Мыйзам
3 Андан кийин биз бурулуп, Башанга кеткен жолго түштүк. Башандын падышасы Ок биз менен согушуш үчүн бүт аскерин чогултуп, Эдрейге келди.+ 2 Жахаба мага: „Андан коркпо, анын өзүн да, аскерин да колуңа салып берем, жерин да сага берем. Хешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихонду кандай кылсаң, аны да ошондой кыл“,— деди. 3 Ошентип, Жахаба Кудайыбыз Башандын падышасы Окту да бүт аскери менен кошо колубузга салып берди. Биз алардын бирин калтырбай кырып жок кылдык. 4 Башан падышасы Октун бүт шаарларын — ал бийлик кылган бүт Аргоп аймагын, андагы 60 шаардын баарын — басып алдык. Биз басып албаган бир да шаары калган жок.+ 5 Алардын баары бийик дубалдар менен курчалган, дарбазалары, бекиткичтери бар шаарлар эле. Алардан сырткары, көптөгөн шаарчаларды басып алдык. 6 Бирок алардын бардыгын талкалап салдык.+ Хешпондун падышасы Сихонду кандай кылсак, аларды да ошондой кылдык: бүт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып таштадык.+ 7 Ал эми малы менен шаарларындагы мүлкүн олжолоп алдык.
8 Ошентип, Иордан аймагында жашаган аморлуктардын эки падышасынын+ жерин — Арнон өрөөнүнөн Хермон тоосуна чейинки жерлердин баарын — тартып алдык.+ 9 (Сидондуктар Хермон тоосун Сирион деп, аморлуктар болсо Сенир деп аташчу.) 10 Бөксө тоолордогу шаарлардын баарын, бүт Гилат менен Башан жерин Башан падышасы Ок бийлик кылган Салха жана Эдрей+ шаарларына чейин каратып алдык. 11 Башан падышасы Ок репаимдердин акыркысы эле. Анын табыты темирден* жасалган болчу. Ал дагы эле Амондун тукумдарынын Рабба шаарында турат. Анын узундугу 4 метрдей, туурасы 1 метр 80 сантиметрдей*. 12 Биз Арнон өрөөнүнүн жанындагы Ароер+ аймагынан тартып Гилат тоолуу аймагынын жарымына чейин басып алдык. Анын шаарларын Рубейин менен Гаттын тукумдарына бердим.+ 13 Гилаттын калган бөлүгү менен Ок падышалык кылган Башан жерин болсо толугу менен Менаше уруусунун жарымына бердим.+ Башандагы бүт Аргоп аймагы репаимдердин жери деп белгилүү болчу.
14 Менаше уруусундагы Жайыр+ бүт Аргоп+ аймагын гешурлуктар менен маахаттыктардын+ чек арасына чейин ээлеп алды. Ал Башандын айылдарын өзүнүн аты менен Хабот-Жайыр*+ деп атады. Алар азыркыга чейин ошентип аталат. 15 Махирге мен Гилатты бердим.+ 16 Рубейин менен Гаттын тукумдарына+ Гилаттан Арнон өрөөнүнө чейинки (бул өрөөндүн ортосу чек ара катары кызмат кылат), Амондун тукумдарынын чек арасы болгон Жабок өрөөнүнө чейинки жерлерди бердим. 17 Ошондой эле Арабаны, Иордан дарыясы менен анын чыгыш жээгин, Кинерет деңизинен тартып Пазгинин чыгыш этегиндеги Арабадагы Туздуу деңизге* чейинки жерлерди бердим.+
18 Ошондо силерге мындай буйрук бергем: „Жахаба Кудайыңар бул жерди силерге ээлесин деп берди. Эр жүрөк эркектердин баары куралданып алып, бир туугандарыңардын, ысрайыл элинин, алдына түшүп, дарыянын аркы өйүзүнө өтсүн.+ 19 Аялдарыңар менен балдарыңар, малыңар гана (малыңар абдан көп экенин билем) мен силерге берген шаарларда калсын. 20 Жахаба силерге тынчтык бергендей, бир туугандарыңарга да тынчтык бергенге чейин, алар Жахаба Кудайыңар Иордандын аркы өйүзүнөн берген жерди ээлегенге чейин алар менен болгула. Андан кийин ар бириңер мен бөлүп берген жериңерге кайтып келесиңер“.+
21 Ошол убакта мен Жашыяга:+ „Жахаба Кудайыңардын бул эки падышаны эмне кылганын өз көзүң менен көрдүң. Жахаба сен бара турган падышалыктардын баарын ошондой кылат.+ 22 Алардан коркпогула, анткени силер үчүн Жахаба Кудайыңар өзү согушуп жатат“,— деп айттым.+
23 Анан Жахабага жалынып: 24 „Эгедер Теңир Жахаба, сен өз кулуңа канчалык улуу, кудуреттүү экениңди көрсөтүп жатасың,+ бирок бул чети эле. Асманда же жерде сен жасагандай улуу иштерди жасай алган дагы кайсы кудай бар?+ 25 Мага Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, ал жактагы жакшы жерди: кооз тоолуу аймакты, Лебанонду көргөнгө уруксат этчи“,— дедим.+ 26 Бирок Жахаба силердин айыңардан мага дагы эле ачууланып+ жаткандыктан мени укпай койду. Жахаба мага: „Жетишет! Мындан ары мага бул жөнүндө айтпа. 27 Пазги чокусуна чыгып,+ батышка, түндүккө, түштүккө, чыгышка көз чаптырып, ал жерди көрүп ал, анткени Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйсүң.+ 28 Жашыяны жол башчы кылып дайындап,+ дем-күч берип, кайраттандыр, себеби бул элди дарыянын аркы өйүзүнө ошол алып барат,+ сен алыстан көрө турган жерди ээлеши үчүн элди ошол баштап барат“,— деди. 29 Ал убакта биз Бет-Пеордун тушундагы өрөөндө жашап жаткан элек.+