Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • my 32-бөл.
  • Он жаза

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Он жаза
  • Ыйык китептик аңгемелер
  • Окшош материалдар
  • Алгачкы үч жаза
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Онунчу жаза
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Кийинки алты жаза
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Муса менен Арун фараонго келишет
    Ыйык китептик аңгемелер
Дагы башкасы
Ыйык китептик аңгемелер
my 32-бөл.
Биринчи жаза: Нил дарыясынын канга айланып калышы

32–БӨЛҮМ

Он жаза

СҮРӨТТӨРДҮ карачы! Ар биринде Жахабанын Мисирге жиберген жазасы көрсөтүлгөн. Биринчи сүрөттө Арун таягы менен Нил дарыясынын суусун чаап жатат. Ал чапканда, суу канга айланат. Балыктын баары кырылып, дарыя жаман жыттана баштайт.

Экинчи жаза учурунда чыккан бакаларды фараондун аялдары төшөгүнөн кубалап жатат

Андан кийин Жахаба Нил дарыясынан курбакаларды чыгарат. Алар жердин баарына жайнап, мештин ичине, казан-аякка, төшөккө чейин кирип кетишет. Курбакалар өлгөндөн кийин, мисирликтер аларды чогултуп, үйүп салганда, ал жердин баары сасып кетет.

Анан Арун таягы менен топуракты чабат. Андан чыккан чаң чиркейлерге айланат. Чиркейлер — булар учуучу жана чагуучу майда жандыктар. Алар Мисирге жиберилген үчүнчү жаза болчу.

Үчүнчү жаза учурунда чыккан чиркейлер бир аялды талап жатат

Мындан кийинки жазалар мисирликтерге гана зыян алып келген. Төртүнчү жаза мисирликтердин үйлөрүнө толгон көгөөн деп аталган чоң чымындар болот. Бешинчи жаза малга жиберилет. Мисирдеги уй, кой, эчки аттуунун баары кырылып калат.

Андан кийин Муса менен Арун күлдү кочуштап алып, абага сапырганда, адамдарга жана малга ириңдеген жаралар чыгат. Бул — алтынчы жаза.

Бул жазадан кийин Муса колун асманга көтөргөндө, Жахаба күн күркүрөтүп, катуу мөндүр жаадырат. Мындай алаамат Мисирде эч качан болгон эмес.

Мисирликтер төртүнчү жаза учурунда чыккан көөгөндөн качып жатышат
Бешинчи жаза учурунда Мисирдеги мал кырылып жатат

Сегизинчи жазада Мисир жерин сан жетпеген чегиртке басат. Мисирликтер өмүрүндө мындай түмөндөгөн чегирткелерди көргөн эмес эле. Чегирткелер мөндүрдөн калгандын баарын жеп кетет.

Тогузунчу жаза караңгылык болот. Мисир жерин үч күн бою көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап турат, бирок ысрайылдыктар жашаган жерде караңгы болгон эмес.

Акырында Кудай өз элине улактын же козунун канын эшиктеринин кашектерине чачыратууну буйрат. Анан Кудайдын периштеси бүт Мисирди кыдырып чыгат. Ал эшигинин кашегине кан чачыратылган үйдөгүлөрдүн эч кимисине тийбейт. Ал эми эшигинин кашегинде кан жок үйдү көргөндө анда жашаган адамдардын тунун жана малдын төлүн өлтүрөт. Бул онунчу жаза болгон.

Ушул акыркы жазадан кийин фараон ысрайылдыктарды кеткиле дейт. Кудайдын эли кетүүгө даяр болгондуктан, ошол эле түнү Мисирден чыгып кетет.

Чыгуу 7—12-бөлүмдөр.

Изилдөө үчүн суроолор

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү