Римдиктерге
13 Ар бир адам жогорку бийликтерге баш ийсин,+ анткени Кудай жол бербесе, бир да бийлик болмок эмес.+ Алардын баары Кудай белгилеген орундарды ээлеп турат.+ 2 Ошондуктан ким бийликке каршы чыкса, Кудай бекиткен тартипке каршы чыккан болот. Ал эми Кудайдын тартибине каршы чыккандар жазага тартылат. 3 Бийликтегилерден жакшы иш кылгандар эмес, жаман иш кылгандар коркушу керек.+ Бийликтегилерден коркпой жашагың келеби? Анда мындан ары да жакшы иш кыл.+ Ошондо алардан мактоо угасың. 4 Анткени бийликтегилер — сенин пайдаң үчүн коюлган Кудайдын кызматчылары. Эгер жаман иш кылсаң, корк. Себеби аларга жаман иш кылгандарды жазалаганга укук да, бийлик да* берилген. Алар — Кудайдын жаман иш кылгандарды жазалай турган кызматчылары.
5 Демек, бийликтегилерге алардын каарынан корккондуктан эле эмес, абийириңер таза болушу үчүн+ да баш ийишиңер керек. 6 Салыктарды да ошол себептен төлөп жатасыңар. Анткени бийликтегилер — дайыма элдин пайдасы үчүн кызмат кылган Кудайдын кулдары. 7 Баарына өзүнө тиешелүүсүн бергиле: салык талап кылганга салык, алым талап кылганга алым төлөгүлө;+ кимди урматташ керек болсо, урматтагыла*;+ кимди сыйлаш керек болсо, сыйлагыла.+
8 Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе карыз болбогула.+ Анткени башкаларды сүйгөн адам Мыйзамды* аткарган болот.+ 9 Себеби Мыйзамдагы: «Ойноштук кылбагыла,+ киши өлтүрбөгүлө,+ уурдабагыла,+ көз артпагыла»,+— деген сыяктуу осуяттардын баары: «Башканы өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»,+— деген бир эле осуятта камтылат. 10 Сүйүү башкага жамандык кылбайт.+ Ошондуктан сүйүү — бул мыйзам талап кылган нерсе.+
11 Ушуларды кылгыла, анткени кандай убакта жашап жатканыңарды, уйкудан ойгоно турган убак+ келип калганын билесиңер. Себеби куткарыларыбызга биз Машаяктын жолун жолдой баштаган убактагыдан да аз калды. 12 Түн өтүп баратат, ошол күн жакындап калды. Андыктан караңгылыктын иштерин таштап,+ жарыктын куралдарын алалы.+ 13 Жосунсуз той-тамашалардан, ичкиликти көп ичкенден, жыныстык адеп-ахлаксыздыктан, уятсыз* жүрүм-турумдан,+ чыр-чатактан, көрө албастыктан+ оолак болуп, өзүбүздү күндүзгү убактагыдай алып жүрөлү.+ 14 Мырзабыз Иса Машаяктын үлгүсү боюнча жашагыла,+ жаман каалоолоруңарды кантип канааттандырышты ойлонуштурбагыла.+