Матай
4 Андан кийин Иса Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен ээн талаага барды. Ал жерден Ибилис*+ аны азгырганга аракет кылды.+ 2 Иса 40 күн, 40 түн орозо кармап, аябай ачка болду. 3 Ошондо Ибилис аны азгырганы+ келип: «Эгерде Кудайдын уулу* болсоң, анда бул таштарга буйрук кылчы, нанга айлансын»,— деди. 4 Бирок Иса ага: «Ыйык Жазмада: „Адамдын өмүрү нандан гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөздөн көз каранды“,— деп жазылган»,— деди.+
5 Анан Ибилис аны ыйык шаарга*+ алып барып, ибадаткананы курчап турган дубалдын эң бийик жерине чыгарды да:+ 6 «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, боюңду төмөн таштачы, анткени Ыйык Жазмада: „Кудай периштелерине буйрук берет, бутуң ташка урунбашы үчүн, алар сени колуна көтөрүп кетишет“,— деп жазылган эмес беле»,+— деп айтты. 7 Иса болсо: «Ыйык Жазмада: „Жахаба Кудайыңарды сынабагыла“,— деп да жазылган»,— деди.+
8 Андан кийин Ибилис аны аябагандай бийик тоого алып чыгып, дүйнөдөгү бардык падышалыктар менен алардын даңкын көрсөттү.+ 9 Анан: «Эгер чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деп айтты. 10 Иса ага: «Кет ары, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Жахаба Кудайыңарга сыйынгыла,+ ага гана кызмат кылгыла“,— деп жазылган»,— деп жооп берди.+ 11 Ошондо Ибилис анын жанынан кетти.+ Анан периштелер келип, Исага кызмат кыла башташты.+
12 Жакандын камакка алынганын+ укканда Иса Галилеяга кетти.+ 13 Андан соң Назареттен чыгып, Забулун менен Напталы аймактарындагы деңиз жээгиндеги Капернаумга барып,+ ошол жерде жашап жүрдү. 14 Ошондо Ышая пайгамбар айткан сөздөр аткарылды. 15 Ал: «Оо, башка элдер отурукташкан Галилея! Деңизди көздөй кеткен жолдогу, Иордандын аркы өйүзүндөгү Забулун жери менен Напталы жери! 16 Караңгылыкта отурган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсүндө отургандарга жарык+ тийди»,— деген.+ 17 Ошол убактан тартып Иса: «Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабарлай баштады.+
18 Галилея деңизин* бойлоп баратып ал Петир деп да коюшкан Симон+ менен анын иниси Андрести көрдү. Экөө деңизге тор салып жатышкан эле. Алар балыкчылар болчу.+ 19 Иса аларга: «Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу кылам»,— деди.+ 20 Алар ошол замат торлорун таштап, Исанын артынан жөнөштү*.+ 21 Андан ары баратып Иса дагы эки бир тууганды — Жакып менен Жаканды+ — көрдү. Экөө кайыкта атасы Зебедей менен торлорун оңдоп жатышкан эле. Иса аларды да чакырды.+ 22 Алар ошол замат кайыкты да, атасын да калтырып, анын артынан жөнөштү.
23 Ошондон кийин Иса бүт Галилеяны аралап,+ сыйынуу жайларында* элди окутуп,+ Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү.+ 24 Бүт Сириянын эли Иса жөнүндө угуп, ага ар кандай оору-дарттан кыйналгандардын баарын,+ жин оорусу барларды,+ талмасы барларды,+ шал болгондорду алып келип жатты. Иса алардын баарын айыктырды. 25 Аны көп эл: Галилеядагылар жана Декаполистен, Иерусалимден, Жүйүт жери менен Иордандын аркы өйүзүнөн келгендер ээрчип жүрдү.