Ышая
45 Өзүм дайындаган башчыга*, Корешке,+
Элдерди баш ийдирип,+
Падышаларды алсыратыш үчүн*,
Эки жакка ачылма эшиктер алдынан ачылып,
Дарбазалар жабылбашы үчүн,
Аны оң колунан кармап турган+
Мен, Жахаба, мындай дейм:
Жез эшиктерди талкалайм,
Темир бекиткичтерин сындырам.+
3 Сен менин Жахаба экенимди,
Сени атыңдан атаган Кудай,
Ысрайылдын Кудайы, экенимди билишиң үчүн,+
Сага караңгы жерлердеги казыналарды,
Жашыруун жайларда катылган кенчтерди берем.+
4 Кызматчым Жакып менен өзүм тандаган Ысрайыл үчүн
Сени атыңан атайм.
Мени билбесең да, атыңды даңктуу кылам.
5 Мен Жахабамын, менден башка Кудай жок.
Менден бөлөк Кудай жок.+
Сен мени билбесең да, сага күч-кубат берем,
6 Күн чыгыштан күн батышка чейин
Баары менден башка эч ким жок экенин билиши үчүн ошентем.+
Мен Жахабамын, менден башка Кудай жок.+
7 Мен жарыкты да,+ караңгылыкты да жаратам,+
Тынчтык орноткон да,+ алаамат алып келген да менмин;+
Ушунун баарын кылган менмин, Жахабамын.
Жер ойгонуп, куткарылуу жемишин берсин,
Адилдик да өнүп чыксын.+
Муну кылган менмин, Жахабамын».
9 Жаратканы менен талашып-тартышкандын башына каран түн түшөт!
Себеби ал — тек гана карапанын сыныгы,
Жерде жаткан сыныктардын бири гана.
Чопо карапачыга*: «Эмне кылып жатасың?» — дейби?+
Колунан бүткөн буюм ага: «Колуңан эч нерсе келбейт»,— дейби?*
10 Атасына*: «Жарык дүйнөгө алып келгениң ушулбу?»
Же энесине*: «Төрөгөнүң ушулбу?*» — дегендин башына каран түн түшөт!
11 Ысрайылдын Ыйыгы,+ Жаратканы Жахаба:
«Келечектеги нерселер жөнүндө айткандарыма шектене турган силерсиңерби?
Балдарымды,+ жараткан нерселеримди эмне кылышты мага силер айтасыңарбы?
12 Мен жерди да,+ анын үстүндөгү адамды да жараткам.+
Ал менин шаарымды курат,+
Туткунда жүргөн элимди бошотот,+ акы да, пара да албайт»,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
14 Жахаба мындай дейт:
«Мисирдин кирешеси*, Эфиопиянын саткан нерселери*, узун бойлуу шебалыктар
Сага алынып келинип, сеники болот.
Алар чынжырланып артыңдан жүрүшөт,
Сага келип, таазим кылышат.+
Кастарлап: „Сени Кудай өзү колдойт экен,+
Андан башка эч ким жок, башка Кудай жок“,— деп айтышат».
15 Оо, Ысрайылдын Кудайы, Куткаруучу,+
Сен, чын эле, эмне кылып жатканыңды дайыма эле ачып бере бербеген Кудайсың.
17 Ысрайыл эли, силерди болсо Жахаба түбөлүккө куткарат.+
Силер эч качан уятка калбайсыңар, басынтылбайсыңар.+
18 Асманды жараткан+ чыныгы Кудай,
Жерди калыптап, бекем орноткон,+
Аны куру бекер эмес*,
Эл жашашы үчүн жараткан+ Жахаба мындай дейт:
«Мен Жахабамын, менден башка эч ким жок.
„Мени издегиле, бирок аныңардан майнап чыкпайт“,— деген эмесмин.
Мен Жахабамын, дайыма чындыкты* айтам, акыйкаттыкты жарыялайм.+
20 Чогулуп келгиле.
Элдерден качып кутулгандар, жакын келгиле.+
Оюлуп жасалган бурканын көтөрүп жүргөндөр,
Куткара албай турган кудайдан тиленгендер эч нерсе билишпейт.+
21 Кана, сүйлөгүлө, далилиңерди келтиргиле.
Чогуу-чараан кеңешкиле.
Муну тээ мурун эле ким айтып,
Байыркы убактан бери эле ким жарыялап келатат?
Муну айткан мен, Жахаба, эмесминби?
22 Жердин булуң-бурчундагылар, мага кайрылгыла да, куткарылгыла,+
Себеби мен Кудаймын, менден башка Кудай жок.+
Ар бир адам менин алдымда тизе бүгүп,
Ар бири мага берилгендигин сактаарын айтып ант берип,+
24 Мындай дейт: „Чын эле, Жахаба дайыма адил иш кылат, ал кудуреттүү.
Ага каршы чыккандардын баары уят болуп, анын алдына келишет.