Жакандын 1-каты
4 Сүйүктүү бир туугандарым, Кудайдан келгендей көрүнгөн кабарлардын баарына эле ишене бербегиле.+ Алар Кудайданбы же Кудайдан эмеспи, текшерип көргүлө,+ себеби дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болду.+
2 Кудайдан келген кабарды мындан билесиңер: Иса Машаяктын жерге адам болуп келгенин ырастаган ар бир кабар Кудайдан.+ 3 Ал эми Исанын жерге адам болуп келгенин ырастабаган кабардын баары Кудайдан эмес, Машаяктын душманынан.+ Силер ошондой кабарлар айтыларын уккансыңар,+ азыр болсо алар дүйнөгө тарап жатат.+
4 Балдарым, силер Кудай тараптасыңар жана жалган пайгамбарларды жеңдиңер.+ Себеби силер менен биримдикте болгон Кудай+ бул дүйнө менен биримдикте болгон Ибилистен күчтүү.+ 5 Тиги жалган пайгамбарлар бул дүйнө тарапта,+ ошондуктан дүйнөгө таандык нерселерди айтышат, бул дүйнөдөгүлөр болсо аларды угат.+ 6 Биз болсо Кудай тараптабыз. Ким Кудайды таанып-билсе, ал бизди угат.+ Ал эми ким Кудай тарапта болбосо, бизди укпайт.+ Кабардын чын же жалган экенин ушундан айырмалап билебиз.+
7 Сүйүктүү боордошторум, бири-бирибизди мындан ары да сүйөлү,+ себеби Кудай башкаларды биринчи болуп сүйгөн. Ким сүйсө, ал — Кудайдын баласы жана Кудайды билет.+ 8 Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү.+ 9 Кудай өзүнүн жалгыз Уулун*,+ ал аркылуу түбөлүк өмүр алышыбыз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ал бизди сүйөрүн ушинтип көрсөткөн.+ 10 Андай сүйүүнүн маани-маңызы мындай: биз Кудайды эмес, Кудай бизди сүйүп, өз Уулун күнөөлөрүбүздү жууй турган,+ өзү менен элдештире турган курмандык катары жиберген.+
11 Сүйүктүү бир туугандарым, эгер Кудай бизди ушунчалык сүйсө, анда биз да бири-бирибизди сүйгөнгө милдеттүүбүз.+ 12 Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес.+ Бири-бирибизди мындан ары да сүйсөк, демек, Кудай биздин арабызда жана анын сүйүүсү арабызда жеткилеңдикке жетти*.+ 13 Ал бизге ыйык рухун бергендиктен, биз аны менен, ал биз менен биримдикте экенин билебиз. 14 Ошондой эле асмандагы Атабыздын өз Уулун дүйнөгө куткаруучу катары жибергенин өз көзүбүз менен көрүп, күбөлөндүрүп жатабыз.+ 15 Ким Иса Машаяктын Кудайдын Уулу экенине ишенерин ачык билдирсе,+ Кудай аны менен, ал Кудай менен биримдикте болот.+ 16 Биз Кудайдын бизди сүйөрүн билип, буга ишендик.+
Кудай — сүйүү.+ Ким Кудайды* дайыма сүйсө, ал Кудай менен, Кудай аны менен биримдикте болот.+ 17 Ушул себептен, сот күнүндө эркин* сүйлөй алышыбыз үчүн,+ сүйүү арабызда жеткилең түрдө көрсөтүлүп жатат. Анткени Машаяк азыр кандай болсо, биз да бул дүйнөдө ошондойбуз. 18 Кудайды сүйгөн киши коркпойт,+ себеби жеткилең сүйүү коркунучту сүрүп чыгарат. Коркунуч бизди чектеп коёт*, ошондуктан ким коркунучка алдырса, анын сүйүүсү жеткилең эмес.+ 19 Биз болсо Кудайды* сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи болуп сүйгөн.+
20 Ким: «Кудайды сүйөм»,— деп коюп, бир тууганын* жек көрсө, ал калпычы.+ Себеби көрүп турган бир тууганын сүйбөсө,+ анда көзгө көрүнбөгөн Кудайды кантип сүйө алмак эле?+ 21 Ал бизге мындай осуят берген: Кудайды сүйгөн адам бир тууганын да сүйүшү керек.+