Ышая
58 Ал мага мындай деди: «Болгон үнүң менен кыйкыр, тынч турба!
Үнүңдү мүйүз сурнайдай бийик чыгар.
Менин элиме козголоңун,+
Жакыптын урпактарына күнөөлөрүн айт.
2 Алар адил иш кылган,
Кудайынын адилеттүү жолунан чыкпаган эл болгонсуп,
Күнүгө жол көрсөтүшүмдү сурашат,
Менин талаптарымды билгенине кубанарын айтышат.+
Менден адил өкүм чыгарышымды өтүнүшөт,
Өз Кудайына жакындаганына кубангансып:+
3 „Биз орозо тутсак, эмнеге көрбөйсүң?+
Күнөөлөрүбүз үчүн кайгырганыбызды көрсөтсөк*, эмнеге байкабайсың?“+ — деп жатышат.
Мен болсо мындай дейм: „Себеби силер орозо туткан күнү өз кызыкчылыгыңарды көздөйсүңөр,
Жумушчуларыңарга кысым көрсөтөсүңөр.+
4 Орозоңор уруш-талаш, жаңжал менен бүтөт,
Атүгүл башкаларды аёосуз муштайсыңар.
Ушинтип орозо тутсаңар, үнүңөр асманга жетмек беле?
5 Туткан орозосу мага жагышы үчүн,
Пенде күнөөлөрү үчүн өкүнгөнүн көрсөтүп,
Башын камыштай шылкыйтып,
Алдына таар жайып, күл төшөнүп эле коюшу керекпи?
Ушуну мага, Жахабага, жаккан орозо дейсиңерби?
6 Жок, орозоңор мага жагышы үчүн,
Адилетсиздиктин кишендерин,
Моюнтуруктун жиптерин чечип салгыла,+
Кысымга алынгандарды эркиндикке чыгарып,+
Моюнтуруктун баарын талкалагыла;
7 Наныңарды ачкалар менен бөлүшкүлө,+
Бей-бечара менен үйү жокту үйүңөргө киргизгиле.
Жылаңач бирөөнү көрсөңөр, кийим кийгизип,+
Жакыныңардан жүзүңөрдү тескери бурбагыла.
Адилдигиңер алдыңарда жүрөт,
Жахабанын даңкы артыңардан коргойт.+
9 Жахабаны чакырганыңарда, ал жооп берет.
Жардам сураганыңарда: “Мен мындамын!” — дейт.
Эгер араңардан моюнтурукту жок кылсаңар,
Сөөмөйүңөрдү көзөгөнүңөрдү*, кордогон сөздөрдү айтканыңарды койсоңор,+
10 Өзүңөр каалаганды ачка бирөөгө берсеңер,+
Запкы жеген кишинин муктаждыгын канааттандырсаңар,
Анда жарыгыңар караңгыда да жаркырайт,
Түнүңөр чак түштөй болот.+
11 Жахаба силерди ар дайым жетектеп,
Кагыраган жерде да муктаж болгон нерсеңерди берет;+
Силерди күч-кубатка толтурат,
Ошондо жакшы сугарылган бакчадай,+
Суусу эч качан соолубаган булактай болосуңар.
12 Эчак ураган шаарлар силер үчүн калыбына келтирилет.+
Муундан муунга уранды астында жаткан пайдубалдарды кайрадан тургузасыңар.+
Силерди ураган дубалдарды калыбына келтиргендер,+
Боюна эл отурукташа турган жолдорду жаңырткандар деп аташат.
13 Эгер дем алыш күнү, менин ыйык күнүмдө, өз каалооңорду аткаргандан баш тартсаңар,+
Ал күндү өзгөчө рахат тартуулаган, Жахабанын ыйык күнү, абдан маанилүү күн деп эсептесеңер,+
Керт башыңардын кызыкчылыгын көздөбөй, куру сөздөрдү сүйлөбөй, аны абдан маанилүү күн катары көрсөңөр,
14 Анда мен, Жахаба, силер үчүн зор кубанычтын булагы болом.
Силерге тоолор менен адырларды багындырып берем,+
Бабаңар Жакып мураска алган жердин түшүмүнөн жедирем.+
Анткени бул сөздөрдү мен, Жахаба, айттым“».