Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w24 октябрь 12—17-бб.
  • Исанын асманга кетерде кылган иштеринен эмнени үйрөнө алабыз?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Исанын асманга кетерде кылган иштеринен эмнени үйрөнө алабыз?
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • БАШКАЛАРДЫ БЕКЕМДЕГИЛЕ
  • ЫЙЫК ЖАЗМАНЫН НЕГИЗИНДЕ ТАЛКУУ ЖҮРГҮЗГҮЛӨ
  • АГА-ИНИЛЕРГЕ «АДАМ ТҮРҮНДӨГҮ БЕЛЕК» БОЛГОНГО ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
  • Ынталуу кабар айткан Исадан үлгү алгыла
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
  • Бергендер бактылуу!
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
  • Жахабага таянарыбызды көрсөткөн чечимдер
    «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралы—2023
  • Ага-инилер, аксакал болгонго умтулуп жатасыңарбы?
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
w24 октябрь 12—17-бб.

41-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

Исанын асманга кетерде кылган иштеринен эмнени үйрөнө алабыз?

«Иса аларга кырк күн бою көрүнүп,.. Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берген» (ЭЛЧ. 1:3).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Иса тирилгенден кийин 40 күн ичинде эмнелерди кылган жана биз аны кантип туурай алабыз?

1, 2. Исанын эки шакирти Эмауска кетип баратканда кандай окуя болгон?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы, 16-нисан. Исанын шакирттери бир четинен өзөгү өрттөнүп, күйүт тартышса, бир четинен коркуп, үрөйү учууда. Эки шакирт Иерусалимден чыгып, 11 километрдей алыс жайгашкан Эмаусту көздөй бет алышат. Экөөнүн тең маанайы пас. Анткени Устаты Иса жаңы эле өлтүрүлгөн болчу. Алардын Машаякка арткан үмүтү таш капкандай эле болгон. Бирок көп өтпөй эле үмүтүн жандырган окуяга туш болушмак.

2 Жолдо алар менен бир киши катарлаш басып калат. Ичи арманга толгон шакирттер ага Устатынын эмне болгонун айтып берет. Жолоочу болсо алар менен талкуу жүргүзүп кирет. Анын айткандары эки шакирттин жүрөгүн көзөп өтөт. Ал «Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап» Машаяктын эмне себептен азап тартып, өлүшү керек болгонун түшүндүрүп берет. Анан үчөө Эмауска жеткенде, жолоочу өзүнүн тирилген Иса экенин айтат. Мырзасынын тирүү экенин билгенде шакирттер маңдайы жарыла сүйүнсө керек! (Лк. 24:13—35).

3, 4. Исанын шакирттери эмне кылганга бел байлап калган жана бул макаладан эмнеге токтолобуз? (Элчилер 1:3).

3 Иса жердеги жашоосунун акыркы 40 күнүндө шакирттерине көп жолу көрүнгөнa. (Окугула: Элчилер 1:3.) Ал ошол убакыт аралыганда көңүлү чөгүп, коркуп калган шакирттеринин ишенимин бекемдеген. Ошонун аркасында алар кайрадан кубанып, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кайраттуулук менен айтканга бел байлап калышкан.

4 Исанын жашоосундагы ушул укмуштуудай учурду изилдесек, көп пайда алабыз. Иса ошол убакыттын ичинде 1) шакирттеринин ишенимин бекемдеген; 2) аларга Ыйык Жазмада айтылгандарды тереңирээк түшүнгөнгө жардам берген жана 3) келечектеги жоопкерчиликтерди аркалаганга үйрөткөн. Бул макалада ушулар тууралуу сөз жүрөт. Аны кантип туурай аларыбызды да карайбыз.

БАШКАЛАРДЫ БЕКЕМДЕГИЛЕ

5. Иса шакирттерин эмне үчүн бекемдегиси келген?

5 Иса шакирттерин бекемдегиси келген. Эмне үчүн? Анткени айрымдар үй-жайын, туугандарын, жүргүзгөн ишин таштап, Исанын артынан ээрчишкен (Мт. 19:27). Башкаларын, анын шакирти болгону үчүн, элден бөлүп салышкан (Жкн. 9:22). Алар Исанын убадаланган Машаяк экенине бекем ишенгендиктен айрым нерселерден кечип, жаман мамилеге чыдаганга даяр болушкан (Мт. 16:16). Бирок душмандар Исаны устунга кадап салышканда, алардын ындыны сууп, андан ары эмне кыларын билбей калышкан.

6. Тирилери менен эле Иса эмне кылган?

6 Иса шакирттерин ишеними алсырап калган үчүн эмес, күйүтү күч болгондуктан жаман болуп жатышканын түшүнгөн. Ошондуктан тирилген күнү эле аларды кайраттандырганга аракет кылган. Мисалы, анын мүрзөсүнүн жанында ыйлап жаткан магдалалык Мариямга көрүнгөн (Жкн. 20:11, 16). Андан соң, ушул макаланын башында айтылгандай, эки шакиртине, андан кийин элчи Петирге көрүнгөн (Лк. 24:34). Исадан эмнени үйрөнө алабыз? Ан үчүн магдалалык Мариямга жолукканда эмне болгонуна токтололу.

7. Жакан 20:11—16-аяттарга ылайык, Иса Мариямды көрүп, эмне кылган? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Окугула: Жакан 20:11—16. 16-нисан күнү эртең менен эрте Исаны жолдогон бир нече аял анын мүрзөсүнө барган (Лк. 24:1, 10). Алардын бири магдалалык Мариямдын кандай окуяга туш болгонуна көңүл буралы. Ал мүрзөгө келип, анын бош экенин көргөн. Анан ошол замат Петир менен Жаканга чуркап жөнөгөн. Үчөө кайра шаша-буша мүрзөгө келген. Мырзасынын сөөгү чын эле жок экенин көрүп, Петир менен Жакан кайра үйүнө кайтышкан. Мариям болсо көз жашын көлдөтүп, ошол жерде тура берген. Ошондо Исанын аны карап турганы оюна да келбесе керек. Исанын болсо Мариямдын көз жашын көрүп, боору ооруп кеткен. Ошондуктан көңүлүн көтөрүш үчүн жөнөкөй эле нерсе кылган. Ага көрүнүп, маанилүү тапшырма берген. Тагыраак айтканда, өзүнүн тирилгенин шакирттерге жарыялоону тапшырган (Жкн. 20:17, 18).

 Иса бош калган мүрзөсүнүн жанында магдалалык Мариям менен сүйлөшүп жатат.

Исадай кыраакы болуп, көңүлү чөккөндөрдү соороткула (7-абзацты карагыла)


8. Исаны кантип туурасак болот?

8 Исаны кантип туурай алабыз? Ишенимдештерибизге Жахабага кызмат кыла бергенге түрткү берсек, Исаны туураган болобуз. Машаякка окшоп, алардын башынан эмнелерди өткөрүп жатканын байкап, сооротконго аракет кылышыбыз керек. Сиңдиси кырсыктан каза тапкан Жослиндин эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Бир нече ай бою өзөгүм өрттөнүп, аябай жаман болуп жүрдүм». Бир жубайлар аны үйүнө чакырып, кунт коюп угушкан жана аны Жахаба канчалык бааларына ынандырышкан. Андан ары Жослин мындай деп бөлүшөт: «Ошондо алай-дүлөй түшкөн деңиздин ортосунда калгандай эле болгом. Бирок Жахаба ошол жубайларды колдонуп, мени куткаруучу кайыкка отургузгандай эле болду. Алар Жахабага кызмат кылганга болгон каалоомду кайрадан жандандырышты». Биз да кыйналып жүргөн ишенимдештерибизди кунт коюп уксак, боорукер болсок, аларды күч-кайратка толтура алабыз. Жахабага талбай кызмат кыла бергенге да жардам бере алабыз (Рим. 12:15).

ЫЙЫК ЖАЗМАНЫН НЕГИЗИНДЕ ТАЛКУУ ЖҮРГҮЗГҮЛӨ

9. Исанын шакирттери эмне кылган жана ал аларга кантип жардам берген?

9 Исанын шакирттери Кудайдын Сөзүнө бекем ишенишкен жана анда жазылгандарды аткарганга колунан келишинче аракет кылышкан (Жкн. 17:6). Анан эле Иса кылмышкер катары жаза устунуна кадалганда, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калышкан. Иса шакиртеринин Жахабаны сүйөрүн жана ага бекем ишенерин жакшы билген. Болгону эле, алар Жазмада жазылгандарды жакшы түшүнө элек болчу (Лк. 9:44, 45; Жкн. 20:9). Ошол үчүн аларга окугандарынын маанисин түшүнгөнгө жардам берген. Анда Эмауска кетип бараткан эки шакиртине көрүнгөндө Исанын эмне кылганына токтололу.

10. Иса шакирттерин өзүнүн Машаяк экенине кантип ынандырган? (Лука 24:18—27).

10 Окугула: Лука 24:18—27. Эске алчу нерсе, Иса эки шакиртине өзүнүн ким экенин дароо эле айтып салган эмес. Анын ордуна суроолорду узаткан. Эмне үчүн? Сыягы, ал шакирттеринин оюнда жана жүрөгүндө эмне бар экенин айтып беришин каалаган. Шакирттер Исанын Ысрайылдын падышасы болуп, римдиктердин эзүүсүнөн куткарарын күтүп жүрүшкөнүн айтышкан. Алар жүрөгүндөгүсүн төккөндөн кийин, Иса Ыйык Жазманы колдонуп, пайгамбарлыктарды түшүндүрүп бергенb. Ошол эле күнү кечинде Иса ушулар тууралуу башка шакирттери менен да сүйлөшкөн (Лк. 24:33—48). Мындан эмнеге үйрөнө алабыз?

11, 12. a) Исанын Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүрүп бергенинен эмнени үйрөнө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.) б) Нортиге Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген ишенимдешибиз кантип көмөк кылган?

11 Исаны кантип туурай алабыз? Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда, анын көз карашын, жүрөгүндөгүсүн билиш үчүн сылыктык менен суроолорду берсек болот (Накыл 20:5). Анан оюн билгенден кийин ага жагдайына ылайык келе турган аяттарды кантип тапса болорун көрсөтүп берсеңер болот. «Тигинтип эле кой да» дегенден качкыла. Андан көрө Ыйык Китептеги принциптердин үстүнөн ой жүгүрткөндү жана аларды жашоосунда колдонгонду үйрөткүлө. Ганадагы Норти деген жигиттин окуясына токтололу.

12 Ал Ыйык Китепти 16 жашында изилдей баштаган. Көп өтпөй эле үйүндөгүлөрү каршы чыккан. Ага багынбаганга эмне жардам берген? Норти менен изилдеген ишенимдешибиз Матай 10-бөлүмдүн негизинде Исанын чыныгы жолдоочулары сөзсүз куугунтукталарын түшүндүрүп берген. Норти мындай дейт: «Үйдөгүлөр каршы боло баштаганда, чындыкты тапканыма ого бетер ынангам». Норти менен изилдеген бир тууганыбыз Матай 10:16ны да талкуулап, үйдөгүлөрү менен дин жөнүндө сүйлөшкөндө талашпашы жана урмат-сый менен мамиле кылышы керектигин айткан. Чөмүлгөндөн кийин Норти пионер болгусу келген, бирок атасы анын университетке тапшырышын каалаган. Норти менен изилдеген ишенимдешибиз ага эмне кылыш керектигин айткандын ордуна жүрөгүндөгү ойлорун суроо берип «сузуп» алган. Анан Ыйык Китептеги принциптердин негизинде туура чечим чыгарганга жардам берген. Мунун жыйынтыгы кандай болгон? Норти толук убакыттагы кызматты баштоону чечкен. Буга ачууланган атасы аны үйдөн кууп чыккан. Ошого карабай Норти: «Туура чечим чыгарганыма кымындай да шектенбейм»,— деп айткан. Эгер биз да башкаларга Ыйык Жазманын негизинде ой жүгүрткөнгө жардам берсек, аларга Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго көмөк кыла алабыз (Эф. 3:16—19).

Курама сүрөт: 1. Изилдөө учурунда ишенимдешибиз изилдеп жаткан киши менен Ыйык Жазманын негизинде ой-жүгүртүп, талкуулап жатат. 2. Изилдеп жаткан киши Рождестводо колдонулган буюм-тайымдарды таштандыга ыргытып жатат.

Исадан үлгү алып, башкаларга Ыйык Жазманын негизинде ой жүгүрткөнгө түрткү бергиле (11-абзацты карагыла)e


АГА-ИНИЛЕРГЕ «АДАМ ТҮРҮНДӨГҮ БЕЛЕК» БОЛГОНГО ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

13. Иса Атасы тапшырган иш токтобой, андан ары да улана бериши үчүн эмне кылган? (Эфестиктер 4:8).

13 Жерде жүргөндө Иса баарын Атасы айткандай кылган (Жкн. 17:4). Бирок ал: «Кайсы бир нерсени жакшы кылыш үчүн аны өзүң кылышың керек»,— деген эмес. Үч жарым жылга созулган кызматында ал башкаларга Атасы тапшырган ишти кантип аткарыш керектигин үйрөткөн. Анан асманга кетерде шакирттерине кабар айтуу, шакирт даярдоо ишин жетектөөнү жана Жахабанын сүйүктүү кызматчыларына кам көрүүнү тапшырган. Ошол кезде, сыягы, шакирттердин айрымдары 30га да чыга элек болчу. (Окугула: Эфестиктер 4:8.) Иса асманга кеткенге чейин берилген, ишенимдүү, күжүрмөн эмгектенген эркектерге «адам түрүндөгү белек» болгонго кантип жардам берген? (Эф. 4:8).

14. Асманга кетерде Иса шакирттерине рухий жактан өскөнгө кантип жардам берген? (Сүрөттү да карагыла.)

14 Иса шакирттерине жумшак, ошол эле учурда ачык кеңеш берген. Маселен, ал айрым шакирттеринин шектене берерин байкаган. Ошон үчүн аларды оңдоп-түзөгөн (Лк. 24:25—27; Жкн. 20:27). Ошондой эле айрымдарына жумушуна караганда Жахабанын элине кам көрүү маанилүүрөөк экенин айткан (Жкн. 21:15). Андан тышкары, кимге кандай сыймыктуу жоопкерчилик берилгенине өтө чоң маани бербеши керектигин эскерткен (Жкн. 21:20—22). Падышалыкка болгон түшүнүгүн тууралап, кабар айтуу ишине көңүл топтогонго да жардам берген (Элч. 1:6—8). Аксакалдар Исадан эмнеге үйрөнсө болот?

Иса деңиз жээгинде шакирттери менен сүйлөшүп жатат. Отто балык бышып жатат

Исаны туурап, ага-инилерге көбүрөөк жоопкерчиликтерди аркалаганды үйрөткүлө (14-абзацты карагыла)


15, 16. a) Аксакалдар Исаны кантип туурай алышат? Түшүндүргүлө. б) Аксакалдын кеңеши Патрикке кандайча жардам берген?

15 Аксакалдар Исаны кантип туурай алышат? Алар келечекте көбүрөөк жоопкерчиликтерди аркалай алышы үчүн башкаларды, анын ичинде жаштарды окутуп-үйрөтүшү керекc. Аксакалдар алардан жеткилеңдикти күтпөйт. Анткендин ордуна сүйүү менен кеп-кеңешин айтып, үйрөтөт. Ошонун аркасында жигиттер момун, ишенимдүү жана башкаларга жардам берүүгө дилгир боло алат (1 Тим. 3:1; 2 Тим. 2:2; 1 Пет. 5:5).

16 Патрик деген ишенимдешибиздин ага берилген кеңешке кулак кагып, кандай пайда алганына көңүл буралы. Өспүрүм кезинде анын башкаларга, атүгүл жыйналыштагы эже-карындаштарга катуу сүйлөп, орой мамиле кылып коймой жайы бар болчу. Муну байкаган бир аксакал ага жумшак, ошол эле учурда түз кеңеш берген. Патрик мындай деп бөлүшөт: «Ошол аксакалдын кеңешин колдонуп өзгөрө алдым. Мурда кимдир бирөөгө мен самап жүргөн сыймыктуу жоопкерчилик тапшырылып калса, жаман болчумун. Аксакал мага сыймыктуу жоопкерчиликти аркалаганга же кандайдыр бир абалды ээлегенге көңүл топтобой, момун, жумшак болушум керектигин түшүнгөнгө жардам берди». Ошентип, Патрик 23 жашында аксакал болуп дайындалган (Накыл 27:9).

17. Иса шакирттерине ишенерин кантип көрсөткөн?

17 Иса шакирттерине кабар айтуу эле эмес, окутуу ишин да тапшырган. Шакирттери бул ишти аткара албайбыз деп ойлогон болуш керек. Бирок Иса алардын аткара аларынан шектенген эмес болчу. Ошон үчүн: «Атам мени дүйнөгө жибергендей эле, мен да силерди дүйнөгө жиберип жатам»,— деп айтып, аларга ишенерин билдирген (Жкн. 20:21).

18. Аксакалдар Исаны кантип туурай алышат?

18 Аксакалдар Исаны кантип туурай алышат? Тажрыйбалуу аксакалдар жыйналыштагы ага-инилерге айрым иштерди тапшырат (Флп. 2:19—22). Алсак, жаш жигиттерди Падышалык залын жууп-тазалаганга, оңдоп-түзөгөнгө катыштырса болот. Аксакалдар кимдир бирөөгө кандайдыр бир иш тапшыргандан кийин аны кантип кылышы керектигин үйрөтүп, ал ишти жакшы аткарарына ишениши керек. Жаңы эле аксакал болуп дайындалган Мэтью аны жакшы үйрөтүп, ага толугу менен ишеним арткан тажрыйбалуу аксакалдарга абдан ыраазы экенин айткан. Ал мындай дейт: «Бир нерсени туура эмес кылып алганымда: „Эч нерсе эмес, баарыбыз эле ушинтип үйрөнгөнбүз. Эмкиде минтсең болот“,— деп түшүндүрүп беришчү. Алардан көп нерсеге үйрөндүм»d.

19. Эмне кылганга бел байлашыбыз керек?

19 Иса жердеги жашоосунун акыркы 40 күнүндө башкаларды бекемдеп, көп нерсеге окутуп-үйрөткөн. Келгиле, биз да андан үлгү алганга бел байлайлы (1 Пет. 2:21). Ал бизге ошенткенге жардам берет. Анын үстүнө, Иса: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп убада берген (Мт. 28:20).

ИСА ЖЕРДЕГИ ЖАШООСУНУН АКЫРКЫ 40 КҮНҮНДӨ. . .

  • башкаларды кантип бекемдеген?

  • Ыйык Жазманын негизинде ой жүгүрткөнгө кантип жардам берген?

  • эркектерди көбүрөөк жоопкерчиликтерди аркалаганга кантип үйрөткөн?

15-ЫР: Жахабанын Туңгучун тосуп алгыла!

a Инжилде жана Ыйык Китептин башка китептеринде Иса тирилгенден кийин башкаларга көп жолу көрүнгөнү жазылган. Алсак, магдалалык Мариямга (Жкн. 20:11—18), башка аялдарга (Мт. 28:8—10; Лк. 24:8—11), 2 шакиртине (Лк. 24:13—15), Петирге (Лк. 24:34), Томастан башка элчилерине (Жкн. 20:19—24), Томас менен чогуу турган элчилерине (Жкн. 20:26), 7 шакиртине (Жкн. 21:1, 2), 500дөн ашуун шакиртине (Мт. 28:16; 1 Кор. 15:6), иниси Жакыпка (1 Кор. 15:7), шакирттеринин баарына (Элч. 1:4), Бетаниянын жанынан элчилерине көрүнгөн (Лк. 24:50—52). Башка учурлары Ыйык Китепке жазылбай калышы мүмкүн (Жкн. 21:25).

b Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктардын тизмесин jw.org сайтындагы «Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктар Исанын Машаяк болгонун далилдейби?» деген макаладан карагыла.

c Айрым учурларда талаптарга жооп берген жигиттер 25тен 30 жашка чейин эле райондук көзөмөлчү болуп дайындалышы мүмкүн. Бирок адегенде алар аксакал катары такшалышы керек.

d Жаш жигиттерге жоопкерчиликтерди аркалоого кантип жардам берсе болоруна байланыштуу кошумча маалыматты бул журналдардан карагыла: «Күзөт мунарасы», 2018-ж., авг. 11, 12-б., 15—17-абз. жана «Күзөт мунарасы», 2015-ж., 15-апр., 3—13-б.

e СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибиз Ыйык Китептин негизинде талкуу жүргүзгөндөн кийин Ыйык Китепти изилдеген киши Рождестводо колдонулган буюм-тайымдарынан арылып жатат.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү