Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w22 июль 26—30-бб.
  • Жахаба кадамымды багыттап келет

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Жахаба кадамымды багыттап келет
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2022
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • КАРА ТҮТҮНДӨН КҮН ЧАЙЫТТАЙ АЧЫК ӨЛКӨГӨ
  • МАЛАВИДЕ КООГАЛАҢДУУ КҮНДӨРДӨ КЫЗМАТ КЫЛЫШЫБЫЗ
  • ЗИМБАБВЕДЕН МАЛАВИГЕ КАМ КӨРҮШҮБҮЗ
  • МАЛАВИГЕ КАЙТЫП БАРАШЫБЫЗ
  • ӨСТҮРГӨН ЖАХАБА
  • ЧЫГАРГАН ЧЕЧИМДЕРИМ ҮЧҮН ЭЧ ӨКҮНБӨЙМ
  • «Ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да» Кудайга кызмат кылып, бата алдым
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2015
  • Малавинин тарыхындагы өзгөчө доор: 1000 Падышалык залы курулду!
    Ойгонгула!—2012
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2022
w22 июль 26—30-бб.

ӨМҮР БАЯН

Жахаба кадамымды багыттап келет

АЙТЫП БЕРГЕН: КИТ ИТОН

Кит Итондун жаш кези.

ӨСПҮРҮМ курагымда кадамымды өзүм багыттачумун. Өзүмө жаккан жакшы жумушта иштечүмүн. Бирок Жахаба, мындайча айтканда: «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам» — деп айтып, мени башка жолго түшкөнгө чакырган (Заб. 32:8). Кадамымды өзүм эмес, Жахаба багыттагандыктан, анын батасына тунуп, эң бир кызыктуу, эң бир сонун күндөрдү өткөрүп келе жатам. Алардын 52 жылын Африкада кызмат кылып өткөрдүм.

КАРА ТҮТҮНДӨН КҮН ЧАЙЫТТАЙ АЧЫК ӨЛКӨГӨ

Мен 1935-жылы Англиянын Дарластон шаарында төрөлгөм. Ал шаар кара өлкө дегенди билдирген Блэк-Кантри аймагында жайгашкан. Ал аймактын ошентип аталганынын себеби — ал жакта көптөгөн завод-фабрикалар болгондуктан дайыма кара түтүн каптап турчу. Төрт жаштарымда ата-энем Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. Өспүрүм курагымда бул жолдун чындык экенине толук көзүм жетип, 1952-жылы 16 жашымда чөмүлгөм.

Ошол убактарда мотор менен жүргөн унаалардын майда тетиктерин жасаган бир компанияга үйрөнчүк болуп орноштум. Көп өтпөй эле ошол компаниянын катчысы болгонго үйрөтүлө баштадым. Ал жумуш өзүмө аябай жакчу.

Бир жолу райондук көзөмөлчү өзүм барып жүргөн Уилленхолл шаарындагы жыйналышта жыйналыштын китеп изилдөөсүн өткөрбөйсүңбү деп калды. Ошондо маанилүү чечим чыгарышым керек болду. Башында эмне кыларымды билбей жаттым. Анткени ал кезде эки жыйналышка катышчумун. Жумуш күндөрү үйүмөн 32 километрдей алыс жайгашкан Бромсгров шаарындагы жумушума жакын жыйналышка катышчумун. Ал эми дем алыш күндөрү ата-энемдин үйүнө барганда Уилленхолдогу жыйналышка катышчумун.

Жахабанын уюмун колдогум келгендиктен райондук көзөмөлчүнүн сунушун эп көрдүм. Бирок ан үчүн жакшы көргөн жумушумду ташташым керек болду. Ошондо Жахаба артты кылчая карап эч качан өкүнбөй турган жолго түшкөнгө жардам берген. Кадамымды Жахаба өзү багыттаганы үчүн аябай ыраазымын.

