Матай
5 Калың элди көрүп, Иса тоого чыкты. Ал отургандан кийин, жанына шакирттери келди. 2 Анан Иса мындай деп насаат айта баштады:
3 «Кудайды таанып-билгиси келгендер* бактылуу,+ анткени алар асман Падышалыгынын баталарын алышат.
4 Кайгыргандар бактылуу, анткени сооронушат.+
5 Мүнөзү жумшактар*+ бактылуу, анткени жерди мурасташат.+
6 Адилдикти эңсегендер* бактылуу,+ анткени Кудай алардын каалоосун толук канааттандырат.+
7 Кайрымдуулар бактылуу,+ анткени аларга кайрымдуулук кылынат.
8 Жүрөгү тазалар бактылуу,+ анткени Кудайды көрүшөт*.
9 Тынчтыкка умтулгандар* бактылуу,+ анткени Кудайдын балдары* деп аталышат.
10 Адил иштерди кылганы үчүн куугунтукталгандар бактылуу,+ анткени алар асман Падышалыгынын баталарын алышат.
11 Мен үчүн башкалар силерди кордосо,+ куугунтуктаса,+ ар кандай жалаа жапса, бактылуусуңар.+ 12 Кубанып-шаттангыла,+ анткени асмандагы сыйлыгыңар+ чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.+
13 Силер жердин тузусуңар.+ Туз даамын жоготсо, аны бирөө кайра калыбына келтире алабы? Ал эч нерсеге жарабай калгандыктан ыргытылып,+ тебелендиде калат.
14 Силер дүйнөнүн жарыгысыңар.+ Тоонун үстүндө жайгашкан шаар көрүнбөй калбайт. 15 Чыракты күйгүзгөндө эч ким аны көмкөрүлгөн идиштин* астына койбойт, чыракпаяга коёт. Ошондо жарык үйдүн ичиндегилердин баарына тиет.+ 16 Ошо сыяктуу эле, башкалар жакшы иштериңерди көрүп,+ асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн,+ силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун.+
17 Мени Мусанын Мыйзамын же пайгамбарлардын сөздөрүн жокко чыгарыш үчүн келди деп ойлобогула. Жокко чыгарыш үчүн эмес, аткарыш үчүн келдим.+ 18 Силерге айтып коёюн, асман менен жер жок болуп кеткен күндө да, Мыйзамдын эң кичинекей тамгасы, атүгүл тамгасынын бир сызыгы да жок болбойт, баары аткарылат.+ 19 Ошондуктан кимде-ким Мыйзамдагы эң кичинекей осуяттардын бирин бузса жана башкаларга да ошону үйрөтсө, ал асман Падышалыгынын баталарын алганга татыксыз болот*. Ал эми ким аларды аткарса жана башкаларга да ошону үйрөтсө, ал асман Падышалыгынын баталарын алганга татыктуу деп табылат*. 20 Силерге айтып коёюн, эгер чындап адил болбосоңор, диний мыйзамдарды окуткандар менен фарисейлердей эле болуп каласыңар,+ ошон үчүн асман Падышалыгынын баталарын албайсыңар*.+
21 Байыркы убакта жашагандарга: „Киши өлтүрбөгүлө.+ Ким киши өлтүрсө, ал сот алдында жооп берет“,— деп айтылганын уккансыңар.+ 22 Мен болсо силерге мындай дейм: кимдир бирөөгө* ачууланганын токтотпогон+ ар бир адам сот алдында жооп берет; ким бирөөнү аябай жаман сөздөр менен кордосо, Жогорку соттун* алдында жооп берет, ал эми ким бирөөгө: „Жеткен акмаксың!“ — десе, оттуу гээнага* ыргытылат.+
23 Курмандык жайына* курмандык алып келгениңде,+ ал жерден кимдир бирөөнүн сага нааразычылыгы бар экенин эстесең, 24 курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде аны менен элдеш, ошондон кийин гана кайтып келип, курмандыгыңды чал.+
25 Сага нааразычылыгы бар адам менен ишти сотко жеткизбей эле тезинен чечип, элдешип ал. Болбосо ал сени сотко, сот болсо өкүмдү ишке ашыруучуга өткөрүп берет да, түрмөгө түшөсүң.+ 26 Айтып коёюн, ошондо сокур тыйыныңа чейин төлөп бермейинче, ал жерден чыкпайсың.
27 Силер: „Ойноштук кылбагыла“,— деп айтылганын уккансыңар.+ 28 Мен болсо силерге мындай дейм: аялды кумарланып карай берген+ ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот.+ 29 Ошондуктан сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер.+ Себеби бүт денең гээнага ыргытылгандан көрө, бир мүчөңдөн айрылганың жакшы.+ 30 Ошондой эле оң колуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал да, ыргытып жибер.+ Себеби бүт денең гээнага ташталгандан көрө, бир мүчөңдөн айрылганың жакшы.+
31 Андан сырткары: „Аялы менен ажырашкан киши ага талак кат жазып берсин“,— деп айтылган.+ 32 Мен болсо силерге мындай дейм: аялы көзүнө чөп салбаса да*, аны менен ажырашкан киши анын ойноштук кылышына себепкер болот жана ошондой себеп менен ажырашкан аялга үйлөнгөн киши да ойноштук кылган болот.+
33 Ошондой эле байыркы убакта жашагандарга: „Аткарбай турган болсоңор, ант бербегиле.+ Жахабага берген антыңарды аткаргыла“,— деп айтылганын уккансыңар.+ 34 Мен болсо силерге мындай дейм: такыр ант бербе;+ асманды оозанып ант бербе, себеби ал — Кудайдын тактысы, 35 жерди оозанып да ант бербе, себеби ал — анын таман асты*,+ Иерусалимди оозанып да ант бербе, себеби ал — улуу Падышанын шаары.+ 36 Башыңды оозанып да ант бербе, себеби бир тал чачыңды агарта да албайсың, карарта да албайсың. 37 „Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин,+ мындан башканын баары Шайтандан*.+
38 Силер: „Көзгө көз, тишке тиш“,— деп айтылганын уккансыңар.+ 39 Мен болсо силерге мындай дейм: жаман адамга жамандыгына жараша жооп бербе, кимдир бирөө оң жаагыңа чапса, ага сол жаагыңды да тосуп бер.+ 40 Ошондой эле кимдир бирөө сени менен соттошуп, ички кийимиңди алгысы келсе, ага сырт кийимиңди да бер.+ 41 Бийлиги бар бирөө сени бир чакырым* жол жүргөнгө мажбурласа, аны менен эки чакырым жол жүр. 42 Сураган адамга бер, карыз алгысы келгенден жүзүңдү бурба.+
43 Силер: „Башкаларды сүйгүлө,+ душманыңарды жек көргүлө“,— деп айтылганын уккансыңар. 44 Мен болсо силерге мындай дейм: душманыңарды сүйгүлө*,+ силерди куугунтуктагандар үчүн Кудайдан тилене бергиле.+ 45 Ошондо асмандагы Атаңардын балдары* болосуңар,+ себеби ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат.+ 46 Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык?+ Салык жыйнагандар деле ошентишет эмеспи. 47 Ошондой эле өз элиңерден болгондор* менен гана учурашсаңар, кандай өзгөчө иш кылган болосуңар? Башка элдер деле ошентишет эмеспи. 48 Асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болгула*.+