Корунттуктарга 2-кат
8 Туугандар, эми силерге Македониядагы жыйналыштагылар Кудайдын ырайымынын аркасында эмнелерди кылганын айтып берели.+ 2 Алар кыйынчылыкка кабылып, катуу сыналып жатышканда да аябай жакыр турушканына карабай, кубанычка бөлөнүп, өзгөчө берешен экенин көрсөтүштү. 3 Мен алардын колунда болгондун баарын беришкенине,+ атүгүл ашыгы менен беришкенине күбөмүн.+ 4 Алар боордошторуна жардам бергенге* салым кошуш үчүн тартуу кылганга мүмкүнчүлүк беришибизди өздөрү көптөн-көп өтүнүштү.+ 5 Алар биз күткөндөн да көптү кылышты. Ооба, Кудайдын эркине ылайык, алар Мырзабыздын* кызматына өздөрүн бүтүндөй арнашты, бизге да кызмат кылышты. 6 Ушундан улам Титтен+ силердин араңарда баштаган ишти аягына чыгарышын, чын көңүлдөн берип жаткан тартууңарды чогултуп бүтүшүн, өтүндүк. 7 Силер баарын жакшы кылып жатасыңар: ишенимиңер күчтүү, Кудайдын сөзүн жарыялаганга жөндөмдүүсүңөр, билимиңер аябай терең, эмне иш кылбагыла, тырышчааксыңар, башкаларды биз силерди сүйгөндөй сүйөсүңөр. Эми чын жүрөктөн тартуу берип, берешен болгонго умтула бергиле.+
8 Муну буйрук катары айткан жокмун. Башкалардын тырышчаактыгын билишиңерди каалагандыктан, ошондой эле силердин сүйүүңөр канчалык таза экенин көргүм келгендиктен айтып жатам. 9 Силер Мырзабыз Иса Машаяктын канчалык ырайымдуу экенин билесиңер: анын жарды болгонунун аркасында бай болушуңар үчүн, ал бай болсо да, силер үчүн жарды болгон.+
10 Менин оюмча,+ жардам берүү ишин аягына чыгарганыңар өзүңөргө эле жакшы. Бул ишти бир жыл мурун өз демилгеңер менен, аябай каалагандыктан баштагансыңар. 11 Эми ошол ишти бүтүргүлө. Ошондо колуңарда болгонуна жараша берип, жардам бергенге даяр экениңерди көрсөтөсүңөр. 12 Себеби чын жүрөктөн берилген тартуу Кудайга өзгөчө жагат. Ал адамдан колунда жок нерсени эмес, бар нерсени беришин күтөт.+ 13 Мен башкаларга жеңил болуп, силерге оор болушун каалап жаткан жокмун. 14 Тең бөлүштүргөндүн аркасында азыр силердин молчулугуңар башкалардын кем-карчын толукташын, ал эми кийин алардын молчулугу силердин кем-карчыңарды толукташын каалап жатам. Ошонун аркасында теңдик болот. 15 Буга байланыштуу Ыйык Жазмада: «Көп чогулткандыкы ашып калган жок, аз чогулткандыкы жетпей калган жок»,— деп жазылган.+
16 Титтин+ бизге окшоп силерге чын дилден кам көрүп жатканы үчүн Кудайга ыраазыбыз. 17 Анткени ал биздин өтүнүчүбүздү аткарганга макул болгондон тышкары, өзү да аябай жардам бергиси келгендиктен силерге барганы жатат. 18 Аны менен кошо дагы бир бир тууганыбызды жөнөтүп жатабыз. Аны бардык жыйналыштагылар жакшы кабар жарыяланышы үчүн кылып жаткан эмгегин айтып макташат. 19 Андан сырткары, ал бизди коштоп тартууларды бөлүштүргөнгө жардам бериш үчүн жыйналыштар тарабынан дайындалган. Биз ал ишти Мырзабызды* даңкташ үчүн жана башкаларга жардам бергенге даяр экенибизди далилдеш үчүн аткарабыз. 20 Ошондо чогулган мол тартууну кантип бөлүштүрүп жатканыбыз үчүн бизди эч ким айыптай албайт.+ 21 Анткени, Ыйык Жазмада айтылгандай, «бул ишти аткарып жатып Жахабанын алдында эле эмес, адамдардын алдында да чынчыл болгонго аракеттенебиз».+
22 Аларга кошуп дагы бир боордошубузду жиберип жатабыз. Аны байкап көрүп, көп жагынан тырышчаак экенине далай жолу ынанганбыз. Силерге толук ишенгендиктен ал силерге жардам бериш үчүн эми ого бетер тырышып аракет кылат. 23 Ал эми Титке байланыштуу сурооңор болсо, ал — силердин жыргалчылыгыңарды көздөгөн шеригим, кызматташым. Берки бир туугандарыбыз болсо жыйналыштар жиберген өкүлдөр*, Машаякты даңктаган адамдар. 24 Ошондуктан аларга жакшы көрөрүңөрдү көрсөткүлө.+ Жыйналыштардагылар да силер менен эмне үчүн сыймыктанарыбызды көргүдөй болушсун.