Ышая
41 «Аралдар, унчукпай мени уккула*.
Улуттар, күчүңөрдү топтогула.
Жаныма келип, сүйлөгүлө.+
Соттошуш үчүн чогулалы.
2 Күн чыгыштан бирөөнү ким чакырды?+
Анын колуна элдерди салып берип,
Падышаларды баш ийдириш үчүн,
Адилдикти орнотуп, өзүнө кызмат кылышы үчүн аны ким чакырды?+
Ким аларды анын кылычы менен чаңга айландырып,
Жаасы менен шамал сапырган самандай кылды?
4 Муну ким кылды? Ким ишке ашырды?
Эң башынан эле муундарды биринин артынан бирин ким чакырып келатат?
5 Эмне болгонун көрүп, аралдар корко баштады.
Жердин учу-кыйыры титирей баштады.
Элдер чогулушту.
6 Адамдар өз ара жардамдашып,
Бири-бирине: «Бекем бол»,— деп жатышат.
Барскан менен темир түздөгөн киши
Дөшүнүн үстүндө темир сокконду кубаттайт.
Ал: «Жакшы ширеттиң»,— деп мактайт.
Анан бурканды кулабашы үчүн мык менен бекитишет.
8 «Сен болсо, Ысрайыл, менин кызматчымсың.+
10 Коркпо, анткени мен сенин жаныңдамын.+
Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын.+
Мен сага күч берем, жардам берем,+
Сени оң колум менен, адил иштерди кылган колум менен, бекем кармап турам“.
11 Сага каардангандардын баары уятка калат, басынтылат.+
Сени менен салгылашкандар санда жок нерсеге айланат, кыйратылат.+
12 Сага каршы болгондорду издеп, таппай каласың;
Сени менен согушкандар эч качан болбогондой жок болуп кетишет.+
13 Анткени мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам.
Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“,— деген менмин.+
Ысрайыл калкы, мен сага жардам берем,— дейт Жахаба,
Сени кун төлөп сатып алган Кудай,+ Ысрайылдын Ыйыгы.—
Сен тоолорду малалап, таш-талканын чыгарасың,
Адырларды топонго айландырасың.
17 «Бей-бечаралар менен жакырлар суу издеп жүрүшөт, бирок суу жок.
Алар суусап, тили кургап калды.+
Мен, Жахаба, аларга жардам берем.+
Мен, Ысрайылдын Кудайы, аларды таштабайм.+
18 Такырайган адырлардан дарыя,+
Өрөөндөрдөн булак чыгарам,+
Чөлдүү талааны камыштуу көлмөгө,
Какшыган жерди булактуу жерге айлантам.+
Чөлдүү түздүккө арча,
Ак чечек, кипарис тигем.+
20 Ошондо баары муну Жахаба жасаганын,
Ысрайылдын Ыйыгы кылганын көрүшөт, билишет,
Ошого көңүл буруп, түшүнүшөт».+
21 Жахаба: «Дооңорду айткыла»,— дейт.
«Жүйө келтиргиле»,— дейт Жакыптын Падышасы.
22 «Оо, буркандар, далил келтирип, келечекте эмне болорун айткыла.
Биз ой жүгүртүп, андан аркысын билишибиз үчүн,
Башында эмне болгонун айтып бергиле.
Же алдыда эмне болорун айткыла.+
Жакшы же жаман бир нерсе кылгыла,
Баарыбыз көрүп, таң калалы.+
Силерге сыйынгандар* жийиркеничтүү.+
Башчыларды чоподой тепсейт,+
Карапачы ылай тебелегендей тебелейт.
26 Биз билишибиз үчүн, кимиңер бул жөнүндө башынан айттыңар эле?
„Туура айтыптыр“,— дешибиз үчүн, кимиңер бул жөнүндө байыркы убакта айттыңар эле?+
Чынында, эч кимиңер айткан эмессиңер!
Эч кимиңер жарыялаган эмессиңер!
Бир нерсе дегениңерди эч ким уккан эмес!»+
27 Сионго: «Мындай болот!» — деп биринчи мен айткам.+
Иерусалимге жакшы кабар жеткире турган кабарчыны мен жиберем.+
28 Мен карап турдум, бирок эч ким көрүнгөн жок,
Бири да кеңеш бере алган жок.
Сурап жаттым, бирок эч кимиси жооп берген жок.
29 Алардын баары жок нерседей.
Алар эч нерсе кыла албайт.
Куйма буркандары — жок нерсе, куру желдей.+