Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Шемуелдин 1-китеби 3
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Шемуелдин 1-китеби. Мазмуну

      • Шемуел пайгамбар болот (1—21)

Шемуелдин 1-китеби 3:1

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 2:11, 18
  • +Сн 12:6; Жл1к 17:15

Шемуелдин 1-китеби 3:2

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 4:15

Шемуелдин 1-китеби 3:3

Шилтемелер

  • *

    Б. а. ыйык чатырда.

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 24:2
  • +Шм1к 1:9; 3:15

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2005, 29—30-бб.

Шемуелдин 1-китеби 3:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 64-б.

Шемуелдин 1-китеби 3:7

Байланышы бар аяттар

  • +Ас 3:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/1/2003, 8-б.

Шемуелдин 1-китеби 3:8

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    9/2018, 24-б.

Шемуелдин 1-китеби 3:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 64-б.

Шемуелдин 1-китеби 3:11

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 4:17

Шемуелдин 1-китеби 3:12

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 23:19; Шм1к 2:31—34; Ыш 55:10, 11

Шемуелдин 1-китеби 3:13

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 15:30; Шм1к 2:12, 17
  • +Шм1к 2:22, 23; Жн 15:22; Жкп. 4:17
  • +Нс 8:11

Шемуелдин 1-китеби 3:14

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 4:11; 22:21; Пд1к 2:27

Шемуелдин 1-китеби 3:19

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 2:21

Шемуелдин 1-китеби 3:21

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 3:1, 4; Зб 99:6

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Шем. 1-к. 3:1Шм1к 2:11, 18
Шем. 1-к. 3:1Сн 12:6; Жл1к 17:15
Шем. 1-к. 3:2Шм1к 4:15
Шем. 1-к. 3:3Лб 24:2
Шем. 1-к. 3:3Шм1к 1:9; 3:15
Шем. 1-к. 3:7Ас 3:7
Шем. 1-к. 3:11Шм1к 4:17
Шем. 1-к. 3:12Сн 23:19; Шм1к 2:31—34; Ыш 55:10, 11
Шем. 1-к. 3:13Сн 15:30; Шм1к 2:12, 17
Шем. 1-к. 3:13Шм1к 2:22, 23; Жн 15:22; Жкп. 4:17
Шем. 1-к. 3:13Нс 8:11
Шем. 1-к. 3:14Шм1к 4:11; 22:21; Пд1к 2:27
Шем. 1-к. 3:19Шм1к 2:21
Шем. 1-к. 3:21Шм1к 3:1, 4; Зб 99:6
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
Ыйык Китеп
Шемуелдин 1-китеби 3:1—21

Шемуелдин 1-китеби

3 Жаш Шемуел Эйлинин жанында Жахабага кызмат кылып жүрдү.+ Ал кезде Жахаба адамдарга сүйлөгөн учурлар чанда болчу, аяндар+ дээрлик берилбей калган эле.

2 Эйлинин көзү начарлап, көрбөй калган болчу.+ Бир күнү ал бөлмөсүндө жатканда, 3 Кудайдын үйүндөгү шамчырак+ өчө электе, мындай окуя болду: Шемуел Жахаба Кудайдын келишим сандыгы турган жерде, анын ибадатканасында*,+ жатканда, 4 Жахаба аны чакырды. Ал: «Оу»,— деди да, 5 Эйлиге чуркап барып: «Мени чакырдыңызбы?» — деп сурады. Эйли: «Жок, чакырган жокмун. Барып жата бер»,— деди. Шемуел кайра ордуна барып жатты. 6 Жахаба: «Шемуел!» — деп дагы чакырды. Шемуел турду да, Эйлиге барып: «Мени чакырдыңызбы?» — деп сурады. Ал: «Жок, чакырган жокмун, уулум. Барып жата бер»,— деди. 7 (Шемуел Жахабаны жакшы биле элек эле, Жахаба ага али сүйлөй элек болчу.)+ 8 Жахаба аны үчүнчү жолу: «Шемуел!» — деп чакырды. Ал туруп, Эйлиге барды да: «Мени чакырдыңызбы?» — деп сурады.

Ошондо Эйли баланы Жахаба чакырып жатканын түшүндү. 9 Анан Шемуелге: «Ордуңа барып жата кой. Эгер дагы чакырса: „Айта бер, Жахаба, кулуң угуп жатат“,— деп айт»,— деди. Шемуел ордуна барып жатты.

10 Жахаба аны: «Шемуел, Шемуел!» — деп дагы чакырды. Ошондо Шемуел: «Айта бер, кулуң угуп жатат»,— деди. 11 Жахаба ага: «Мен Ысрайылда бир иш кылам, ал жөнүндө уккан адамдын үрөйү учат.+ 12 Ошол күнү мен Эйлинин тукумдары жөнүндө айткандарымды толугу менен аткарам.+ 13 Ага тукум-уругун түбөлүккө жазалай турганымды айт. Себеби ал уулдарынын Кудайга акарат кылып+ жатканын билсе да,+ аларды тыйган жок.+ 14 Ошондуктан Эйлинин тукумдарына ант берем: күнөөсү үчүн берилчү жазадан аларды эч бир курмандык, эч бир тартуу эч качан куткара албайт»,— деди.+

15 Шемуел таң атканга чейин жатты. Анан туруп, Жахабанын үйүнүн эшигин ачты. Ал алган аяны жөнүндө Эйлиге айткандан коркту. 16 Эйли аны: «Шемуел, уулум!» — деп чакырды. Ал: «Оу»,— деди. 17 Эйли ага: «Ал сага эмне деди? Мага эч нерсесин жашырбай айтып бер. Кудай айткан сөздөрдүн бирин жашырсаң, ал сени катуу жазаласын»,— деди. 18 Шемуел ага эч нерсесин жашырбай бүт баарын айтып берди. Ошондо Эйли: «Бул — Жахабанын эрки. Ал өзү туура көргөндөй кылсын»,— деди.

19 Шемуел чоңоё берди. Жахаба ага батасын берип,+ айткандарынын баарын аткарып жатты. 20 Дандан Беир-Шебага чейин жашаган бүт ысрайыл эли Жахабанын Шемуелди өзүнүн пайгамбары кылып тандап алганын билди. 21 Ошентип, Жахаба андан ары да Шилодо аян аркылуу көрүнө берди. Анткени Жахаба Шемуелге өзүнүн ким экенин Шилодо ачып берди; Жахаба ага ошол жактан сүйлөдү.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү