Ышая
14 Себеби Жахаба Жакыптын урпактарына кайрымдуулук кылат,+ кайрадан ысрайыл элин тандап алат.+ Аларды өз жерине жайгаштырат*.+ Жакыптын урпактарына бөтөн жерликтер кошулуп, алар менен чогуу жашайт.+ 2 Элдер аларды өз жерине жеткиришет. Ысрайыл эли Жахаба берген жерде аларды кул, күң кылат.+ Алар өздөрүн туткундагандарды туткундап, өздөрүн жумушка салгандарга бийлик кылышат.
3 Жахаба сени азаптан, сарсанаадан, кулчулуктун запкысынан арылткан күнү+ 4 Бабыл падышасын шылдыңдап* мындай дейсиң:
«Башкаларды жумушка салгандын өзү күм-жам болду!
Көрсөткөн кысымы токтоду!+
5 Жахаба ыймансыздардын союлун,
Башкаруучулардын таягын сындырды,+
6 Элдерге каарданып, сокку үстүнө сокку урганды,+
Элдерди аёосуз куугунтуктап, жаалданып, аларды багындырганды жок кылды.+
7 Эми бүт жер тынчтыкка бөлөнүп, эс алып жатат.
Эл шаттана үн салып жатат.+
8 Сени көрүп, атүгүл арчалар менен Лебанон бал карагайлары да:
„Сен кыйрагандан бери
Бизди кыйганы эч ким келбей калды“,— деп кубанып жатышат.
Ал сулап жаткан өлүктөрдү,
Жер жүзүнүн зулум жол башчыларын* сен үчүн ойготту,
Элдердин бардык падышаларын тактысынан тургузду.
10 Алардын баары сага:
„Сен да биз сыяктуу алсыз болуп калдыңбы?
Бизге окшоп калдыңбы?
Мителер астыңа төшөнчү,
Курттар үстүңө жамынчы болду“,— деп жатышат.
12 Жаркыраган жылдыз, таңдын уулу,
Сен асмандан куладың!
Элдерди басып алчу элең,
Эми минтип кыйылып, жерде жатасың!+
13 Сен ичиңен: „Асманга чыгам.+
Тактымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём,+
Кудайга сыйынчу жай турган тоодо,
Алыскы түндүктө отурам.+
14 Булуттардын үстүнө чыгам,
Эң Жогорку Кудайдай болом“,— дечүсүң.
16 Көргөндөр сенден көзүн албай,
Сени тигиле карап:
„Жерди солкулдатып,
Падышалыктарды титиреткен киши ушул беле?+
17 Жер бетин чөлгө айлантып,
Шаарларын талкалап,+
Туткундарын үйүнө коё бербеген киши ушул беле?“+ — дешет.
19 Сен болсо көмүлбөй,
Керексиз чырпыктай ыргытылдың.
Кылычтан сулап,
Таштуу чуңкурда жаткан өлүктөрдүн алдында калдың,
Тебелендиде калган өлүктөй болуп калдың.
Кыянаттык кылгандардын тукуму эч качан эскерилбейт.
21 Ата-бабаларынын күнөөсү үчүн
Анын уулдарын өлтүргөнгө жер даярдагыла.
Алар күчтөнүп, жерди ээлеп алышпасын,
Жер жүзүн шаарга толтуруп жиберишпесин».
22 «Мен аларга каршы чыгам»,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
«Бабылдын атын өчүрөм, элинин калдыгын, урук-тукумун, урпактарын жок кылам»,+— дейт Жахаба.
23 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: «Аны чүткөрлөрдүн* жайына, саздак жерге айлантып, толугу менен кыйратам*»,+— дейт.
24 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ант берип:
«Мен эмнени ниет кылсам, ошол ишке ашат.
Кандай чечсем, ошондой болот.
Ошондо анын моюнтуругу элимдин мойнунан алынат,
Жүгү алардын ийнинен түшөт»,+— дейт.
26 Бул — Кудайдын бүт жерге чыгарган чечими,
Бардык элдерди жазалаш үчүн колдоно турган күчү.
Ал жазалаш үчүн күчүн көрсөткөнгө даяр,
Аны ким токтото алат?+
28 Ахаз падыша өлгөн жылы+ Кудайдан мындай кабар келди:
29 «Оо, Пелишти, сен да, элиң да,
Силерге сокку ургандын таягы сынганына сүйүнбөгүлө.
30 Бей-бечаралардын тун балдары тоюшат,
Жакырлар уктаганы жатканда эч нерседен коркушпайт,
Ал эми сенин элиңди* ачарчылык менен кырам,
Аман калгандары болсо өлтүрүлөт.+
31 Шаар дарбазасынын жанындагылар, боздогула! Шаар тургундары, кыйкыргыла!
Оо, Пелишти, бүт элиңдин кайраты качат!
Анткени түндүктөн аскерлер түтүн сымал каптап келатат,
Бир да жоокери артта калбай келатат».
32 Алар эл жиберген кабарчыларга эмне деп жооп бериши керек?
Аларга Жахаба Сиондун пайдубалын салганын,+
Элинин арасындагы бей-бечаралардын ал жерден баш маана табарын айтышат.