Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • lfb 19-сабак 50-б.—51-б. 2-абз.
  • Алгачкы үч жаза

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Алгачкы үч жаза
  • Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Окшош материалдар
  • Муса менен Арун фараонго келишет
    Ыйык китептик аңгемелер
  • Кийинки алты жаза
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Муса Жахабага сыйынууну тандайт
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Он жаза
    Ыйык китептик аңгемелер
Дагы башкасы
Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
lfb 19-сабак 50-б.—51-б. 2-абз.
Муса менен Арун фараондун алдында турушат

19-САБАК

Алгачкы үч жаза

Кул болуп калган ысрайылдыктар аябай оор жумуштарды кылышкан. Жахаба Муса менен Арунду фараонго жөнөтүп: «Элим чөлдө мага сыйынышы үчүн, аларды коё бер»,— деп айттырган. Фараон текеберденип: «Мен Жахабаңарды укпайм, ысрайылдыктарды да коё бербейм!» — деп жооп берген. Анан ысрайылдыктарды мурункудан да көп иштете баштаган. Ошондо Жахаба аны жазалайын деп чечкен. Кантип жазалаганын билесиңби? Ал Мисир жерине он жаза жиберген. Жахаба Мусага: «Фараондун мени уккусу жок. Эртең менен ал Нил дарыясына барат. Сен да бар. Ага элимди коё бербей жатканы үчүн Нил дарыясындагы суу канга айланарын айт»,— деген. Муса Жахаба айткандай кылып фараонго барган. Анан Арун фараондун көзүнчө таягы менен Нил дарыясын чапкан. Ошондо суунун баары канга айланып калган. Дарыя сасып, балыктар кырылып, андан эч ким суу иче албай калган. Ошондо да фараон ысрайыл элин коё бербей койгон.

Жети күндөн кийин Жахаба Мусаны фараонго дагы жиберип: «Элимди коё бербесең, Мисирге бака каптатам»,— деп айттырган. Бирок фараон укпай койгон. Ошондо Арун таягын сунганда, бакалар чыгып, бүт жерди каптай баштаган. Үйлөрдө, уктаган жерлерде, идиштерде бакалар жайнап кеткен. Жердин баары эле бака болуп калган. Бир нече убактан кийин фараон Мусага: «Бакаларды жок кылсын деп Жахабадан сурангылачы»,— деп жалдыраган. Ал ысрайылдыктарды коё берем деп убада бергендиктен, Жахаба жазасын токтоткон. Мисирликтер болсо өлгөн бакаларды чогултуп, үйүп-үйүп коюшкан. Алар сасып, бүт жакка жыттана баштаган. Бирок фараон кайрадан өжөрлөнүп, убадасын аткарбай койгон.

Ошондон кийин Жахаба Мусага: «Арун таягы менен жерди чапсын, ошондо жердеги топурак кара чиркейлерге айланып, баарын талай баштайт»,— деп айткан. Анан заматта кара чиркейлер жайнап кеткен. Ошондо фараондун кишилеринин айрымдары ага: «Бул — Кудайдын каргышы!» — деген. Бирок фараон аларды уккан эмес.

Мисирге жиберилген он жазанын үчөө: Нил дарыясынын канга айланышы, бакалар, кара чиркейлер

«Ошол убакта күчүмдү, кудуретимди көрсөтөм, алар менин ысмым Жахаба экенин билишет» (Жеремия 16:21)

Суроолор: Жахаба алгач кандай үч жаза жиберген? Жахаба ал жазаларды эмне үчүн жиберген?

Чыгуу 5:1—18; 7:8—8:19; Некемия 9:9, 10

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү