Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Лука 24
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Лука. Мазмуну

      • Иса тирилет (1—12)

      • Эки шакирт Эмауска баратканда болгон окуя (13—35)

      • Иса шакирттерине көрүнөт (36—49)

      • Иса асманга көтөрүлүп кетет (50—53)

Лука 24:1

Шилтемелер

  • *

    Бул күн азыркы боюнча жекшемби күн. Жүйүттөр үчүн жуманын биринчи күнү болгон.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 28:1; Мр 16:1, 2; Жн 20:1

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/3/2013, 8-б.

Лука 24:2

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 28:2; Мр 16:4

Лука 24:3

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 16:5

Лука 24:5

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 28:5—7; Мр 16:5—7

Лука 24:7

Байланышы бар аяттар

  • +Жун 1:17; Мт 16:21; Мр 8:31; Лк 9:22

Лука 24:8

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 2:22

Лука 24:9

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 28:8

Лука 24:16

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 20:14; 21:4

Лука 24:18

Шилтемелер

  • *

    Же балким: «Иерусалимге келип, ал шаарда ушул күндөрү эмне болгонун билбеген жалгыз сен окшойсуң».

Лука 24:19

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 2:23; 21:11
  • +Мз 18:18; Лк 7:15, 16; Жн 3:2; 6:14; Элч 2:22

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Жахабага жакында», 89—93-бб.

Лука 24:20

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 23:1; Элч 3:13; 13:27, 28

Лука 24:21

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 1:6

Лука 24:22

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 28:1, 8; Лк 24:9—11

Лука 24:24

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 24:12; Жн 20:3

Лука 24:25

Шилтемелер

  • *

    Же: «ой жүгүртпөгөндөр».

Лука 24:26

Байланышы бар аяттар

  • +Флп. 2:9—11; Ев 2:9; Пт1к 1:11
  • +Зб 22:16—18; Ыш 53:7—9; Кр1к 15:3

Лука 24:27

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 1:45; Элч 10:43; 26:22

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 18-сабак

Лука 24:30

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 14:19; 15:36; Мр 6:41

Лука 24:31

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 20:19

Лука 24:32

Шилтемелер

  • *

    Же: «Ыйык Жазманын маанисин толук ачып бергенде».

Лука 24:34

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 15:3, 5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 202-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2010, 24—25-бб.

Лука 24:35

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 24:30, 31

Лука 24:36

Шилтемелер

  • *

    Же: «Ассалом алейкум». Сөзмө-сөз: «Силерге тынчтык болсун». Адатта, жүйүттөр бири-бири менен ушинтип учурашчу. Мындай учурашуу кишиге ден соолук, жакшылык, ийгилик каалоону билдирген.

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 20:21

Лука 24:44

Шилтемелер

  • *

    Бул Еврей Жазмаларындагы Забур китебинен башталган китептердин тобун билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 16:21; Лк 9:22; 24:27

Лука 24:45

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 12:16

Лука 24:46

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 53:5; Мр 9:31

Лука 24:47

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 4:1, 2; 5:27, 28
  • +Элч 5:31
  • +Гл 3:14

