Аян
5 Андан кийин тактыда отургандын+ оң колунан ичи-тышына жазылган, 7 мөөр* менен бекем бекитилген түрмөктү көрдүм. 2 Ошондой эле: «Мөөрлөрүн сындырып, түрмөктү ачканга ким татыктуу?» — деп кыйкырып жаткан бир күчтүү периштени көрдүм. 3 Бирок түрмөктү ачып, аны окуганга асмандан да, жерден да, жер астынан да эч ким табылган жок. 4 Түрмөктү ачып, аны окуганга татыктуу эч ким табылбагандыктан, аябай ыйладым. 5 Ошондо аксакалдардын бири мага: «Ыйлаба. Мына, Жүйүт уруусунан чыккан Арстан,+ Дөөтүнүн+ тукуму*,+ жеңип чыкты.+ Ошондуктан ал түрмөктүн 7 мөөрүн сындырып, аны ачканга татыктуу»,— деди.
6 Анан мен такты менен 4 периштенин алды жагында*, аксакалдардын ортосунда+ 7 мүйүзү, 7 көзү бар, союлгандай+ көрүнгөн козунун+ турганын көрдүм. Анын көздөрү Кудайдын бүт жер жүзүнө жиберилген көзгө көрүнбөгөн 7 ыйык рухун билдирет.+ 7 Козу дароо барды да, тактыда отургандын+ оң колунан түрмөктү алды. 8 Ошондо 4 периште менен 24 аксакал+ Козунун алдына чөк түшүштү. Алардын ар биринин арфасы*, жыпарзатка толгон алтын чөйчөгү бар эле. (Жыпарзат ыйыктардын тиленүүлөрүн билдирет.)+ 9 Алар мындай жаңы ыр ырдап жатышты:+ «Сен түрмөктү алып, мөөрлөрүн сындырып, аны ачканга татыктуусуң. Анткени сен курмандыкка чалынып, өз каның менен ар бир уруудан, элден, улуттан болгон, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарды,+ алар Кудайга таандык болушу үчүн, сатып алдың да,+ 10 Кудайыбызга кызмат кыла турган падыша+ жана дин кызматчы кылдың.+ Алар падыша катары жер үстүнөн бийлик жүргүзүшөт».+
11 Андан кийин тактынын, периштелер менен аксакалдардын тегерегинде турган көптөгөн башка периштелерди көрдүм жана алардын үнүн уктум. Алар миң-миңдеп, миң-түмөндөп* саналат экен.+ 12 Алар катуу үн менен: «Курмандыкка чалынган Козу+ күч-кубатка, байлыкка, акылмандыкка, кудуретке, урмат-сыйга, даңкка, алкышка татыктуу!»+ — деп жатышты.
13 Асмандагы, жердеги, жер астындагы,+ деңиздеги бүт тирүү жандардын, ооба, бардык жаратылгандардын: «Тактыда отурганга+ жана Козуга+ алкыш, урмат,+ даңк, кудурет түбөлүктөн түбөлүккө таандык!»+ — деп жатышканын уктум. 14 Ошондо 4 периште: «Оомийн»,— деди. Аксакалдар болсо чөк түшүп, Кудайга сыйынышты.