Ышая
54 «Бала көрбөгөн, төрөбөгөн аял, кубана үн сал!+
Эч качан толгоо тартып кыйналбаган аял,+ шаттан, кубанып кыйкыр,+
Анткени күйөөсү* бар аялдыкына караганда
Күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп,+— дейт Жахаба.—
Чоң чатырыңдын жабууларын узарт.
Эч чек койбо, чатырыңдын аркандарын узарт,
Казыктарын бекем как.+
3 Себеби чек араларың оңго да, солго да кеңейет.
Тукумуң элдерге үстөмдүк кылат,
Ээн калган шаарларга отурукташат.+
Жаш кезиңде шылдың болгонуңду унутасың,
Жесир калып маскара болгонуңду экинчи эстебейсиң».
5 «Улуу Жаратканың+ сага күйөөңдөй* эле,+
Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,
Ысрайылдын Ыйыгы — сени кун төлөп куткарып алуучу.+
Аны бүт жер жүзүнүн Кудайы деп аташат.+
6 Анткени Жахаба сени күйөөсү таштап кеткен, кайгыга баткан аялды чакыргандай,+
Жаш кезинде турмушка чыгып, кийин күйөөсү кетирип жиберген аялды чакыргандай чакырып алган»,— дейт Кудайың.
8 Каарым ташкындап турганда, көз ирмемге сенден жүзүмдү жашыргам,+
Бирок түбөлүктүү сүйүүмдөн* улам сага кайрымдуулук кылам»,+— дейт сени кун төлөп куткарып алган+ Жахаба.
9 «Бул Нухтун күндөрүндөгүгө окшош.+
Мен Нухтун убагында суулар жерди экинчи каптабай турганын айтып ант бергенимдей,+
Сага каарданбай турганымды, сени жазалабай турганымды айтып ант берем.+
10 Тоолор жок болушу мүмкүн,
Адырлар солкулдашы мүмкүн,
Бирок менин сага болгон туруктуу сүйүүм жок болбойт,+
Тынчтык келишимим бузулбайт»,+— дейт сага кайрымдуулук кылган Жахаба.+
11 «Бороон-чапкында калган, сооронуч таппаган+ байкуш аял!+
Мен таштарыңды бекем кармай турган аралашма менен бекитем,
Пайдубалыңды сапфир ташынан тургузам.+
12 Дубалдарыңдын үстүндөгү арсактарын рубинден,
Дарбазаларыңды жаркыраган* таштардан жасайм,
Тегерегиңдеги бардык дубалдарыңды* кымбат баалуу таштардан тургузам.
14 Сен адилдик менен бекем түптөлөсүң.+
Эзүүчүлөрдөн алыста болосуң,+
Эч нерседен коркпойсуң, эч нерсе үрөйүңдү учурбайт,
Андай нерселер жаныңа жакын жолобойт.+
15 Эгер сага бирөө кол салса,
Ал менин буйругумсуз кол салган болот.
Кимде-ким сага кол салса, ал сөзсүз жеңилет».+
16 «Оттун чогун үйлөп,
Курал жасаган устаны мен жараткам.
Талкалаш үчүн курал колдонгон кишини да мен жараткам.+
17 Сага каршы кандай курал жасалбасын, эч кандай майнап чыкпайт,+
Сотто сага айып таккан ар бир адамдын калпын чыгарасың.
Бул — мен, Жахаба, өз кызматчыларыма берген мурас.
Аларды мен адил деп эсептейм»,— дейт Жахаба.+