Ышая
Укмуштуудай кийинип,
Зор күч-кубат менен келаткан бул ким?
«Ал менмин, дайыма туура сүйлөгөн,
Куткарыш үчүн зор күчкө ээ Кудаймын».
2 Эмне үчүн кийимиң кызыл?
Эмнеге кийимиң жүзүм сыккан жайда жүзүм тебелегендин кийиминдей?+
3 «Мен өзүм жалгыз жүзүм тебеледим,
Жанымда бир да адам болгон жок.
Душмандарымды ачууланып тебеледим,
Каарданып тебелей бердим.+
Алардын каны кийимиме чачырап,
Бүт кийимим булганды.
5 Мен карап турдум, бирок мага жардам берер эч ким болгон жок;
Колдой турган эч ким чыкпаганына айран-таң калдым.
7 Мен Жахабанын туруктуу сүйүүсүн сөз кылам,
Жахабанын биздин пайдабызды көздөп жасаган бардык иштери үчүн,+
Ырайымынан, чексиз сүйүүсүнөн* улам
Ысрайыл элине кылган көптөгөн жакшылыктары үчүн
Жахабаны даңктап-мактайм.
8 Ал: «Алар, чындап эле, менин элим, чыккынчылык кылбай турган* уулдарым» — деп,+
Алардын Куткаруучусу болгон.+
9 Алар кыйналган сайын, ал да кыйналган.+
Өзүнүн өзгөчө кабарчысын* жиберип, аларды куткарган.+
Сүйүүсүнөн, боорукердигинен улам аларды кун төлөп куткарып алып,+
Байыркы убакта дайыма колдоп, көтөрүп жүргөн.+
10 Бирок алар козголоң чыгарып,+ анын ыйык рухун капалантышкан.+
11 Эли байыркы күндөрдү,
Анын кызматчысы болгон Мусанын күндөрүн эстеп, мындай деген:
«Оторун койчулары менен кошо+ деңизден алып чыккан Кудай кайда?+
Ага ыйык рухун берген Кудай кайда?+
12 Кудуреттүү күчү менен Мусаны колдоп* жүргөн,+
Өзүнүн ысмы түбөлүккө эсте калышы үчүн,+
Алардын алдында сууларды экиге бөлгөн Кудай кайда?+
13 Эли түз жерде* чуркаган аттай болуп,
Эч мүдүрүлбөй өтүп кетиши үчүн,
Аларды ээ-жаа бербеген* суулардан өткөргөн Кудай кайда?
Кереметтүү ысмың даңкталышы үчүн,
Сен элиңди ошентип жетектеп жүргөнсүң.+
Эмнеге бизге көңүл бурбай калдың?
Эмнеге күчүңдү көрсөтпөй калдың?
Боорукердигиң+ менен ырайымың кайда?+
Бизди эмнеге алардан өксүттүң?
Бизди Ыбрайым билбесе да,
Ысрайыл тааныбаса да,
Сен, Жахаба, биздин Атабызсың.
Байыркы убактан бери бизди кун төлөп куткарып келаткан Кудайыбызсың; бул — сенин ысмың.+
17 Оо, Жахаба, эмнеге жолуңдан адашышыбызга жол берип* жатасың?
Эмнеге биздин өжөрлөнүп, сенден коркпой калышыбызга жол берип жатасың?+
Өз кызматчыларыңа,
Өзүңө таандык урууларга кайрадан ырайым кыла көр.+
18 Ыйык элиң өз жерине көпкө ээлик кылган жок.
Душмандарыбыз ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти.+
19 Биз көптөн бери өзүң эч качан башкарбаган,
Эч качан сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык.