Ышая
2 Амостун уулу Ышаянын Жүйүт менен Иерусалим жөнүндө алган аяны.+
2 Акыркы күндөрдө
Жахабанын үйү турган тоо
Бардык тоолордун чокусунан бийик көтөрүлүп, козголгус болот,+
Адырлардан жогору көтөрүлөт,
Ага бүт элдер агылып келет.+
3 Көптөгөн элдер келип:
«Жүргүлө, Жахабанын тоосуна чыгып,
Жакыптын Кудайынын үйүнө баралы.+
4 Ал элдердин арасында сот жүргүзүп,
Көптөгөн элдердин иштерин жөнгө салат.
Алар кылычтарынан соконун тишин,
Найзаларынан багбандын бычагын жасашат.+
Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт,
Мындан ары согушканды үйрөнбөйт.+
6 Кудай, сен өз элиңди, Жакыптын урпактарын, таштап кеттиң.+
Себеби алар Чыгыштын көп каада-салттарын үйрөнүштү;
Пелиштиликтерге окшоп, сыйкырчылык кылышат,+
Алардын арасында бөтөн жерликтердин балдары көп.
7 Алардын жери алтын-күмүшкө толуп,
Байлыгына эсеп жетпейт.
Жылкысы жер жайнап,
Арабаларына сан жетпейт.+
8 Алардын жери эч пайдасы жок кудайларга толду.+
Алар өз колунан жаралган,
Өз манжалары жасаган нерселерге таазим кылып жатышат.
9 Пенде өз кадырын түшүрүп, басынтылып жатат,
Сен аларды кечире албайсың.
10 Жахабанын жүрөктүн үшүн алган каарынан,
Даңктуу улуулугунан улам
Асканын арасына кире качкыла, жердин астына жашынгыла.+
11 Менменсингендер жер карайт,
Текеберлер кемсинтилет.
Ал күнү Жахаба гана даңкталат.
12 Анткени ал күн — асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын күнү.+
Ошол күнү ал боюн көтөргөндөр менен менменсингендерге,
Даражасы бийиктер менен карапайымдарга,+
13 Лебанондун* бийик, боюн керген бал карагайларына,
Башандын эмен дарактарына каршы чыгат.
14 Көк тиреген тоолор менен
Бийик адырлардын баарына,
15 Бүт бийик мунаралар менен бекем дубалдарга,
16 Таршыш кемелери+ менен мыкты кайыктардын баарына каршы чыгат.
17 Бой көтөргөн адам кемсинтилет,
Текеберлер басынтылат.
Ошол күнү Жахаба гана даңкталат.
18 Пайдасы жок кудайлар түп орду менен жок болот.+
19 Жахаба үрөйдү учуруп, жерди титиретиш үчүн ордунан турганда,
Адамдар анын жүрөктүн үшүн алган каарынан,+
Даңктуу улуулугунан улам
Аскалардагы үңкүрлөргө,
Жердеги чуңкурларга жашынышат.+
20 Ошол күнү алар күмүштөн, алтындан жасаган,
Сыйыныш үчүн жасап алган пайдасы жок кудайларын
21 Жахаба үрөйдү учуруп, жерди титиретиш үчүн ордунан турганда,
Жүрөктүн үшүн алган каарынан,
Даңктуу улуулугунан улам
Аскалардын жаракаларына,
Аска-зоолордун арасына жашыныш үчүн ошентишет.
22 Өзүңөргө жакшы болушу үчүн,
Пендеге таянганыңарды койгула,
Ал таноосунда деми бар болгон үчүн гана тирүү жүрөт*.
Андан эмне пайда?