Бромсгровдогу жыйналышка барып жүргөндө Кудайдын ишин дайыма биринчи орунга койгон Анна деген бир жакшынакай кыз менен таанышып калган болчумун. Экөөбүз 1957-жылы баш коштук. Кол кармашып үзгүлтүксүз пионер, атайын пионер болдук, кыдыруучу кызматты аркаладык, Бейтелде кызмат кылдык. Анна өмүр бою бактыма бакыт кошуп келет.

1966-жылы Гилат мектебинин 42-классына чакырылганда төбөбүз көккө жете сүйүндүк. Мектепти бүткөндөн кийин Малавиге (Африка) дайындалдык. Ал жактын эли боорукер, меймандос келет экен. Бирок ошондо Малавиде көпкө чейин жашабай турганыбызды билген эмеспиз.

МАЛАВИДЕ КООГАЛАҢДУУ КҮНДӨРДӨ КЫЗМАТ КЫЛЫШЫБЫЗ

Малавиде кыдыруучу көзөмөлчү болуп жүргөндө айдаган Кайзер жип

Биз Малавиге 1967-жылы 1-февралда бардык. Бир ай бою баш көтөрбөй тил үйрөнгөндөн кийин облустук көзөмөлчү катары кызмат кыла баштадык. Биз Кайзер жип деген унаа менен жер-сууну кыдыра баштадык. Көптөр аны эч бир жолдон, атүгүл дарыялардан коркпогон даңкылдаган машине деп ойлошчу. Бирок ал байкуш тайыз сууларды да кечип өтө албайт экен. Жаан-чачын мезгилдерди кепелерге брезент жаап алып, суу өткөрбөгөн кийим кийип алып өткөрчүбүз. Мына, миссионердик кызматыбыз ушинтип башталган. Бирок биз ал кызматты аябай жакшы көрүп калганбыз.

Апрель айында Малавидеги Кудайдын элин кара булут каптай баштады. Бир жолу радиодон өлкөнүн президенти Хастингс Банданын сөзүн угуп калдым. Ал Жахабанын Күбөлөрү салык төлөбөйт, саясатка кийлигише берет деп айтып жатыптыр. Албетте, бул сөздөр калп болчу. Чынында, биз саясатка такыр кийлигишчү эмеспиз. Саясий партиялардын күбөлүктөрүн алгандан да баш тартчубуз. Мына, ошондуктан алар бизге тишин кайрап жаткан.

Сентябрда гезиттен президенттин ишенимдештерибизди «барган жеринде ызы-чуу сала берет» деп айыптаганын окуп калдык. Ал саясий кызматкерлер чогулган бир жыйында «өлкө Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынсын деген чечимди тез арада жүзөгө ашырышы керек» деп жарыялады. Ошол чечим 1967-жылы 20-октябрда күчүнө кирди. Көп өтпөй полиция кызматкерлери менен жер которуу кызматкерлери «филиал жабылсын жана өлкөдөгү миссионерлер чыгып кетсин» деген буйрук беришти.

Кармалып, Жек жана Линда Йохансон менен бирге Малавиден кетип жатканыбыз, 1967-ж.

Үч күн камагандан кийин бийликтегилер бизди Британиянын карамагындагы Маврикийге жөнөтүштү. Бирок Маврикийдин бийликтегилери да өлкөдө миссионер болуп кызмат кыла албай турганыбызды айтышты. Ошентип уюм бизди Родезияга (азыркы Зимбабвеге) дайындады. Ал жакка барарыбыз менен чек арадан заары бетине чыккан жер которуу кызматкери тосуп алып: «Силерди Малавиден, анан Маврикийден кууп чыгышты. Каякка барарыңарды билбей, биякка келдиңерби?» — деп бизди киргизбей жатты. Ошондо Анна ыйлай баштады. «Деги кайсы өлкө бизди киргизет?» — деп бушайман болдук. Так ошол маалда мага «Англияга эле кетип калсакпы?» деген ой кылт этти. Акыры, ошол кызматкерлер: «Келгениңерди эртең чоңдорго сөзсүз билдиресиңер»,— деп филиалда бир түн түнөгөнгө уруксат беришти. Жүрөгүбүз уйгу-туйгу болуп, ырп этерге дарманыбыз калбай калган. Бирок баарын Жахабанын колуна тапшырып койдук. Эртеси түштөн кийин бийликтегилер: «Зимбабведе кала бергиле»,— деп күтүлбөгөн жерден айтып калышты. Ошондо кандай сезимдер чулгаганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жахабанын кадамыбызды багыттап жатканы даана көрүнүп турду.

ЗИМБАБВЕДЕН МАЛАВИГЕ КАМ КӨРҮШҮБҮЗ

Кит жубайы Анна экөө кеңседе иштеп жатышат.

Анна менен Зимбабведеги Бейтелде, 1968-ж.

Зимбабведеги филиалда кызмат бөлүмүнө дайындалдым. Ал жактан Малави менен Мозамбиктеги кабар айтуу ишине жардам бере баштадым. Малавидеги ишенимдештерим катуу куугунтукталып жаткан болчу. Башка милдеттеримден тышкары, Малавидеги райондук көзөмөлчүлөр жөнөткөн каттарды которуп берчүмүн. Бир жолу түн бир оокумда кат которуп жатып ишенимдештеримди канчалык кыйнап жатышканын, алардын канчалык азап чегип жатканын окуп аябай ыйлагамa. Бирок ошол эле учурда алардын берилгендигине, күчтүү ишенимине жана туруктуулугуна аябай суктангам (2 Кор. 6:4, 5).

Биз Малавиде калган жана ал жактан зөөкүр адамдардан Мозамбикке качкан ишенимдештерибизди рухий тамак менен камсыз кылыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жаттык. Малавиде көпчүлүк сүйлөгөн чичева тилинин котормочулары Зимбабведеги бир ишенимдешибиздин чоң фермасына көчүрүлгөн. Ал боорукер бир тууганыбыз котормочуларга жашаганга үйлөрдү, иштегенге кеңселерди куруп берген. Ошентип, алар Ыйык Китепке негизделген адабияттарды үзбөй которуп жатышты.

Биз Малавидеги райондук көзөмөлчүлөрдү Зимбабведе жыл сайын өткөрүлгөн облустук жыйындарга атайын чакырып турдук. Ал жактан алар жыйындын баяндамаларынын пландарын алып, Малавиге барганда ишенимдештерине билгендерин колунан келишинче айтып беришчү. Атүгүл бир жылы алар Зимбабвеге келгенде ошол кайраттуу көзөмөлчүлөрдү кубатташ үчүн Падышалык кызмат мектебин уюштура алдык.

Зимбабведе чичева жана шона тилинде өткөрүлгөн жыйында чичева тилинде баяндама айтышым

1975-жылы февралда Мозамбиктеги качкындар лагеринде жашап жаткан малавилик ишенимдештеримдин ал-жайын билип келгени бардым. Алар Жахабанын уюму берген акыркы көрсөтмөлөргө бек карманып жатышыптыр. Алсак, жыйналыштарда аксакалдар кеңешин негиздешиптир. Жаңы аксакалдар көптөгөн рухий иштерди уюштурушуптур. Мисалы, жалпыга арналган баяндамаларды айтып, күндөлүк аятты, «Күзөт мунарасын» талкуулап, атүгүл чакан жыйындарды өткөрүп жатышыптыр. Лагерди жыйындагыдай кылып уюштуруп коюшуптур. Маселен, тазалоо, тамак бөлүштүрүү, коопсуздук бөлүмдөрүн негиздешиптир. Ошол ишенимдүү бир туугандарыбыз Жахабанын жардамы менен опол тоодой иштерди бүтүрүп жатышыптыр. Ушунун баарын көрүп кадимкидей дем-күч алдым.

1970-жылдардын аягында Малавидеги кабар айтуу ишине Замбиядагы филиал баш-көз боло баштады. Ошентсе да башка көп бир туугандардай эле, мен дагы Малавидеги бир туугандарым үчүн тынбай тиленип жаттым. Зимбабведеги филиалдын комитетинин мүчөсү катары мен бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын өкүлдөрү, ошондой эле Малавидеги, Түштүк Африкадагы жана Замбиядагы жооптуу бир туугандар менен бир нече жолу жолуктум. Биз чогулган сайын: «Малавидеги ишенимдештерибиз үчүн дагы эмне кылып берсек болот?» — деп ойлончубуз.

Убакыттын өтүшү менен куугунтуктун күчү кайтып, өлкөдөн качып кеткендер мекенине акырындап кайта башташты. Качпай өлкөдө калгандары болсо мыкаачы немелердин колунан запкы жебей калды. Малавиге коңшу өлкөлөр да ишибизди расмий түрдө каттап, чектөөлөрдү ала баштады. Мозамбик да 1991-жылы ишибизди каттады. Бирок: «Малавидеги боордошторубуз качан эркин кабар айта башташат?» — деп түпөйүлдөнүп жүрдүк.

МАЛАВИГЕ КАЙТЫП БАРАШЫБЫЗ

Малавидеги саясий жагдай бара-бара өзгөрүп, 1993-жылы өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнө салган тыюуну алып салды. Көп өтпөй эле бир миссионер менен сүйлөшүп калсам, ал: «Малавиге кайра барасыңарбы?» — деп сурады. Мен ошондо 59дун тамагын ичип жаткам. Ага: «Жок, барбайбыз го, мен карып калдым»,— дедим. Бирок ошол эле күнү Жетектөөчү Кеңештен: «Малавиге кайтып бара аласыңарбы?» — деген кат алдык.

Зимбабведеги кызматыбызды аябай жакшы көрчүбүз, ошон үчүн Малавиге кетиш кыйын болду. Биз терең тамыр жайып, эң сонун досторду тапканбыз. Жетектөөчү Кеңеш бизди түк да кыстабай, кааласаңар Зимбабведе эле кала берсеңер болот деп айткан. Биз өзүбүздүн кадамыбызды өзүбүз багыттап Зимбабведе эле кала берсек болмок. Бирок мен ошондо жашы өр тартып калса да Жахабанын айтканындай кылып майлуу-сүттүү жерин таштаган Ыбрайым менен Саара жөнүндө ойлондум (Башт. 12:1—5).

Ошентип, Жахабанын уюмунан келген көрсөтмөгө ылайык иш кылдык. Малавиге 1995-жылдын 1-февралында, биринчи жолу барганыбыздан так 28 жыл өткөндөн кийин, кайтып бардык. Ал жакка баргандан көп өтпөй филиалдын комитети түзүлдү. Комитетте менден башка дагы эки ишенимдешим бар болчу. Анан Малавиде кабар айтуу ишин кайрадан уюштурганга баш-отубуз менен кириштик.

ӨСТҮРГӨН ЖАХАБА

Жахабанын иши укмуштуудай күч ала баштады. Ошону өз көзүм менен көргөнүм кандай бакыт! Жарчылардын саны 1993-жылы 30000дей болсо, 1998-жылы 42000ден ашып кеттиb. Жарчылардын саны күн санап өсүп жаткандыктан, Жетектөөчү Кеңеш жаңы филиал курганга уруксат берди. Ошентип, Лилонгве шаарынан 12 гектарлык жер сатып алдык. Мен болсо курулуш комитетине дайындалдым.

Жаңы филиал курулуп бүткөндөн кийин, 2001-жылдын май айында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Гай Пирс арноо аземине арналган баяндама айтты. Ал аземге 2000ден ашуун жергиликтүү Жахабанын Күбөсү катышты. Алардын көбү кырк жылдан ашуун убакыт мурун чөмүлүшкөн болчу. Ишеними күчтүү ал бир туугандарыбыз тыюу салынган учурда киши чыдагыс азаптарга туш болушкан. Алар кедей болушса да, рухий жактан бай болушкан. Арноо аземинде алар жаңы Бейтелди кыдырып жүрүштү. Кайсы жерине барбасын, Африка тилинин ыргагына салып Падышалыктын ырларын заңкылдап ырдап жатышты. Бүт Бейтел шаңга, кубанычка бөлөнүп жатты. Мындайды эзели көргөн эмесмин. Бул эч нерсеге карабай, баарына чыдагандарга Жахаба батасын мол төгөрүн көрсөткөн мыкты далил болчу.

Филиал курулуп бүткөндөн кийин, мен Падышалык залдарын Жахабага арноо аземин өткөргөнгө дайындалдым. Уюмда ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын тез куруу программасы бар болчу. Малавидеги ишенимдештерибизге да Падышалык залдары курулуп бериле баштады. Мурун айрым жыйналыштар эвкалипт дарагынан жасалган кепелерде өткөрүлчү. Үстүн узун, жазы жалбырактар менен жаап, ылайдан жасалган узун отургучтарга отурушчу. Эми бир туугандарыбыз шымаланып алып кыш куюп, жаңы, кооз Падышалык залдарын куруп башташты. Бирок узун отургучтар кала берсин, канча киши болсо да батып кете берет деп айтышты.

Жахаба өз элине рухий жактан өскөнгө жардам берип жатканын да көрүп кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Жахаба көптөгөн жигиттерге да далай нерсени үйрөттү. Ал муну өзүнүн уюму аркылуу берген таалим-тарбиясы, жумуштун өзү аркылуу үйрөттү. Ал африкалык жигиттердин Жахабанын иши үчүн ичкен ашын жерге коюп, баарына даяр болуп жатканын көрүп аябай таасирлендим. Алар бара-бара Бейтелде да, жыйналыштарда да көптөгөн милдеттерди аркалай башташты. Ошондой эле жаңы райондук көзөмөлчүлөр дайындалып, жыйналыштар гүлдөп-өсө баштады. Ал көзөмөлчүлөрдүн көбү үйлөнгөн эле. Элдин, үйүндөгүлөрдүн катуу кысымына карабай, алардын балалуу болбой, Жахабага көбүрөөк кызмат кылгысы келерин көрүп да суктанбай койгон жокмун.

ЧЫГАРГАН ЧЕЧИМДЕРИМ ҮЧҮН ЭЧ ӨКҮНБӨЙМ

Анна менен Британиядагы Бейтелде

Африкада 52 жыл кызмат кылгандан кийин ден соолугум начарлай баштады. Ошондуктан Малавидеги филиалдын комитети Жетектөөчү Кеңешке бизди Британиянын филиалына дайындоону сунуштады. Жетектөөчү Кеңеш буга макул болду. Кетебиз дегенде аябай кыжалат болдук. Бирок белибизден кубат, билектен күч кеткен азыркы кезибизде Британиядагы Бейтел үй бүлөсү бизге аябай жакшы кам көрүп жатышат.

Кадамдарымды Жахабага багытташына жол бергеним жашоомдогу эң мыкты чечим болду. Эгер өз акылыма таянсам, жашоом таптакыр башкача болмок. Жахаба башынан эле «жолдорумду түздөшүм» керектигин жакшы билген (Нкл. 3:5, 6). Өспүрүм кезде чоң компания кандай иш жүргүзөрүн ичинен таанып-билген болчумун. Бирок Жахабанын бүткүл дүйнөнү кучагына алган уюмунда мага үч уктасам да түшүмө кирбеген сонун иштер тапшырылды. Бул дүйнөдө мен үчүн Жахабага кызмат кылгандан өтөр эч нерсе жок.

a Малавинин теократиялык тарыхы Жахабанын Күбөлөрүнүн 1999-жылкы «Жылдык китебинин» (ор.) 148—223-беттеринде жазылган.

b Малавиде азыр жарчылардын саны 100 000ден ашат.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү