга айланат.

 9 Алардын таянган аскасын коркунуч басат, ал жок болот,

Орнотулган белгини көрүп төрөлөрүнүн үрөйү учат»,— дейт Жахаба,

Жарыгы* Сиондо жаркырап, меши Иерусалимде күйүп турган Кудай.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү