29 Анан Аюп сөзүн улап, мындай деди:
2 «Атаганат, өткөн айлардагыдай,
Кудай мени коргоп жүргөн күндөрдөгүдөй болсом кана.
3 Ошол кезде анын чырагы башыма жарык чачып турчу,
Караңгыда анын жарыгы менен жүрчүмүн.+
4 Анда күлгүн курагым эле,
Кудай менен болгон достугум үйүмдүн көркү эле.+
5 Кудурети Чексиз Кудай мени менен болчу,
Балдарым мени тегеректеп турчу.
6 Буттарымды каймак менен жуучумун,
Мага аскалардан май агып турчу.+
7 Шаардын дарбазасынын алдына чыгып,+
Аянттан орун алганымда,+
8 Жаштар мени көрүп, ары туруп калышчу,
Атүгүл карылар да ордунан өйдө болуп, туруп турушчу.+
9 Төрөлөр унчукпай,
Алаканы менен ооздорун жабышчу.
10 Беделдүүлөр үнүн басып,
Тилин жутуп алышчу.
11 Мени уккандар мен жөнүндө жакшы сөз айтышчу,
Мени көргөндөр мени колдоп сүйлөшчү.
12 Анткени жардам сурап жалбарган жакырды,+
Атасыз жетим менен жардам берери жоктордун баарын куткарчумун.+
13 Мен өлүмдөн аман алып калган киши мага батасын берчү,+
Жесирге жардам берип, жүрөгүн кубантчумун.+
14 Адилдикти кийимдей кылып кийчүмүн,
Адилеттүүлүгүм чапан менен чалмадай болчу.
15 Сокурга көз,
Аксакка бут болчумун.
16 Жакырга атасындай эле болчумун,+
Тааныбагандарга да сот ишинде жардам берчүмүн.+
17 Кыянатчылдын жаагын сындырчумун,+
Оозунан олжосун жулуп алчумун.
18 Мен: „Өз үйүмдө өлөм,+
Күндөрүм кумдай сан жеткис болот.
19 Тамырым сууга жетет,
Шактарыман түнү бою шүүдүрүм кетпейт.
20 Даңкым эч качан өчпөйт,
Күч-кубатымдан тайбайм“,— дечүмүн.
21 Кандай кеңеш айтар экен деп,
Эл сөзүмө кулак түрүп турчу.+
22 Мен сүйлөгөндөн кийин, алардын айтар кеби деле калчу эмес,
Жылуу-жумшак айткан сөздөрүм аларга майдай жакчу.
23 Мени жамгырды күткөндөй эле күтүшчү,
Жазгы жамгырды эңсегендей, сөздөрүмдү укканга куштар эле.+
24 Аларга жылмайсам, көргөн көзүнө ишене алышчу эмес,
Нурданган жүзүм аларга дем-күч берчү.
25 Башчысы катары аларга жол көрсөтчүмүн,
Жоокерлеринин арасындагы падышадай жашачумун,+
Күйүт тарткандарды жубатып-сооротчумун.+