Мыйзам
30 Бата менен каргыш жөнүндө бул айтылгандардын баары аткарылганда,+ Жахаба Кудайыңар силерди чачыратып жиберген элдердин арасында жашап+ жүрүп ушул сөздөрдү эстеп,+ 2 өзүңөр да, бала-бакыраңар да Жахаба Кудайыңарга кайрылып келип,+ мен бүгүн буйрук кылгандардын баарын бүт жүрөгүңөр, бүт жан-дилиңер менен аткарып, анын айтканын уксаңар,+ 3 Жахаба Кудайыңар силерди туткундан бошотуп,+ ырайым кылат.+ Жахаба Кудайыңар силерди чачыратып жиберген элдердин арасынан кайра чогултуп алат.+ 4 Чачырап кетип, жердин түбүндө жашасаңар да, Жахаба Кудайыңар силерди ошол жактан чогултуп алып келет.+ 5 Жахаба Кудайыңар силерди ата-бабаларыңардын жерине алып келет, силер ошол жерди ээлейсиңер. Ал силерди өркүндөтүп-өстүрүп, саныңарды ата-бабаларыңардан да көп кылат.+ 6 Жахаба Кудайыңарды бүт жүрөгүңөр, бүт жан-дилиңер менен сүйүп,+ узак өмүр сүрүшүңөр үчүн, Жахаба Кудайыңар силердин да, урпактарыңардын да жүрөгүн тазартат*.+ 7 Ал эми силерди жек көргөн, куугунтуктаган душмандарыңарды Жахаба Кудайыңар ушул каргыштардын баарына калтырат.+
8 Ошондо Жахабага кайрылып келип, анын айтканын угуп, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын баарын аткарасыңар. 9 Жахаба Кудайыңар кылган ишиңердин баарына батасын төгөт,+ балдарыңар, малыңар, түшүмүңөр көбөйөт. Себеби Жахаба ата-бабаларыңарды өркүндөтүп-өстүрүп кубангандай эле, силерди да өркүндөтүп-өстүргөндө кайрадан кубанат.+ 10 Анткени Жахаба Кудайыңарга чын жүрөктөн, жан-дилден кайрылып келип,+ Жахаба Кудайыңардын айтканын угасыңар, анын бул Мыйзам китебинде жазылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарасыңар.
11 Мен бүгүн буйрук кылган осуят силер аткара албагыдай кыйын эмес, кол жетпегидей алыс да эмес.+ 12 „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, асманга чыгып, аны ким алып келип берет?“ — дегидей, ал асманда эмес.+ 13 Же: „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, аны деңиздин ары жагынан ким алып келип берет?“ — дегидей, деңиздин ары жагында да эмес. 14 Кудайдын сөзү силерге жапжакын: ал силердин оозуңарда, жүрөгүңөрдө.+ Ошон үчүн аны аткара аласыңар.+
15 Мына, мен силерге өмүр менен жакшылыкты, өлүм менен жамандыкты сунуш кылып жатам, экөөнүн бирин тандап алгыла.+ 16 Эгер Жахаба Кудайыңардын мен бүгүн буйрук кылган осуяттарына кулак каксаңар, Жахаба Кудайыңарды сүйүп,+ анын жолунда жүрсөңөр, осуяттарын, көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын аткарсаңар, узак өмүр сүрүп,+ укум-тукумуңар көбөйөт. Ээлегени бара жаткан жериңерде Жахаба Кудайыңар силерге батасын берет.+
17 Ал эми Кудайдан тескери бурулуп,+ аны укпай койсоңор, азгырылып, башка кудайларга сыйынып, аларга кызмат кылсаңар,+ 18 анда, айтып коёюн, кырылып жок болосуңар.+ Иордандан өткөндөн кийин ээлей турган жерде көпкө жашабайсыңар. 19 Мен силерге өмүр менен өлүмдү, бата менен каргышты сунуш кылдым.+ Буга асман менен жер күбө. Өзүңөр да, урпактарыңар да өмүр сүрүшү үчүн,+ өмүрдү тандагыла.+ 20 Жахаба Кудайыңарды сүйгүлө,+ анын айтканын угуп, ага берилген бойдон калгыла.+ Анткени Жахаба силерге өмүр берет, ата-бабаларыңар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерде өмүрүңөрдү узун кылат».+