Ышая
57 Адил адам өлөт,
Бирок буга эч ким деле көңүл бурбайт.
2 Ал тынчтыкка бөлөнөт.
Түз жүргөндөрдүн баары көрдө* мемиреп тынч жатышат.
4 Силер кимди мазактап жатасыңар?
Оозуңарды чоң ачып, кимге тилиңерди көрсөтүп жатасыңар?
Ар бир шактуу бактын астында кумар отуна өрттөнгөндөр,+
Балдарды өрөөндөрдө* мууздагандар,+
Жарлардын жаракаларында сойгондор силер эмессиңерби?
6 Сен сайдын жылмакай таштарын артык көрдүң.+
Так ошолорду үлүшүң катары тандап алдың.
Атүгүл ошолорго багыштап суюк тартуу куйчусуң, белек берчүсүң.+
Анан ошонуңа ыраазы болмок белем?
8 Эшик менен кашектин артына эстелик белги* койчусуң.
Мени таштап кетип, жылаңачтанчусуң,
Жогору чыгып, төшөктү кенен салчусуң.
Ойношторуң менен келишим түзчүсүң,
Алар менен төшөктө жатканды жакшы көрчүсүң,+
Эркектин жыныстык мүчөсүнө тигиле карачусуң*.
Элчилериңди алыска жибердиң,
Кадырың ушунчалык тебеленип, көргө* чейин түштүң.
10 Ар кайсы жолдо тентип жүрүп шайың ооду.
Бирок: „Бул — курулай убаракерчилик!“ — дечү эмессиң.
Кайтадан күчкө толчусуң.
Мына ошон үчүн багынчу эмессиң.
11 Калп айта баштагыдай+ кимден корктуң?
Жүрөгүңдүн үшүн ким алды?
Сен мени эстеп да койгон эмессиң.+
Эч нерсеге көңүл бурган эмессиң.+
Мен унчукпай, эч нерсе дебей* келген эмес белем?+
Ошон үчүн менден корккон жоксуң.
Алардын баарын шамал учуруп кетет,
Баарын жел айдап кетет.
Ал эми мени баш маана кылгандар жерди мурастап,
Ыйык тоомду ээлешет.+
14 Ошондо: „Жол салгыла, жол салгыла! Жол даярдагыла!+
Элимдин жолунан тоскоолдуктардын баарын алып салгыла“,— дешет».
«Мен жогоруда, ыйык жайда жашасам да,+
Момундарга дем-күч берип,
Кыйналгандардын жан дүйнөсүн жандандырыш үчүн
Кыйналган, момун адамдар менен да жашайм.+
16 Себеби аларды түбөлүк айыптап,
Чексиз каардана бербейм;+
Болбосо адамдар алсырап,+
Өзүм жараткан тирүү жандын баары мүңкүрөп калмак.
17 Ал* арам оокаттын артынан түшкөндүктөн, каарым кайнады,+
Ошон үчүн ага сокку урдум, ачууланып, жүзүмдү тескери бурдум.
Ал болсо чыккынчыдай иш кылып,+ жүрөгүнө жаккан жолдо жүрө берди.
18 Мен анын жүргөн жолдорун көрдүм.
19 «Мен адамдын оозуна даңктоо сөздөрүн салам.
Алыстагылар да, жакындагылар да чексиз тынчтыкка бөлөнөт,+
Мен аларды айыктырам»,— дейт Жахаба.
20 «Ал эми ыймансыздар тынч ала албаган, алай-дүлөй түшкөн,
Суулары балыр менен ылай чачкан деңиздей.