Корунттуктарга 2-кат
7 Демек, сүйүктүү досторум, Кудай бизге ушундай убадаларды берген соң,+ келгиле, денебиз менен акылыбызды* булгаган ар кандай ыпылас нерселерден тазаланалы+ жана Кудайдан коркуп, барган сайын ыйык боло берели.
2 Бизге жүрөгүңөрдөн орун бергиле.+ Биз эч кимге жамандык кылган жокпуз, эч кимди бузган жокпуз, эч кимди өз кызыкчылыгыбызга колдонгон жокпуз.+ 3 Муну силерди айыпташ үчүн айтып жаткан жокмун. Анткени мурун айтканымдай, өлсөк да, тирүү жүрсөк да, силер биздин жүрөгүбүздөсүңөр. 4 Мен силерге баарын ачык айта алам. Силер менен абдан сыймыктанам. Жан дүйнөм тынчып, сооронуп калдым; бардык кайгы-капабызга карабай, кубанычым койнума батпай турат.+
5 Биз Македонияга келгенде,+ жаныбыз жай алган жок. Мурдагыдай эле бардык жактан кысымга алындык: сырттан каршылыкка кабылсак, ичибизден коркунуч кыйнап жатты. 6 Бирок көңүлү чөккөндөрдү сооротуп-жубаткан Кудай+ бизди Титти жиберип сооротту. 7 Биз анын келгенине эле эмес, силер жактан дем-күчкө толуп келгенине да сүйүнүп, сооронуп калдык. Титтен мени көргөнгө куштар болуп жүргөнүңөрдү, катуу кайгырып жатканыңарды, мен үчүн аябай тынчсызданып жатканыңарды угуп, ого бетер кубанып калдым.
8 Ошондуктан силерди жазган катым менен капаланткан болсом да,+ ал үчүн өкүнбөйм. Башында ал катымдын силерди капалантканына өкүнсөм да, кыска эле убакытка капаланганыңарды билип, 9 азыр кубанып жатам. Кайгырганыңарга эмес, ошонун аркасында өкүнгөнүңөргө кубанып жатам. Анткени Кудайга жаккыдай кайгырдыңар, ошондуктан биздин айткандарыбыз силерге эч кандай зыян алып келген жок. 10 Адамдын Кудайга жаккандай кайгырганы дайыма пайдасын тийгизет, себеби бул ага күнөөлөрү үчүн өкүнгөнгө түрткү берет, мунун аркасында болсо куткарылышына шарт түзүлөт.+ Ал эми адамдын бул дүйнөдөгүлөрдөй болуп кайгырганы өлүмгө алып барат. 11 Силер Кудайга жаккыдай кайгырдыңар. Муну туура иш кылганга көп күч жумшаганыңар, өзүңөрдү тазалаганыңар, туура эмес иш кылганыңарга кайгырганыңар, Кудайдан коркконуңар, күнөөңөр үчүн өкүнгөнүңөр, Кудайга бүт жүрөгүңөр менен кызмат кылганыңар, оңолгонуңар далилдеп турат.+ Көйгөйдү чечиш үчүн эмне кылыш керек болсо, ошонун баарын туура кылдыңар. 12 Мен ал катты жаман иш кылган адам үчүн+ же анын ишинен жапа чеккен адам үчүн эмес, силер сөзүбүздү чын жүрөктөн кабыл алгыңар келерин Кудай алдында айкын көрсөтүшүңөр үчүн жазгам. 13 Ушундан улам да көңүлүбүз жай алып калды.
Мындан тышкары, Титтин кубанганын көрүп, андан бетер кубандык. Анткени баарыңар ага дем-күч бериптирсиңер. 14 Титке силер жөнүндө айтып мактанганым бекер болбоптур, ошон үчүн уялбайм. Силерге айткандарыбыздын баары чын болгондой эле, Титке мактанып айткандарыбыз да чын болуп чыкты. 15 Баарыңардын баш ийгениңерди,+ аны терең урмат-сый менен кабыл алганыңарды эстеген сайын, Титтин силерге болгон жылуу сезимдери артып баратат. 16 Силердин бардык учурда туура иш кыларыңарга толук ишенем, ошон үчүн кубанам*.