Лука 24:48

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 15:26, 27; Элч 1:8

Лука 24:49

Байланышы бар аяттар

  • +Жл 2:28; Жн 14:16; Элч 1:4, 5; 2:1, 4

Лука 24:51

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 1:9

Лука 24:52

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 16:22; Элч 1:12

Лука 24:53

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 2:46, 47

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Лк. 24:1Мт 28:1; Мр 16:1, 2; Жн 20:1
Лк. 24:2Мт 28:2; Мр 16:4
Лк. 24:3Мр 16:5
Лк. 24:5Мт 28:5—7; Мр 16:5—7
Лк. 24:7Жун 1:17; Мт 16:21; Мр 8:31; Лк 9:22
Лк. 24:8Жн 2:22
Лк. 24:9Мт 28:8
Лк. 24:16Жн 20:14; 21:4
Лк. 24:19Мт 2:23; 21:11
Лк. 24:19Мз 18:18; Лк 7:15, 16; Жн 3:2; 6:14; Элч 2:22
Лк. 24:20Лк 23:1; Элч 3:13; 13:27, 28
Лк. 24:21Элч 1:6
Лк. 24:22Мт 28:1, 8; Лк 24:9—11
Лк. 24:24Лк 24:12; Жн 20:3
Лк. 24:26Флп. 2:9—11; Ев 2:9; Пт1к 1:11
Лк. 24:26Зб 22:16—18; Ыш 53:7—9; Кр1к 15:3
Лк. 24:27Жн 1:45; Элч 10:43; 26:22
Лк. 24:30Мт 14:19; 15:36; Мр 6:41
Лк. 24:31Жн 20:19
Лк. 24:34Кр1к 15:3, 5
Лк. 24:35Лк 24:30, 31
Лк. 24:36Жн 20:21
Лк. 24:44Мт 16:21; Лк 9:22; 24:27
Лк. 24:45Жн 12:16
Лк. 24:46Ыш 53:5; Мр 9:31
Лк. 24:47Элч 4:1, 2; 5:27, 28
Лк. 24:47Элч 5:31
Лк. 24:47Гл 3:14
Лк. 24:48Жн 15:26, 27; Элч 1:8
Лк. 24:49Жл 2:28; Жн 14:16; Элч 1:4, 5; 2:1, 4
Лк. 24:51Элч 1:9
Лк. 24:52Жн 16:22; Элч 1:12
Лк. 24:53Элч 2:46, 47
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
Ыйык Китеп
Лука 24:1—53

Лука

24 Жуманын биринчи күнү* эртең менен эрте ал аялдар өздөрү даярдаган жыпар жыттуу чөптөрдү алып, мүрзөгө барышты.+ 2 Мүрзөнүн оозундагы таштын жылдырылып калганын көрүп,+ 3 ичине киришти, бирок Исанын сөөгүн таппай коюшту.+ 4 Буга аң-таң болуп турушканда, күтүлбөгөн жерден кийимдери жаркыраган эки киши пайда болду. 5 Аялдар коркуп кетип, жерди карап туруп калышты. Ошондо тигилер: «Эмнеге тирүүнү өлүктөрдүн арасынан издеп жүрөсүңөр?+ 6 Ал бул жерде жок, анткени тирилди. Галилеяда жүргөндө анын силерге эмне дегенин эстесеңер. 7 Ал адам Уулунун күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилерин, устунга кадаларын, ал эми үчүнчү күнү тирилерин айтпады беле»,+— дешти. 8 Ошондо алар Исанын сөздөрүн эстешти.+ 9 Анан ал жерден кетип, 11 элчи менен калган шакирттерге баарын айтып барышты.+ 10 Алар магдалалык Мариям, Жаана, Жакыптын энеси Мариям эле. Алардын жанында жүргөн башка аялдар да болгон окуяны элчилерге айтып беришти. 11 Бирок элчилер менен берки шакирттер ишенишкен жок, себеби аялдардын айткандары болбогон эле нерседей көрүндү.

12 Петир болсо тура калып, мүрзөгө чуркап барды да, эңкейип ичин карап, зыгыр кепинди эле көрдү. Анан болгон окуяга таң кала артка кайтты.

13 Ошол күнү эки шакирт Иерусалимден 11 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Эмаус деген айылга жөнөдү. 14 Жолдон болуп өткөн окуялар тууралуу сүйлөшүп баратышты.

15 Экөө ошол окуяларды талкуулап, сүйлөшүп баратканда, Иса келип, алар менен чогуу басты. 16 Бирок шакирттер аны тааныган жок.+ 17 Иса: «Эмнени талкуулап баратасыңар?» — деп сураганда, алар токтоп калышты; кабактары бүркөө эле. 18 Анан ошол эки шакирттин бири Клеопа: «Сен, эмне, бияктык эмессиңби? Эч ким менен сүйлөшпөйсүңбү? Иерусалимде жакында эле эмне болгонун билбейсиңби?*» — деди. 19 Иса: «Эмне болду эле?» — деп сурады. Алар: «Назареттик Исаны+ эмне кылышканын уккан жоксуңбу? Ал Кудайдын алдында да, бүт элдин алдында да иши менен да, сөзү менен да күчтүү пайгамбар болчу.+ 20 Бирок биздин жогорку дин кызматчылар менен башчылар аны өлүм жазасына тартыш үчүн кармап берип,+ устунга кадатышты. 21 Биз болсо Ысрайылды куткара турган ошол деп үмүттөнүп жүргөн элек.+ Ал окуялардын болуп өткөнүнө мына үч күн болуп калды. 22 Арабыздагы кээ бир аялдар да бизди аябай таң калтырышты. Алар эртең менен мүрзөгө барышса,+ 23 Исанын сөөгү ал жакта жок экен. Анан келип, периштелерди көрүшкөнүн, алардын Исанын тирүү экенин кабарлашканын айтып беришти. 24 Ошондо арабыздан айрымдар да мүрзөгө барышса,+ аялдар айткандай эле, мүрзө бош экен. Бирок Исаны көрүшпөптүр»,— дешти.

25 Ошондо Иса аларга: «Оо, акылсыздар*, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарына качан ишенесиңер?! 26 Машаяк даңкка бөлөнүшү үчүн+ ушулардын баарын башынан өткөрүп, азап тартышы керек эмес беле?!»+ — деди. 27 Анан Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн+ баштап, бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берди.

28 Алар өздөрү бараткан айылга жакындаганда, Иса андан ары жолун улантымыш болду. 29 Бирок тигилер: «Биз менен эле кал, кеч кирип калды»,— деп көптөн-көп өтүнүштү. Иса алар менен калды. 30 Дасторконго отурушканда, ал нанды алып, Кудайдан тиленди да, аны сындырып, экөөнө узатты.+ 31 Алар Исаны ошондо таанышты. Бирок ал көздөн кайым болуп кетти.+ 32 Ошондо экөө бири-бирине: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда*, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— дешти. 33 Анан ошол замат туруп, Иерусалимге кайтып барышты да, 11 элчи менен алардын жанына чогулгандарды табышты. 34 Алар болсо: «Мырзабыз, чын эле, тирилиптир! Ал Симонго көрүнүптүр!»+ — дешти. 35 Тиги экөө да жолдо эмне болгонун, Исаны нан сындырганынан таанышканын айтып беришти.+

36 Ушулар жөнүндө сүйлөшүп жатышканда, алардын арасына Иса пайда болуп: «Кандайсыңар*»,— деди.+ 37 Ошондо алар көздөрүнө элес көрүнүп жатат деп ойлоп катуу коркуп кетишти. 38 Иса: «Эмнеге коркуп кеттиңер? Эмнеге шек санап жатасыңар? 39 Колу-бутумду карасаңар, бул менмин. Мага колуңарды тийгизип көргүлө. Элестин меникиндей эти да, сөөгү да болбойт»,— деди. 40 Ушуларды айткандан кийин аларга колу-бутун көрсөттү. 41 Алар кубанып, таң калып, дагы эле ишенбей турушкандыктан, Иса: «Жегенге бир нерсеңер барбы?» — деп сурады. 42 Алар бир кесим куурулган балык беришти. 43 Иса алып, алардын көзүнчө жеди.

44 Андан соң: «Эсиңердеби, силер менен жүргөнүмдө Мусанын Мыйзамында, пайгамбарлардын жазгандарында, Забурда* мен жөнүндө айтылгандардын баары аткарылышы керектигин айтпадым беле»,— деди.+ 45 Анан шакирттерине Ыйык Жазмада айтылгандардын маанисин толук түшүнгөнгө жардам берип:+ 46 «Ыйык Жазмада Машаяктын азап чегери, өлүп, кайра үчүнчү күнү тирилери,+ 47 анын атынан Иерусалимден баштап+ бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн+ өкүнүшү керектиги жарыяланары+ жазылбады беле. 48 Силер ушуларга күбө болосуңар.+ 49 Мен силерге Атам убада кылганды жиберем. Жогорудан келе турган күчтү алганыңарга чейин шаарда болгула»,— деди.+

50 Андан кийин аларды Бетанияга чейин ээрчитип барды да, колун көтөрүп, батасын берди. 51 Батасын берип жатканда аларды калтырып, асманга көтөрүлө баштады.+ 52 Шакирттер ага таазим кылышты да, Иерусалимге кубанычы койнуна батпай кайтып келишти.+ 53 Алар дайыма ибадатканада Кудайды мактап-даңктап жүрүштү.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү