27-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
79-ЫР: Аларды бекем турууга үйрөт
Бекем болгонго жардам бергиле
«Ишенимиңерди бек сактагыла,.. бекем болгула» (КОР. 1-К. 16:13).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга ишенимин чыңдап, Жахабанын жолунда бекем турушу үчүн кайраттуу болгонго жардам берүү.
1, 2. а) Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын айрымдарына Жахабанын жолуна түшкөнгө эмне тоскоол болушу мүмкүн? б) Бул макалада эмнени карайбыз?
УЧУРУНДА силерге Жахабанын Күбөсү болгонго бир нерсе тоскоолдук кылдыбы эле? Балким, чогуу иштегендер, досторуңар же үйдөгүлөр силерге далысын салып калат деп корккондурсуңар, же Кудай талап кылгандай жашай албайм деп ойлогондурсуңар. Эгер ошондой болсо, анда Ыйык Китепти изилдеп, бирок олку-солку болуп жүргөндөй сезилгендерге чындык жолунда бекем болгонго түрткү бере аласыңар.
2 Иса адамдарга ушу сыяктуу нерселер тоскоол болушу мүмкүн экенин билген (Мт. 13:20—22). Бирок ушундан улам эки анжы болуп жүргөндөргө кол шилтеп койгон эмес. Кайра, 1) аларга эмне тоскоол болуп жатканын аныктаганга, 2) Жахабага болгон сүйүүсүн күчөткөнгө, 3) чындап маанилүү нерселерди биринчи орунга койгонго, 4) кыйынчылыктарын жеңгенге жардам берген. Анда «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебин изилдеп жаткандар чындык жолунда бекем тура алышы үчүн, аларга кантип Исадай болуп жардам бере алабыз?
ЭМНЕ ТОСКООЛ БОЛУП ЖАТКАНЫН АНЫКТАГАНГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
3. Никедимге Исанын шакирти болгонго эмне тоскоолдук кылса керек?
3 Жүйүттөрдүн Никедим аттуу көрүнүктүү башчысына Исанын жолдоочусу болгонго бир нерсе тоскоол кылган. Иса кызматын баштаганынан жарым жылдай убакыт өткөндөн кийин эле, ал Исанын Машаяк экенине ишенерин билдирген (Жкн. 3:1, 2). Бирок «жүйүттөрдөн корккондуктан» Исага жашыруун жолуккан (Жкн. 7:13; 12:42). Балким, ал Исанын шакирти болсом, көп нерседен кол жууп калам деп корккондурa.
4. Иса Никедимге Кудай андан эмнени күтөрүн түшүнгөнгө кантип жардам берген?
4 Никедим Кудайдын Мыйзамын жакшы билген, ошентсе да Жахаба андан эмнени күтөрүн түшүнгөн эмес. Иса ага кантип жардам берген? Ал аны менен атүгүл түнкүсүн жолугуп, убакыт бөлгөнгө даяр болгон. Ошондой эле ага анын жолдоочусу болушу үчүн эмне кылышы керектигин так-айкын айткан. Никедим күнөөлөрү үчүн өкүнүп, сууга чөмүлүп, Исанын Кудайдын Уулу экенине ишенерин көрсөтүшү керек болчу (Жкн. 3:5, 14—21).
5. Изилдеп жаткан адамга эмне тоскоолдук болуп жатканын түшүнгөнгө кантип жардам берсек болот?
5 Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши анда жазылгандарды шак эле илип алышы мүмкүн. Анткен менен ага ийгилик кылганга эмне тоскоолдук кылып жатканын түшүнбөшү мүмкүн. Ошон үчүн биздин жардамыбыз керек. Мүмкүн, буга жумушу же үйүндөгүлөрдүн каршы болгону себеп болуп жаткандыр. Ошондуктан ага атайын убакыт бөлгөнгө даяр болгула. Мисалы, чайга чакырсаңар же чогуу сейилдесеңер болот, ошондой жагдайларда ал ачылып, кыйынчылыктарын айтып бергенге жакшы шарт түзүлүшү мүмкүн. Ошондо ага эмнени башкача кылса болорун түшүнгөнгө жардам бергиле. Бирок ал муну силерди сүйүнтүш үчүн эмес, Жахабаны сүйгөндүктөн кылышы керектигин түшүнүшү керек.
6. Адамга кайраттуу болуп, Ыйык Китептен билгендеринин жашоосунда колдонгонго кантип жардам бере аласыңар? (Корунттуктарга 1-кат 16:13).
6 Изилдеп жаткан киши Жахаба ага анын талаптары боюнча жашаганга жардам берерине бекем ишенсе, билгендерин иш жүзүндө колдонгонго кайраты жетет. (Окугула: Корунттуктарга 1-кат 16:13.) Аны окутуп жаткан силерди мугалимге салыштырса болот. Окуучулук күндөрүңөрдү эстесеңер. Баарынан да кайсы сабактан берген мугалимди жакшы көрчү элеңер? Чыдамдуу болуп, өзүңөрдү жөндөмдүү сезгенге жардам берген мугалимди жакшы көрсөңөр керек. Ошо сыңары, Ыйык Китепти жакшы окуткан жарчы да окутуп жаткан кишисине Кудайдын талаптарын эле үйрөтүп койбой, Кудайдын жардамы менен жашоосун өзгөртө аларына да ынандырат. Мындан тышкары, ага дагы кантип жардам берсек болот?
ЖАХАБАГА БОЛГОН СҮЙҮҮСҮН КҮЧӨТКӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
7. Иса аны угуп жаткандардын Жахабага болгон сүйүүсүн кантип күчөткөн?
7 Иса шакирттерине билгендерин жашоосунда колдонгонго Кудайга болгон сүйүүсү түрткү берерин билген. Ал аларды окутканда асмандагы Атасына болгон сүйүүсүн күчөтө турган нерселерди көп айткан. Алсак, Жахабаны балдарына жакшы гана нерселерди берген атага салыштырган (Мт. 7:9—11). Исаны угуп жаткандардын арасында ата мээримин көрбөй чоңойгондуктан, ошону эңсеп келгендер болсо керек. Ошон үчүн Иса мисал келтирип, Жахабаны туура жолдон адашып, кийин кайра акылына келип, кайтып келген уулун кучак жайып тосуп алган боорукер атага салыштырганда, алардын кандай сезимде болгонун элестетип көрсөңөр. Алар Жахабанын жердеги балдарына канчалык ырайым кыларын түшүнүшкөн (Лк. 15:20—24).
8. Кимдир бирөөгө Жахабага болгон сүйүүсүн күчөткөнгө кантип жардам бере аласыңар?
8 Силер да кимдир бирөөнү окутуп жатканда Жахабанын сапаттарын баса белгилеп, адамдын ага болгон сүйүүсүн күчөтө аласыңар. Ошон үчүн ар бир изилдөө өткөргөн сайын ага жаңы билген нерселери Жахабанын бизди сүйөрүн кандайча далилдеп турарын түшүнгөнгө жардам бергиле. Кун жөнүндөгү теманы талкуулаганда бул ага кандайча тиешелүү экенин баса белгилегиле (Рим. 5:8; Жкн. 1-к. 4:10). Эгер ал Жахаба аны жекече сүйөрү жөнүндө ой жүгүртсө, ага болгон сүйүүсү өсөт (Гал. 2:20).
9. Майклга жашоосун өзгөрткөнгө эмне жардам берген?
9 Индонезиялык Майклды мисалга алалы. Ал Жахабанын жолунда тарбияланып чоңойгон, бирок чөмүлгөн эмес болчу. Он сегиз жашында ал чет өлкөгө кетип, жүк ташуучу унаа айдап иштеген. Анан өлкөсүнө кайтып келип, үйлөнгөн. Бирок убакыттын өтүшү менен үй-бүлөсүн таштап, кайра чет өлкөгө иштегени кеткен. Ошол арада аялы менен кызы Ыйык Китепти изилдей баштап, жакшы ийгиликтерди кылышкан. Кийинчерээк апасы каза болгондо, Майкл атасына кам көрүш үчүн үйүнө кайтып келген. Ошондо Ыйык Китепти изилдей баштаган. Анан «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин 27-бөлүмүн изилдеп жатышканда «Тереңирээк каз» деген бөлүктөгү ойлор ага аябай таасир эткен. Өз Уулунун азап чегип жатканын көргөндө Жахабанын кандай сезимде болушу мүмкүн болгону жөнүндө ой жүгүрткөндө Майкл көзүнө жаш алган. Анын адамзат үчүн төлөнгөн кунга болгон ыраазычылыгы өсүп отуруп, ал акырында жашоосун өзгөртүп, чөмүлгөн.
ЧЫНДАП МААНИЛҮҮ НЕРСЕЛЕРДИ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГОНГО ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
10. Иса алгачкы шакирттерине жашоодогу маанилүү нерселерди биринчи орунга койгонго кантип жардам берген? (Лука 5:5—11). (Сүрөттү да карагыла.)
10 Исанын алгачкы шакирттери анын Кудай убада кылган Машаяк экенин дароо эле түшүнгөн. Ошентсе да Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга коюшу керектигин түшүнгөн эмес. Мисалы, Петир менен Андрес Иса аларды анын артынан жүргөнгө чакырганга чейин эле анын шакирттери болчу (Мт. 4:18, 19). Алардын кирешелүү жакшы жумушу бар болчу (Мр. 1:16—20). Алар, сыягы, Жакып, Жакан менен чогуу балык уулашкан. Бирок торлорун таштап, Исанын артынан жөнөшкөн. Ошол эле учурда алар үй-бүлөсүнө кантип кам көрүштү да ойлонуштурушса керек. Мына ушундай чечим чыгарганга аларга эмне түрткү берген? Лука жазгандай, Иса аларга бир керемет көрсөткөн. Ошол кереметти көргөндө алар Жахабанын аларга кам көргөнгө кудурети жетерине ого бетер ынанышкан. (Окугула: Лука 5:5—11.)
Иса алгачкы шакирттерине чындап маанилүү нерселерди биринчи орунга койгонго кантип жардам берген? (10, 11-абзацты карагыла)b
11. Адамдын ишенимин бекемдеш үчүн эмнелерди айтып берсек болот?
11 Албетте, биз Исага окшоп керемет жасай албайбыз. Бирок Жахаба аны жашоосунда биринчи орунга койгондорду колдой турганын тастыктаган окуяларды айтып бере алабыз. Мисалы, жыйналышка жаңыдан бара баштаганда, Жахаба силерге кантип жардам бергени эсиңердеби? Балким, жумуштагы башчыңарга жыйналыш болгон күндөрү эмне үчүн эртерээк кетишиңер керектигин айтып түшүндүргөндүрсүңөр. Ушу сыяктуу баштан өткөн окуяларды айтып берип жатканда Жахабага сыйынууну биринчи орунга коём деп чечкениңерде, ал силерди кантип колдоп жатканын көргөнүңөрдү айтып бергиле жана бул ишенимиңерди кандайча бекемдегенин түшүндүргүлө.
12. а) Эмне үчүн изилдөөгө ар кандай жарчыларды чакырышыбыз керек? б) Жакшы окутуш үчүн видеолорду кантип колдонсоңор болот? Мисал келтиргиле.
12 Изилдеп жаткан кишиге башкалардын да окуясын укканы пайдалуу болот. Ошон үчүн аны менен изилдегенге башынан ар кандай окуяларды өткөргөн ар түрдүү бир туугандарды чакыргыла. Анан алардан чындык жолуна кантип түшкөнүн, Жахабага кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюш үчүн эмнелерди кылганын айтып беришин сурансаңар болот. Мындан тышкары, аны менен «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин «Тереңирээк каз» деген бөлүгүндөгү жана эгер мүмкүн болсо, «Көбүрөөк бил» деген бөлүгүндөгү видеолорду чогуу көрсөңөр болот. Мисалы, 37-бөлүмгө жеткенде «Жахаба бизге кам көрөт» деген видеодогу ойлорду баса белгилесеңер болот.
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫН ЖЕҢГЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
13. Иса шакирттерин куугунтукка кантип даярдаган?
13 Иса өзүнүн жолдоочуларына башкалардан, атүгүл өз туугандарынан кордук көрүшөрүн бир нече жолу айткан (Мт. 5:11; 10:22, 36). Жердеги кызматы соңуна чыгып баратканда, Иса алар ал тургай өлүм менен беттешиши мүмкүн экенин да айтып эскерткен (Мт. 24:9; Жкн. 15:20; 16:2). Ошондуктан аларды Кудайга кызмат кылып жатып сак болгонго үндөгөн. Мисалы, алар каршы чыккандар менен талашып-тартышпашы жана жакшы кабар айтуу ишин уланта алышы үчүн акыл-эстүү болушу керек эле.
14. Изилдеп жаткан кишиге куугунтукка даяр болгонго кантип жардам бере алабыз? (Тиметейге 2-кат 3:12).
14 Биз да изилдеп жаткан адамды куугунтукка даярдаш үчүн жумуштагылары, достору, туугандары эмне деп айтышы мүмкүн экенин түшүндүрсөк болот. (Окугула: Тиметейге 2-кат 3:12.) Мисалы, Ыйык Китеп боюнча жашаганга аракет кылып жатканы үчүн, жумушундагылар шылдыңдашы мүмкүн. Башкалар, атүгүл жакын туугандары да Ыйык Китепте жазылган нерселерди сындашы мүмкүн. Ушул сыяктуу нерселер жөнүндө адамга канчалык эртерээк айтсак, ал ошончолук жакшыраак даяр болот.
15. Үй-бүлөсү каршы болгондорго кантип жардам берсе болот?
15 Кимдир бирөөгө үй-бүлөсү каршы чыкканда, анын себеби жөнүндө ойлонгонго үндөгүлө. Алар аны адашып жатат деп ойлошу мүмкүн же Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө туура эмес ойдо болушу мүмкүн. Исаны да эң жакын адамдары туура түшүнгөн эмес (Мр. 3:21; Жкн. 7:5). Ошондуктан изилдеп жаткан кишиге чыдамкай болгонду жана башкалар менен, анын ичинде үйүндөгүлөрү менен да, жылуу-жумшак сүйлөшкөндү үйрөткүлө.
16. Адамга ишенген нерселери жөнүндө башкаларга кантип айтыш керектигин кантип үйрөтсөк болот?
16 Туугандары Ыйык Китепте жазылган нерселерге кызыккан күндө да, изилдеп жаткан кишинин аларга бүт баарын дароо айтып салбаганы оң. Болбосо өтө көп маалымат болуп кетип, экинчи сүйлөшкүсү келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан аны кийинки сүйлөшкөнгө сөз кала тургандай кылып, аз-аздан айтканга үндөгүлө (Кол. 4:6). Балким, ал туугандарына сайтыбызга кирип көрүүнү сунуштайттыр. Ошондо алар Жахабанын Күбөлөрү тууралуу каалаган учурда жана каалашынча маалымат ала алышат.
17. Изилдеп жаткан кишиге Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө туура эмес ойдо болгондор менен сүйлөшкөндү кантип үйрөтө аласыңар? (Сүрөттү да карагыла.)
17 Изилдеп жаткан киши туугандарынын же жумуштагыларынын суроолоруна жооп бере алышы үчүн, сайтыбыздагы «Көптөрдү кызыктырган суроолор» деген бөлүктөгү маалыматты да колдонсоңор болот (Тим. 2-к. 2:24, 25). Ал эми «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебин изилдегенде ар бир бөлүмдүн аягындагы «Айрымдар мындай дейт» деген бөлүкчөдөгү маалыматка токтолгула. Суроого өз сөзү менен жооп бергенге үндөгүлө. Эгер зарыл болсо, канткенде башкаларга жакшыраак түшүндүрүп бере аларын айткыла. Ошентсеңер, ал ишенген нерселерин ишенимдүү түрдө жактап-коргой алат.
Ишенген нерселери жөнүндө башкаларга айта алышы үчүн, Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишини алдын ала көнүккөнгө үндөгүлө (17-абзацты карагыла)c
18. Адамга ишенген нерселери жөнүндө башкаларга айта баштаганга кантип түрткү бере алабыз? (Матай 10:27).
18 Иса шакирттерине жакшы кабарды элге жарыялашы керектигин айткан. (Окугула: Матай 10:27.) Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши ишенген нерселери жөнүндө башкаларга канчалык эртерээк айта баштаса, ошончолук эртерээк Жахабага таянганды үйрөнөт. Анда ага кантип түрткү бере алабыз? Мисалы, кайсы бир өнөктүк болору кулактандырылса, канткенде жарчы болгонго жарактуу болорун ойлонуп көрүүнү сунуштагыла. Өнөктүк учурунда эмне үчүн кабар айтуу көптөргө оңоюраак болорун да түшүндүргүлө. Иш күндөрүндөгү жыйналыштан тапшырма аткарса, ал да бир топ жардам болот. Эгер ошондой максат койсо, ишенген нерселери жөнүндө адамды ынандыра ала тургандай кылып айтканды үйрөнөт.
АГА ИШЕНЕРИҢЕРДИ КӨРСӨТКҮЛӨ
19. Иса шакирттерине ишенерин кантип көрсөткөн жана андан кандай үлгү алсак болот?
19 Иса тирилип, асманга кетерде шакирттерине алар аны менен чогуу болорун айткан. Ошондо шакирттери Иса алардын асманга барары жөнүндө айтып жатканын түшүнүшкөн эмес. Ошентсе да Иса алардын түшүнбөгөнүнө эмес, берилгендигине көңүл топтогон (Жкн. 14:1—5, 8). Ал алардын айрым нерселерди, мисалы, алар асманда жашай турганын түшүнгөнгө убакыт керектигин билген (Жкн. 16:12). Биз да изилдеп жаткан адамдын Жахабага жаккысы келип жатканына ишенишибиз керек.
Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши ишенген нерселери жөнүндө башкаларга канчалык эртерээк айта баштаса, ошончолук эртерээк Жахабага таянганды үйрөнөт
20. Малавидеги бир тууганыбыз жаңыдан изилдеп жаткан кишиге ишенерин кантип көрсөткөн?
20 Кишинин туура иш кылгысы келеринен эч качан үмүтүбүздү үзбөйлү. Малавиде жашаган Чифунда деген бир тууганыбызды мисалга алалы. Ал католик динин туткан Аленафе деген бир кыз менен «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебин изилдей баштаган. Анан 14-бөлүмдү бүтүшкөндө, Чифунда андан сөлөкөттөргө сыйынуу жөнүндө оюн сураган. Аленафе: «Бул — ар кимдин өз иши!» — деп кесе жооп берген. Муну укканда Чифунда аны изилдегенин токтотот окшойт деп ойлогон. Ошентсе да акыры түшүнөт болуш керек деген үмүттө аны менен андан ары изилдей берген. Бир нече айдан кийин 34-бөлүмгө жетишкенде, ал ага китептеги: «Ушул күнгө чейин Ыйык Китепти изилдеп келгениңдин жана чыныгы Кудайды таанып-билгениңдин аркасында кандай пайда алдың?» — деген суроону берген. Ошондо Аленафе көп жакшы ойлорду айткан, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке дал келбеген нерселерди эч качан кылбай турганын да айткан. Анан көп өтпөй эле сөлөкөттөргө сыйынганын токтотуп, чөмүлгөн.
21. Чындык жолунда бекем тургусу келген адамдын каалоосун кантип өстүрө алабыз?
21 Чындыктын үрөнүн адамда өстүргөн Жахаба болсо да, бул иште биздин да салымыбыз бар (Кор. 1-к. 3:7). Биз адамга Кудайдын талаптарын окутуп-үйрөтүп эле койбойбуз. Ага болгон сүйүүсүн өстүргөнгө да жардам беребиз. Ошондой эле чындап маанилүү нерселерди биринчи орунга коюп, Жахабаны сүйөрүн көрсөткөнгө үндөйбүз. Ал эми кыйынчылыктарга туш болгондо, Жахабага таянганды үйрөтөбүз. Андан тышкары, ага ишенерибизди көрсөтүп, Жахабанын талаптары боюнча жашай аларына жана чындык жолунда бекем тура аларына ынандырабыз.
55-ЫР: Алардан коркпогула!
a Иса менен сүйлөшкөнүнөн эки жарым жыл өткөндө Никедим дагы деле жүйүттөрдүн Жогорку сотунун мүчөсү болчу (Жкн. 7:45—52). Бир эмгекке ылайык, элдин айтымында, ал Иса өлгөндөн кийин гана анын шакирти болгон (Жкн. 19:38—40).
b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Петир жана башка балыкчылар Исанын жолдоочусу болуш үчүн балык уулаганын таштап, анын артынан кетип баратышат.
c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Бир тууганыбыз аны менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан кызга ишенген нерселери жөнүндө башкаларга кантип айтса болорун үйрөтүп жатат.